Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Парламент июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын тыянагын угуп, комиссия төрагасына бир катар суроолорду жаадырышты.

Айрым депутаттар болсо окуяны алдын-алуудагы бийликтин ролун жана кырдаалды курчутуп жаткан адамдарга карата чара көрүлбөгөндүгүн айыптап чыгышты.

Жоопкерчилик жогорудан төмөнбү же төмөндөн жогорубу?


Жогорку Кеңештин депутаттары улуттук комиссиянын тыянагын угушуп, кандуу калабага жол берген бийликтин жоопкерчилигин кароо боюнча суроолорго өтүштү. Тыянакта көрсөтүлгөн тиешелүү адамдардан сырткары убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ошол окуялардагы ролу эмне үчүн көрсөтүлгөн эмес деген маселе кабыргасынан койулду.
Президент Роза Отунбаева Ошко барды, 2010-жылдын 18-июну.

Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын жана анын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин аттары комиссиянын тыянагында эмне үчүн көрсөтүлбөгөндүгүнө кызыкты:

- Баш мыйзамдын 88-беренесинин үчүнчү бөлүмүндө өкмөт коомдук тартип, мыйзамдуулукту сактайт, жарандардын коопсуздугун, укугун жана эркиндиктерин коргойт деп бадырайып жазылып турат. Мында ошол өкмөт жооп бериши керекпи же бербеши керекпи? Жооп бере турган өкмөттүн башчысы азыр президент болуп олтурат. Орун басары премьер-министр. Алар өздөрүнүн иш-аракеттерине баа береби?

Бул суроого Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев мындайча жооп узатты?

- Ошол мезгилдеги өкмөт башчысы, азыркы президент Роза Отунбаева. Биз ал жагдайды эске алдык. Ал киши менен бул боюнча пикир алыштык. Бирок мен түз эле айтайын эл шайлаган президентти мен ушул боюнча жоопкерчилигиңиз бар деп айткан жокмун. Айта да албайм. Ар бир адам өзүнүн ишине сын көз менен карап, кемчилиги болсо сезип, эл алдында өзү айтышы керек.


Маалыматы бар атайын кызмат же чара көрбөгөн бийлик

Ошол эле учурда бир катар эл өкүлдөрү июнь окуяларына чейин эле кырдаал кооптуу болуп калгандыгына карабастан бийлик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлбөгөндүгүн айтып чыгышты.
Кыргыз-өзбек чек арасына барган качкындар, 15-июнь, 2010.

Депутат Нурбек Алимбеков комиссия төрагасынан атайын кызматтар Убактылуу өкмөттүн жетекчилигине тогуз жолу жашыруун кат менен киришип, өлкө түштүгүндөгү өзбек лидерлери бир нерсеге даярданып жатышат деп билдиргенин айтып, бул боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынган-алынбаганын, андай болсо эмне үчүн катуу чаралар көрүлбөгөнүн сурады.

- Биз аны жашырган жерибиз жок. Коопсуздук кызматы борбордук бийликке мындай каттарды киргизгендиги тастыкталды. Ал гана эмес Ош шаарынын мэрине, Ош жана Жалал-Абад облустарынын губернаторлоруна да тиешелүү билдирүүлөр жөнөтүлүп, сунуштар айтылган. Бул боюнча Ош шаарында штаб да түзүлгөн экен. Атайын кызмат ошентип чырылдаганына карабастан от чыгып кетип олтурат,
- деп жооп берди бул суроого комиссия төрагасы

Шыкакчылардын шыр качышынын сыры эмнеде?

Мындан сырткары азыр издөөдө жүрүшкөн экс-депутаттар Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана Жалалиддин Салахуддинов сыяктуу адамдардын өлкөдөн качып чыгып кетүүсүнө өбөлгө түзгөн бийлик өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлдү. Комиссия жетекчиси Абдыганы Эркебаев элдин ичин козутуп жүрөт деген шек менен Инамжан Абдрасулов июнь окуяларына чейин эки ирет кармалып, бирок анын жактоочуларынын кысымы менен койо берилгендигин ырастады.
Кадыржан Батыров Жалал-Абадда. 2010-жылдын 11-апрели.

Окуядан кийин кармалып, бирок кайра бошотулган Жалалиддин Салахуддинов учурда Ташкенде жашап жаткандыгы боюнча маалыматтар бар экендиги белгиленди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев анын бошоп кетишине мындайча түшүндүрмө берди:

- Салахуддинов биздин кызматкерлер тарабынан кармалган болчу. Андан кийин биз аны тиешелүү тергөө органдарына өткөрүп бергенбиз. Бирок ал жактан жанагы шаардан эч жакка чыкпоо боюнча белгиленген баш коргоо чарасынын негизинде кийин бошотулган экен. Андан кийин ал өлкөдөн сырткары чыгып кеткендиги белгилүү болуп олтурат.

Мындан сырткары бир катар эл өкүлдөрү укук коргоо органдарынын июнь окуяларына байланышкан кылмышка шектүүлөргө карата жасаган мамилесин сынга алышты.

Ошондой эле депутаттар буга борбордук бийликтин катышы кандай болгондугуна кызыгышты. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев 19-майда кылмыш иши козголуп, качып жүрөт деген Кадыржан Батыров айдын аягында айрым өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкандыгына таң калуусун жашырбады:

- 19-майда Жалал-Абад ат майданында чогулган элдин алдында Кадыржан Батыров учурда качып жүрөт, бирок аны үч күндүн ичинде кармайбыз деп ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү убада беришкен болчу. Анан ага карата иш козголду дешти. Бирок азыр такталган маалыматтардан билсек ал ошол май айынын аягында Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте жолугушкандыгы белгилүү болуп олтурат. Ошол учурда аны кармай турган органдар кайсыл жакты карап олтурушкан же болбосо кармабагыла деген команда болду беле?

Төө бастыга алуунун төркүнү жок?

Ошол эле учурда эл өкүлдөрүнүн бир тобу убактылуу өкмөттү окуянын алдын-алган жок деп тепкилей берүү туура эмес деп эсептешет. Алардын айтымында, бийликтин алсыздыгы жана ошол учурда түзүлгөн кырдаал окуянын чагылгандай тез өнүгүп кетишине түрткү болгон. Мына ошондуктан мындай көз караштагы депутаттар өз кесиптештеринен июнь окуяларын саясий оюнга айландырбоону суранышты.
Кыргыз парламенти

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева комиссия төрагасынан Убактылуу өкмөттүн этникалык араздашууну токтотуудагы ролу боюнча пикирине кызыкты:

- Убактылуу өкмөттүн дарегине өтө көп сын-пикир айтылды. Бирок ошол эле учурда ушундай кыска мөөнөттө кырдаалды турукташтырып, чатакты токтотуп калууга анын дагы кандайдыр бир үлүшү бардыр дейм. Буга кандай дейсиз?

Абыдганы Эркебаев: Албетте биз Убактылуу өкмөттү бир жактуу эле каралап жаткан жокпуз. Кудай жалгап элдин аракети менен, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин, саясатчылардын көмөгү менен коогалаңды кыска убакытта – төрт, беш күндүн ичинде токтотууга мүмкүн болгондугун биз тыянакта көргөзгөнбүз. Токсонунчу жылы кубаттуу СССРдин тушунда Орусиядан армия киргендигине карабастан чыр-чатак бир топ күнгө созулуп кеткен болчу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков июнь окуяларын иликтөө боюнча комиссиянын тыянагын угуп, суроолорду берүү менен гана чектелүүнү сунуштады. Аталган сунуш добушка коюлуп, бекитилди. Акматбек Келдибеков муну окуяны иликтөө боюнча депутаттык жана эл аралык комиссиялар тыянагын чыгара электиги менен байланыштырды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG