Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу талкуусу кыргыз аскериндеги акыбалга арналды.

Талкууга Кыргызстандын Коргоо министрлигинин тарбия башчысынын орун басары Бакыт Жапаров, көз карандысыз эксперт, “Сереп” изилдөө институтунун директору Эсенкул Момункулов катышты.

“Азаттык”: Былтыр Ошто окуя чыкканда чет өлкөлүк көп журналисттер, анын ичинде эксперттер, жөн эле Кыргызстанды билген адамдар да “Кыргызстанда армия барбы, жокпу, эмне үчүн ушундай акыбалга жетип атат, ушунча күн болду ушуну басалбай атасыңар” деп сурашты. Кыргыз мамлекетинде аскер маселесине байланыштуу, жалпы эле коргоо иштерине байланыштуу кандайдыр бир саясат барбы? Эгер болсо, ошого сиздер азыркы күндө кандай баа бересиздер?

Бакыт Жапаров: Азыркы күндө аскерий багыттагы болуп аткан документтердин эң негизгиси бул – Кыргыз Республикасынын коргонуу жөнүндөгү мыйзамы. Ошол мыйзамдын негизинде аскердик курамдар түзүлгөн. Кыргызстандагы аскер курамдары өзүнүн ишин ошол мыйзамдын негизинде жүргүзөт.

“Азаттык”: Аскерий киши катары сизди жалпы саясат канааттандырабы?

Бакыт Жапаров: Ош коогалаңынан кийин кыргыз журтунун аскер адамдарына карата мамилеси өзгөрө баштады. Кыргыз өкмөтүнүн да саясаты азыр туура багытта жүрө баштады. Азыр аскерге, күжүрмөн даярдыкка көп көңүл бурулуп, күжүрмөн даярдыкты камсыздоого бардык багыттар түзүлүп жатат.

“Азаттык”: Эсенкул мырза, азыр Кыргызстанда заманбап армия деп айта турган аскер барбы?

Эсенкул Момункулов: Бизде заманбап армия бар деп айта албайбыз. Бизде дагы эле срочниктер бар, ошондой эле мурдагы министр Исмаил Исаковдун учурунда контрактникттер да ишке кирген. Бирок бул профессионалдуу армия эмес. Каражат аз бөлүнгөн, ошондой эле жаңы жабдыктарга муктаж. 21-кылымдагы коркунучтарга жооп бере тургандай армиябыз жок. Мисалы, эл аралык терроризмге, же биологиялык, же химиялык куралдарга каршы, же кибер коркунучтарга каршы келе турган армиябыз жок. Биз эски доктриналар, эски ой менен эле келе жатабыз.

“Азаттык”: Келерки жылдын бюджети талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды деп атышат. Бюджетте жалпы коргоо тармагына, армияга канча акча каралган?

Бакыт Жапаров: Мен бул суроого жооп бере албайм. Бул маселе боюнча каржы башкармалыгы иштейт.
Эгер аскер кызматкери накта профессионал офицер болуп, болгон дүйнөсүн элине кызмат кылуу деп ойлоно турган болсо, үйдөгү проблемалар анын оюна келбеш керек.


Эсенкул Момункулов: Мен кошумчалай кетсем, республикалык бюджеттин Коргоо министрлигине 1,8 % бөлүнүп келген. Бирок акыркысын айта албайм.

Бакыт Жапаров: Азыркы күндө 70-80% контрактчылар менен толукталып жатат.

“Азаттык”: Контрактчылар канча акча алат, эгер жашыруун болбосо?

Бакыт Жапаров: Контракттын айлыктары 10-12 миңдин тегерегинде.

“Азаттык”: Эсенкул мырза, сиздин көз карашыңызда жалпы армиядагы жагдай кандай?



“Азаттык”: Мен башында “бул армияга карата мамлекеттин, өкмөттүн позициясы, көз карашы кандай” деп сурап атпаймбы. Себеби Аскар Акаев президент болуп турганда бир жолу Жапонияга барып келип, бизге армия кереги жок экен деп, ушундай маанай тарап кеткен. Ошондон кийин армияга көңүл бурулбай калды десек болот. Ошол эле кезде коңшулаш өлкөлөр, айталы Өзбекстан, Казакстан биринчи кезекте армиясын бекемдөөгө өттү. Ушуга байланыштуу окуу жайлар бар деп айтып кеттиңер, анык офицерлерди даярдоо боюнча Кыргызстанда кандай иштер бар? Азыркы кезде ошол офицерлердин арасында канчасы өзүбүздөн даярдалган, канчасы мурдагы Советтер Союзунун учурунан калган?

Бакыт Жапаров:
Кадр саясаты боюнча айтсак, Кыргыз улуттук аскердик лицейи бар, 9-класстын базасында үч жыл окутуп даярдаган, андан тышкары жогорку Бишкек аскер институту жогорку билим берип чыгарат.

“Азаттык”: Канча бүтүрүүчүлөр бүттү?

Бакыт Жапаров: Жылына 100-120дай бүтүрүүчү чыгып турат.

“Азаттык”: Ошол кадрлардын сапаты кандай?

Бакыт Жапаров: Чындыгын айтыш керек, азыркы күндө канааттандырбайт. Себеби окутуу материалдык базасы жакшы өнүгө элек. Анын үстүнө азыр Коргоо министрлиги иштеп жатат, болгону бир аскер институтубуз болгондуктан анын материалдык окуу базаларын чыңдоонун үстүндө. Ар бир окуу жайында профессорлор, илимий жактан иштерди жазган мугалимдер болуш керек. Ошолордун саны аз.

“Азаттык”: Менин көз карашымда кыргыз аскерине кесипкөй офицерлерди даярдоо чоң маселе болуш керек. Бизде мыкты офицерлерди окута турган, дегеле аскер өнөрүнүн сырларын үйрөтө турган адамдар жок болсо, анда башка мамлекеттерден жалдап алып келсе кандай?





Эсенкул Момункулов: Коргоо министрлигин кантип күчтөндүрүшүбүз керек? Биздин чек ара кызматын азыр Улуттук коопсуздук кызматына берилгенин туура эмес деп ойлойм. Биздин эң чоң коркунучубуз кайдан чыгып атат? Чек аралардан. Чек араны коргош үчүн Коргоо министрлигинин алдына берип, чек ара кызматын күчтөндүрсөк болот.

Бул жерде учактар менен, мисалы жаныбыздагы кошуналар менен эч качан согушпайбыз, алар менен стратегиялык достук келишимдер бар. Орусия, же Кытай менен согушалбайбыз. Баары менен жакшы мамиледе болгондон кийин биз эл аралык терроризмге каршы күрөшкөнүбүз үчүн бул жерде чек ара кызматынын ролу өтө чоң. Бул жерде наркотрафик болобу, терроризм болобу, басымды чек ара кызматына койсок жакшы болот эле.

“Азаттык”: Орусия жөнүндө айтып калдыңар. Орусия өздөрүнүн офицерлерине, аскерде кызмат кылган адамдарга өтө мыкты кам көрө баштады, миллиарддаган акчаларды ажыратып, эң жаңы үлгүдөгү курал-жарак түзүүгө буйрук беришти, программа иштеп чыкты. Ал жагын айтпай эле коелу, кыргыз офицерлерине, кыргыз аскерий кишилерине кандай кам көрүлүп жатат? Маселен, ошол эле Орусияда офицерлерин текши үй менен камсыз кылыш керек деп Медведев кайра-кайра чакырып, отчетторун угуп, шаштырып атат. Негизинен ушул маселе чечилип калды деп айтып атышат. Биздин Кыргызстанда кандай? Бакыт мырза, сиздин акыбалыңыз кандай, өзүңүзгө жетиштүү заманбап жакшы үйдө жашайсызбы?

Бакыт Жапаров: Аскерлердин социалдык абалы жакшы деп айтканга болбойт. Чындыгында көйгөйлүү суроолор көп. Эгер аскер кызматкери накта профессионал офицер болуп, болгон дүйнөсүн элине кызмат кылуу деп ойлоно турган болсо, үйдөгү проблемалар анын оюна келбеш керек. Ал ниетинин бардыгын кызматка жумшаш керек, мен электр жарыгына, баламдын окуусуна контракт төлөй албай калдым, батир табыш керек эле деген суроолор болбош керек. Ал эртең менен тургандан жатканга чейин жалаң гана кызмат үстүндө болуш керек. Ушундай көйгөйлүү проблемалар бар.

“Азаттык”: Азыр баары айтып атышат, криминал бардык жакка кирип кетти, бийликтин жогорку тепкичтерине, эшалондоруна чейин жетти деп. Ошол криминал армияга да кирип кеткен сыяктанат. Маселен, кээ бири курал-жарак сатып, ошол эле аскерий базалардан уурдап сатып башка жакка чыгарып ийген, кечээ жакында ушундай окуялар болду. Чын эле армияда криминал барбы?

Эсенкул Момункулов: Бул жерде криминалдашып кетти деп катуу айтуудан мен алысмын. Ар бир адам өзүнчө изилденбеген дүйнө. Анын ар кандай көйгөйлөрү бар, социалдык, балким моралдык. Ар бир адамдын артынан көрө албайсың. Балким билбестиктен кылды, же билип туруп, материалдык абалын оңдоп алайын деп кылдыбы. Анын баары изилдөө иштери бүткөндөн кийин билинет.

“Азаттык”: Барып келип эле офицерлердин, армияда кызмат кылгандардын социалдык абалына байланыштуу болуп атат. Бирок үйү жок болсо, бала-бакырасын багууга айлыгы жетпесе, анан жөндөн жөн эле “курал-жаракка азыр кардарлар көп, мынчага сатып жиберсем” деп ойлонот.



“Азаттык”: Армияны ички иштерге да, өзгөчө саясий иштерге да кошуп жиберген учурлар болду. Кайсы президент келер замат ал кол башчы болуп эсептелет. Качан башына күн түшкөндө армияга кайрылат. Жөн жайчылык мезгилдерде биздин бийлик башчылары ушул жакка көңүл бурбайт экен. Сиздин көз караштар боюнча, атайын Орусияда, коңшулаш өлкөлөрдө, Казакстанда Нурсултан Назарбаев жакында эле милдет койбодубу, мынча жылга чейин армия мындай болуш керек деп. Ушундай программа керек деп ойлойсуздарбы, же кереги жокпу? Ушул боюнча эле кыргыз армиясы калыптанып, өсүп, өнүгүп кетеби?
Эл аралык терроризмге, же биологиялык, же химиялык куралдарга каршы, же кибер коркунучтарга каршы келе турган армиябыз жок.


Бакыт Жапаров: “Тынчтыкта жашагың келсе согушка даярдан” деген жакшы сөз бар. Биздики чынын айтканда, тынчтык маалда армия унутулуп калат да, тополоң, же коогалаң чыгып кетсе армияны эстей баштайт. Анын жыйынтыгында эле кайра армияны күнөөлөп, тапшырманы аткара албай калды деп армияны четтете беришет. Бул жерде бул көйгөйлүү суроолордун бардыгы комплекстүү каралыш керек. Өкмөттөн ылдый көздөй камсыздалып, көзөмөлдөнүп туруш керек. Муну Коргоо министрлиги өзү демилге көтөргөндө чечилбейт.

“Азаттык”: Эсенкул мырза, программа, доктрина деп көп айтышат. Ушул Кыргызстанга керекпи? Керек болсо ал кандай болуш керек?

Эсенкул Момункулов: Доктрина болуш керек, 20 жылга, 10 жылга, 5 жылга деген өзүбүзгө максаттарды коюп алсак, биз 20 жылдан кийин мындай армия болобуз деп. Ошого жараша иш алып барыш керек, же болбосо бул жагынан, тиги жагынан чампалаган болбойт. Азыр комплекстүү программа керек.

“Азаттык”: Азыр ушундай программа барбы?

Эсенкул Момункулов: Мен так билбейт экем. Бирок жок деп ойлойм.

Бакыт Жапаров:
Азыркы күндө 2015-жылга чейин куралдуу күчтөрдү беш жыл ичинде кандай багытта өнүктүрүү боюнча куралдуу күчтөрдүн өнүгүү концепциясы иштелип жатат.

Эсенкул Момункулов: Бирок концепция 21-кылымда шарттар өтө тез өзгөрүлүп кетип атат. Ушуга ылайыкташтырылган ыкчам нерселер болуш керек.

Бакыт Жапаров: Концепция бул принциптүү документ эмес да, бул стратегиялык документ болгондон кийин концепцияда эң негизги гана багыттар берилген. Калган ошол концепциянын негизинде чыгарылган документтин бардыгы мезгилдин талабына ылайыкташтырылат.

“Азаттык”: Доктринада белгиленген багыттар жөнүндө жазылып коюлбайт. Аларды каржылоо маселеси мамлекет күн сайын көңүл бура турган маселе болуш керек. Ошону доктрина дейт. Анан кагазга жазып алып, бизде мындай доктрина бар деген болбойт.

Бакыт Жапаров: Көбүнчө биздин жазылган доктрина болобу, концепция болобу кагаз жүзүндө эле калып кетип атат.

“Азаттык”: Биздин студияга келип азыноолак ой-пикир бөлүшкөнүңүздөр үчүн чоң рахмат. Жалпы мекен коргоочуларды дагы бир жолу майрамы менен куттуктап кетели. Баарынан мурда биздин армияда аскердик кызмат өтөп жаткандарга бекем ден соолук, өкмөт жактан жакшы социалдык камкордук көрүлсүн деп тилейли.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG