Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Президенттик шайлоонун мөөнөтү талкууда


Оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясы Баш мыйзамга таянып, өлкө башчысын шайлоону август айында өткөрүүнү сунуштап чыкты.

Фракция бийликтер мерчемдегендей, шайлоону ноябрда өткөрүү мыйзамдарга каршы келет деп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жүйөнү четке кагып, кийинки президент ноябрь айында шайланарын билдирди.

Президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкууну Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы баштады. Фракция өз аргументтерин маалымат жыйыны аркылуу коомчулукка жарыялап, президенттик шайлоону 27-августта өткөрүү сунушун парламентке жолдоду.

Фракция башчысынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Конституцияга ылайык, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аякташы керек. Эгер шайлоо ноябрда өтсө жаңы президент Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, ал мыйзамдардын бузулушун шартташы мүмкүн:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Жаңы шайланган президент 1-декабрда өзүнүн ыйгарым укуктарына киришүүсү керек. Ал мөөнөттү камсыз кылуу үчүн президенттик шайлоо андан эрте өтүшү зарыл. Себеби, президенттик шайлоо өткөн соң БШК үч ичинде өз жыйынтыгын чыгарат. 20 күн ичинде шайлоо комиссиялары өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы протоколдорду эсептеп, жыйынтыгын чыгарышы керек. Ошентип, эгер президенттик шайлоо биринчи тур менен эле өтсө, анда 19-ноябрдагы шайлоодон кийин учурдагы президент 41 күн дагы мөөнөтүн аткарып келет. Эгер экинчи күнгө калса, анда президент дагы 82 күнгө ыйгарым укуктарын узартып алат. Мыйзам боюнча, 41 күн эмес, 82 күн эмес, бир күн, бир саатка дагы президенттик мөөнөттү узартууга эч кимдин акысы жок

Оппозициячыл фракциянын билдирүүсүнө Борбордук шайлоо комиссиясы дароо жооп кайтарды. Түшүндүрмөдө БШК президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда өтүшү керек деп эсептеп, муну "Президентти шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын талаптары менен негиздеген. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Кубат Үмөталиев "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

- Кыргыз Республикасынын президенти алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү каралган. Башкача айтканда, 19-ноябрда президенттин кезектеги шайлоо өтүшү керек

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү "Ата Мекен" фракциясы көтөрүп чыккан маселенин жүйөсү бар экенин айтышууда. Маселен, БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова талашты азыртадан тактап алуу зарылдыгын белгиледи:

- Конституцияда "Ата Мекен" айткандай президент алты жылга шайланат деп көрсөтүлгөн. Мында сырткары президентти шайлоо боюнча өзүнчө мыйзамыбыз бар. Ал мыйзамда шайлоо ноябрда өтөт деп жазылып калган. Бирок бардык мыйзамдар Конституцияга ылайык кабыл алынышы керектигин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан, кайсы бир мыйзам же берене Конституцияга ылайык келбесе, анда бул талашка чекитти Конституциялык палата коюшу керек.

Атыр Абдрахматова бул кырдаалга көңүл бурууга Жогорку Кеңештин депутаттарын да чакырууда.

Дал ушундай эле пикирди колдогон БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков президенттик шайлоону кынтыксыз өткөрүүгө эң ириде парламент жоопкерчиликтүү деп эсептеди.

Социал-демократтар фракциясынын төрага орун басары Төрөбай Зулпукаров "Ата Мекендин" тынчсыздануусунда негиз жок деген пикирде:

- Президенттик шайлоонун мөөнөтүн Жогорку Кеңеш аныктайт. Президент бул боюнча өз ой-пикирин айтты. Парламентте кароодо анын мыйзамдуу жактары каралат. Азыр паравоздун алдына түшүп чуркай берүүгө муктаждык жок. Президент алты жылга шайланган соң бир күн ашык эмес, бир күн кем эмес так мөөнөтү көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент бир мөөнөткө гана шайланууга укуктуу. Президент Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтүндө бийликти тынч жол менен тапшырарын байма-бай айтып келет. Учурда күзүндө өтчү шайлоого катышуу ниетин бир нече саясатчы билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG