Линктер

Евробримдиктин комиссиясы Кыргызстандын 13 авиакомпаниясынын учактарына Европага учууга тыюу салып, “кара тизмеге” киргизди.

Кыргызавиа компаниялары Европанын талаптарын аткара албай жатышына эмне себеп болууда? Тармакты өнүктүрүүгө аракеттер барбы? Кыргыз авиаторлорунун атаандаштыкка ат салышууга кудурети канчалык?

"Арай көз чарай" талкуусуна “Кыргызстан” авиакомпаниясынын башкы директору Жолдошбек Бектурганов жана авиатармагы боюнча серепчи Бегалы Наргозуев катышты.

“Азаттык”: Жолдошбек мырза, кыргыз компанияларынын дагы эле “кара тизмеден” чыга албай, Европага уча албай жатышынын негизги себептерин эмнеден көрөсүз?

Жолдошбек Бектурганов: Биз он жылдан бери “кара тизмедебиз”. Андан чыгуу боюнча өкмөт, Жарандык авиация департаментинде аракеттер болуп жатат. Бирок жыл сайын эрежелер өзгөрүп жаткандыктан, жөнөкөй тил менен айтканда, биз аларды “кууп жете албай жатабыз”. Анын башкы себеби биздин авиациялык бийлик "кара тизмеге" кирген, ошондуктан кандай авиакомпания келбесин “кара тизмеге” кирет.

“Азаттык”: Авиациялык бийлик дегенде кимди түшүнөбүз?

Бектурганов: Өкмөт түзгөн Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти.

“Азаттык”: Демек, Жарандык авиация департаментинин өзү европалык стандарттарга ылайык саясат жасай албай жатабы?

Бектурганов: Ошентсек да болот.

“Азаттык”: Бегалы мырза, Евробиримдиктин кыргыз авиакомпанияларга койгон талаптарын же эрежелерин ошончолук эле аткарууга кыйынбы?

Бегалы Наргозуев: Еврокомиссия жылына эки жолу текшерүү жүргүзүп, жарыялап турат. Биз “кара тизмеге” кантип кирип калдык? Бизде коррупциялык көрүнүштөр аябай “өнүккөн”. Орусияда, Араб өлкөлөрүндө каттоодон өтө албаган авиакомпаниялар Кыргызстанга келип катталып алышып, иш жүзүндө башка жактарда учуп жүрүшөт.

Бул жерлерде миңдеген доллардын тегерегинде коррупциялык схемалар иштейт. Бир жолу ошондой компаниялардын бири Европада колго түшүп калып, бир эскертүү келди. Андан кийин экинчи эскертүү келди. Үчүнчүсүндө Европадан комиссия келип текшергенде Жарандык авиация департаментинин ишинде евростандарттарга туура келбеген көп маселелер чыккан. Ошонун айынан Жарандык авиация департаменти өзү “кара тизмеге” кирип, анын артынан ошол кездеги 35 авиакомпания бүт баары “кара тизмеге” алынган.

Биз убагында Жогорку Кеңеште кайра-кайра маселе көтөрүп отуруп, бир топ иштер алдыга жылган. Кийин ыңкылап чыгып кетип, иш колго алынбагандыктан авиацияда коррупция кайра гүлдөй баштады.

Европа комиссиясы бизде коопсуздук эрежелерине туура келбеген авиакомпаниялар бар экендигин көрүп-билип турат. Мисалы, кошуна Тажикстан "кара тизмеде" жок. Аларда өздөрүнүн эле 2-3 авиакомпаниясы бар, биздегидей сырттан келген авиакомпанияларды киргизишпейт. Араб, Африка өлкөлөрүнөн качып келген авиакомпанияларды жолотушпайт. Биздеги коррупциялык схемаларды жоюу кыйын болуп калды. Схемалар департамент, министрлик аркылуу Ак үйгө чейин жеткен. Ар жылы эле жаңы жетекчи келип, “кара тизмеден чыгарам” деп убадасын берет. Колунан келбейт, чыгара албайт, себеби маселе өтө тереңдешкен.

“Азаттык”: Жолдош мырза, эгер биздин учактар эле аралык стандарттарга туура келбесе, анда Кыргызстандын учактары мурдагы СССРдин аймагына, Азия өлкөлөрүнө жана ички каттамдарга кайсы стандарттардын негизинде учуп жатышат, эреже барбы?

Жолдош Бектурганов: Эреже бар. Бизде акыркы 5-6 жылда өкмөт тарабынан жаңы эрежелер киргизилди. Азыркы авиациялык бийлик “кара тизмеден” чыгаруу боюнча аракеттерин көрүп жатат. Бирок, каражат жана кадр маселесине байланышкан суроолор бар. Коомчулук, Жогорку Кеңеш, өкмөт да бул маселени катуу коюп жатат. Буга убакыт керек. Азыр эле же эртең эле чыга калабыз деген күмөндүү. Системалуу реформа керек, кадрларды окутуу сыяктуу көп маселелер бар.

Бизде адегенде Жарандык авиация департаменти өзү "кара тизмеден" чыгышы керек. Андан кийин "кара тизмедеги" башка авиакомпаниялар четинен чыгууга шарт түзүлмөк. Бир компания өз алдынча тизмеден чыга албайт.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстандагы эң жаңы учак кайсы жылкы десек болот?

Бектурганов: Акыркы “Боинг” үлгүсүндөгү 2006-жылкы учакты “Эйр Манас” компаниясы алып келди.

“Азаттык”: Жолдошбек мырза, Кыргызстандын президенти Орусия өндүрүшүндөгү ТУ-154 учагы менен Европага да учуп барганын билебиз, анын коопсуздук чаралары стандарттарга канчалык жооп берет?

Бектурганов: Ал маселе бир же эки жолку учуп баруу үчүн дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.

Наргозуев: Еврокомиссиянын бизге койгон негизги дооматтарынын бири – авиацияга байланышкан улуттук мыйзамдардын эл аралык стандарттарга туура келбегендиги болгон, ошол он жылдан бери жүрүп эми чечилип жатат.

Экинчиси - учактардын учуп, конуу коопсуздугу. Европада учуп келген сайын текшерип турушат. Техникалык абалына байланыштуу алты ай, бир жылдык деген текшерүү эрежелери бар. Бул дооматтарды он жылдан бери аткара албай жатабыз, анын негизги себеби чоң коррупциялык схемалар иштеп жаткандыгында.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстандагы сырткы авиакаттамдардын негизги багыттарын Орусиянын жана Түркиянын учактары аткарып жатканын эске алганда, атамекендик авиациянын өнүгүшүнө жол бербей жатат дегендин чындыгы барбы?

Бектурганов: Мунун чындыгы бар. Орусия тараптанбы, Түркия тараптанбы паритеттик макулдашуулар сакталбай жатат. Алар биздин авиарынокту бүт ээлеп алышты десек болот. Биздин компаниялар дээрлик учпай калышты. “Эйр Бишкек”, “Скай Бишкек” компаниялары жабылуу алдында турушат. “Эйр Манас” деле жыргап кеткен жери жок. Жалпы айтсак, кыргыз авиакомпаниялары оор абалда десек болот...

XS
SM
MD
LG