Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Аскаровдун соту: көпүрөдө тартылган тасма жок


Аскаров сотто.
Аскаров сотто.

25-октябрдагы соттук териштирүүдө Базар-Коргон РИИБ 2010-жылдын 13-июнундагы башаламандык тасмага түшүрүлбөгөнүн билдирди. Буга чейин күч кызматтары Аскаровдун июнь коогасына катыштыгы бардыгын далилдеген тасма бар деп келишкен.

Азимжан Аскаровдун 13-июнь күнү Базар-Коргондогу башаламандыкты уюштуруп, көпүрөдө жүргөнү алынган тасма жок экени тууралуу расмий билдирүүнү Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгы сотко кабарлаган. Бул тууралуу орус тилинде жазылган маалыматты Аскаровдун ишин карап жаткан Чүй облустук сот коллегиясынын төрагасы окуп берди:

- Сиздердин өтүнүчүңүздөр менен биз ошол күнкү тасманы алып келүү талабын жибергенбиз. Ага мындай жооп келиптир: 2010-жылдын 13-июнунда башаламандык болуп жаткан учур Базар-Коргон райондук ИИБ тарабынан тасмага түшүрүлгөн эмес.

Айыпталуучу Азимжан Аскаров тасмада өзү жоктугун белгилеп, күч кызматтары аны көрсөтө албайт деген сөзүн кайталады.

Аскаровдун буга чейинки соттук ишинде күч кызматтары 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондогу жаңжалда болгонун тастыктаган видео тасма бар деп бекемдешкен эле.

Акыркы соттук териштирүүдө ошондой эле Аскаровдун ишин тергеген тергөө тобунун жетекчисинин орун басары Жамийла Туражанова жана тергөөчү Канат Исмаилов көрсөтмө беришти.

Жамийла Туражанова өз көрсөтмөсүндө тергөөдө Азимжан Аскаровдун кылмышы аныкталганын билдирди. Тергөөчүнүн айтуусунда, милиция кызматкеринин сөөгүн текшерүү иштери ошол кездеги кырдаалга байланыштуу маркумдун үйүндө жүргүзүлгөн:

- Жолдор жабык болчу, сөөктү алып келишкен учурда текшерүүгө мүмкүнчүлүк болбой, машинада бир сааттан ашык жатып калды. Анткени кырдаал ошондой эле. Анан туугандары келип алып кетишти. Биз сот эксперти экөөбүз алардын артынан Кызыл-Ай деген айылга барып, боз үйдүн ичинен сөөктү текшерүү ишин жүргүздүк. Маркумга мыкаачылык менен мамиле жасалган экен.

Милицияны сынаган каргаша

Милицияны сынаган каргаша

Июнь каргашасында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы элдин тынчтыгын сактоо учурунда жалпысынан 9 милиция кызматкери каза тапкан. Алар: Адылбек Султанов, Мыктыбек Сулайманов, Уран Шамурзаев Ибрагим Кулбаев, Кыялбек Бегалиев, Нурбек Жумабаев, Бакыт Байкишиев, Канжарбек Шадыбеков жана Бекали Айдаровдор эле.

Тергөөчүнүн айтуусунда, Азимжан Аскаров алгач 15-июнда милицияга күбө катары көрсөтмө берип, кийинки күнү кылмышка шектүү катары камакка алынган. Туражанова Аскаров 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо башаламандык уюштуруп, милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар экени тастыкталганын кошумчалады.

Айыпталуучу Азимжан Аскаров тергөөчүнүн бардык сөздөрү чындыкка жатпасын айтып, айтылган маалыматты жокко чыгарды:

- Мен чындыкты айтып жатам. Кыргызстан элинин алдында, Курандын жана кудайдын алдында акмын. Сизге окшогон тергөөчүлөр иштеп турганда, Кыргызстанда бир дагы мыйзам иштебейт.

Экинчи күбө Канат Исмаилов тергөө жүрүп жаткан мезгилде Жалал-Абад облустук прокурорунун орун басары кызматын аркалаган. Ага "тергөө учурунда Азимжан Аскаров кыйноого алынганы аныкталганбы?" деген суроолор берилди. Прокурордун айтуусунда, Аскаровдун денесинде көгала тактар болгон, бирок ал аны башка айыпталуучу Мавлянбек Махмуджанов тергөө абагында сабаганын айтып, милиция тарабынан кыйноо болгонун жокко чыгарган.

Аскаровдун адвокаттары Нурбек Токтакунов, Валерьян Вахитов, Айдар Сыдыков
Аскаровдун адвокаттары Нурбек Токтакунов, Валерьян Вахитов, Айдар Сыдыков

Исмаилов кылмыш ишин тергөө учурунда Азимжан Аскаровго эч кандай күч колдонуу болбогонун тастыктады. Аскаров мындай көрсөтмөнү ошол учурдагы кыйноолордон коркконунан улам айтууга аргасыз болгонун сотто билдирди.

Аскаровдун соту 1-ноябрда уланат. Ага Аскаров менен кошо соттолуп, камалган алты кишини күбө катары алып келүүнү сот өзүнүн милдетине алды. Ал эми айыпталуучунун адвокаттары Аскаров 2010-жылы 13-июнда кайсы жерде болгонун тастыктап берчү күбөлөрүн алып келишерин айтышты.

Аскаровдун коомдук коргоочусу Төлөйкан Исмаилова укук коргоочунун июнь коогасына катыштыгы жоктугу баары бир далилденет деп эсептейт. Төлөйкан Исмаилова сот жана күч кызматтары 2010-жылы 13-июнда өлтүрүлгөн милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн чыныгы кылмышкерди табууга тийиш деген пикирин “Азаттык” менен бөлүштү:

- Бүгүн Азимжан Аскаровдун ошол күнү көпүрөдө болгонун тастыктоочу тасма жок экени анык болду. Демек, Аскаровдун июнь коогасына, милиционердин өлүмүнө да катыштыгы жоктугу анык. Биздин сот күнөөсүз кишини өмүр бою эркинен ажыратып, камап отурбай, аны бошотуп, ал эми милиция чыныгы күнөөкөрдү табууга тийиш. Аскаров айыпсыз алты жылдан бери отурат.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров июнь коогасында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан, башаламандык уюштурган деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Аскаровду бошотуу талабынан соң Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыккан. Учурда Чүй облустук соту ишти териштирүүдө. Сотко адам укуктары боюнча Эл аралык комиссиянын өкүлдөрү да байкоо жүргүзүп жатышат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG