Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

"Азаттыктын" “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы өлкөдөгү жарандык авиациянын абалына жана анын айланасындагы көйгөйлөргө арналды.

Талкууга Транспорт жана коммуникация министрлигинин статскатчысы Кубанычбек Мамаев, ошол эле министрликтин жарандык авиация бөлүмүнүн башчысы Мамат Назаров жана Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси, кесиби боюнча авиатор Тимур Муратов катышты.





“Азаттык”: Учурдан пайдаланып Кыргызстандын авиация кесиптик майрамы менен куттуктайбыз. 8-октябрь – Жарандык авиация кызматкерлеринин күнү. Бир жагынан майрам болсо, экинчи жагынан кесиптик күндө жасалып жаткан иш, көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшүүгө шылтоо боло турган күн деп эсептейм.

Чынында эле көптөн бери Кыргызстанда жарандык авиациянын абалы ар кандай деңгээлде талкууланып келатат. Көп учурда сынга кабылат. Кыргызстандагы жарандык авиациянын бүгүнкү абалы кандай?

Кубанычбек Мамаев: Азыркы күндө биздин жарандык авиация өзүнүн кызмат абалын аткарып атат десек болот. Бирок ошол эле убакта көп проблемалар да бар. Мисалы, кара тизмеден чыга турган маселелер, кээ бир убакта аба учактарынын модификацияларынын жаңы талаптарга төп келбей жаткан жактары. Ошого карабай Кыргыз Республикасынын Ош менен “Манас” аэропортторунан эл аралык каттамдар жүрүп атат.
Эгерде авиа компания бүгүн Еврокомиссиянын инспекторлорун кабыл алууга даяр болсо, муну саясатка аралаштырбаш керек, бул - профессионалдардын иши.

Быйылкы жылдын тогуз айынын эсеби боюнча былтыркыга караганда бир топ жогору, 20-30 пайызга көбүрөөк каттап атат. Ошол эле убакта Кыргызстандын ички маршруттары боюнча да жөнгө салынып, Баткен, Исфана, Жалал-Абад шаарлары боюнча да жүрүп атат.

Мындан тышкары аэропортторду аэронавигациялык көзөмөлгө алып, тейлеп турчу жабдуулар да жөнгө салынып, жакшыртып, убакыттын талабына жооп бере турган деңгээлге алып чыгуу боюнча да иштер болуп атат.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө жарандык авиация канча маршрут боюнча иштеп атат, кайсы өлкөнүн ичинде, канча жерде аба каттамдары жүргүзүлөт?

Кубанычбек Мамаев: Жүргүнчүлөрдү тарта турган “Кыргызстан”, “Авиатрафик”, “Эйр Бишкек”, калгандары атайын ташууларды, же жүктөрдү ташуу боюнча иш алып барат.

Кубанычбек Мамаев

Кубанычбек Мамаев

Ошту, “Манас” аэропортун алсак, Дүйшөмбү, Новосибирск, Екатеринбург, Казань, Алматы, Мешхет, Красноярск боюнча маршруттарды аткарышат. Ошол эле убакта Ош аэропортунан да Красноярск, Новосибирск, Екатеринбургга чейин барат.

Ички линиялар боюнча Бишкек – Ош, Ош – Исфана, Бишкек – Жалал-Абад, Бишкек – Баткен боюнча рейстер жүрөт. Бардыгын толуктап алган убакта бир айдын ичинде Баткен менен Бишкектин аралыгында 38 рейс жүрөт. Кээде рейс ачылганда Бишкек – Казарман да болот.

“Азаттык”: Бир топ кишилерден сурамжылоо жүргүздүк, жалпысы коопсуздук маселесин, тейлөөнүн төмөндүгүн айтышты.

Тимур Муратов: Суроо аябай орчундуу. Ошол жерде иштеген бардык инженерлерден баштап учкучтарга чейин, тейлей турган кызматкерлер өзүлөрүнүн жумушун колунан келишинче жакшы, профессионалдуу аткарып атышат.
Кара тизмеден чыгаардан мурун биз бардык авиа компанияларды инвентаризациялап чыкканбыз. Ошондон кийин азыркы убакта 15 компания калып атат, мурда 30га жакын болчу.

Биринчи кезекте мамлекеттик органдардын, Транспорт министрлигинин астындагы жарандык авиациянын милдети канча жерге канча рейс эмес, эң биринчи милдети – коопсуздукту сактоо. "Бул учак коопсуз" деп сертификат берилгенден кийин ошонун үстүнөн байкоо ишин жүргүзүү керек. Кандай учкуч учуп атат, кандай инженер тейлеп атат - бул мамлекеттин бирден бир милдети болуп эсептелет. Эмне үчүн мен өкмөт дебей мамлекет деп атам? Себеби эл аралык стандарт бар, мамлекет мойнуна өзү милдетин алат, бул учакта учса болот, мында учса болбойт деген.

“Азаттык”: Мамат мырза, бүгүнкү күндө коопсуздук чаралары кандай жүрүп атат? Кайсы стандарттардын негизинде ишке ашып атат, өкмөт өзүнө алган эл аралык милдеттерди аткарып атабы, аткарууга кудурети жетип атабы?

Мамат Назаров: Бүгүн бизде учуп аткан учактардын баары сертификат менен мыйзамдуу учуп атат. Биздин Кыргызстанда 2007-жылы Аба кодексинде чоң өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. 2008-жылдан 2009-жылга чейин жаңы аба кодексинин базасында 18 авиациялык эреже кабыл алганбыз. Эрежелер ИКАОнун 18 тиркемесине туура келет. Чикаго конвенциянын 18 тиркемеси, 18 түрдүү стандарты.

“Азаттык”: Бирок ошол эле мезгилде өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жетиш үчүн Кыргызстан да өнүгүш керек. Биз Кыргызстандын ичинде эле эмес, башка аймактарга да учуп жүрөбүз, анын ичинде Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө шаардан шаарга чейин учуп жүрөбүз, алардын учактары менен биздикин салыштырганда асман менен жердей, ошол деңгээлге жетиш үчүн бизге эмне керек?

Мамат Назаров: Кыргызстанда азыркы маалда бир жылдан бери үч А-320 деген учак эксплуатация болуп атат. Бул эң жаңы компютердик учак. Муну 11-12 жыл мурун Советтер Союзунда биринчи баштаганбыз, бирок белгилүү себептер менен токтотуп койгонбуз.
Өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Тажрыйбалуу адистерди түздөн-түз бекиткенге барыш керек. Себеби адистер жетишпейт.

Боинг-737, 300, 400 БАЙЭ-146 деген учактар бар. Бул ошол эле Европа иштетип аткан учактар. БАЙЭ англиялык учак, Боинг-320 европалык учак, беш өкмөт биргелешип жасаган учагы. Боинг – Американын учагы.

“Азаттык”: Аны сиздер келишим түзгөн компаниялар учуруп атабы, же мамлекеттин менчигиби?

Мамат Назаров: Мамлекеттик компания да 2-3 айдан бери иштетип атат, Боинг-737-400 деген үлгүдөгү учакты колдоно баштады. БАЙЭ-146ны менчик авиа компаниялар иштетип атат.

“Азаттык”: Мамлекеттин карамагында канча учак бар, же бул сырбы?

Мамат Назаров: Мамлекеттин карамагында 2 гана учак бар.

Тимур Муратов: Менчик, мамлекеттик деп бөлүнбөй, талап бирдей болуш керек. 23-сентябрда АН-24 боюнча өкмөттүн токтому чыкты. Өкмөттүн башчысын кээ бир адистер жарга түртүп койду.

“Азаттык”: Ош – Бишкек авиа каттамынан АН-24 алынып салган боюнча сөз болуп атабы?

Мамат Назаров

Мамат Назаров

Мамат Назаров: 33-берененин негизинде айтсам, ал жерде аба каттамын аткарып турган учак учканга жарайт, же жарабайт деген жыйынтык болуш керек. Бул жерде жарандык департаменттен ката кетип калган окшойт. Себеби бир эле убакта АН-24 алып атат, ошол эле убакта Бишкек – Баткен, Бишкек – Исфана уруксат берилип атат. Жарабаса эч жакка учпаш керек.

“Азаттык”: Токтом кайра каралып атабы?

Мамат Назаров: Биринчиден, нормативдик укуктук акттарды чыгарып атканда өкмөт, Транспорт министрлиги бир нукта кетишибиз керек. Эгерде учууга жарактуу деген сертификат берип атсак, эртеси эле муну жаап коюшубуз керек эмес. Экинчиси, аба транспортун колдонгон адамдарды эки сортко бөлбөшүбүз керек, бири Ошко уча тургандар, бири Баткен, Исфанага учат деп.

“Азаттык”: Транспорт министрлиги өзүн өзү сындап аткандай кабыл алып атам. Ал сиздер даярдап берген документпи?

Мамат Назаров: Мен факттарды айтып атам. “Жок, мен жасабадым эле” десем туура эмес болуп калат болуш керек.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө авиацияда кадрдык деңгээл кандай? Кадрларды ким даярдайт, ким сунуш кылат, кандай эрежелердин негизинде тандалат?
Аба транспортун колдонгон адамдарды эки сортко бөлбөшүбүз керек, бири Ошко уча тургандар, бири Баткен, Исфанага учат деп.

Кубанычбек Мамаев: Мамлекеттик кызматкерлердин реестрине кирген жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери. Толугу менен тандап алуу "Мамлекеттик кызмат тууралуу" мыйзамга баш ийип калган. Тандап алууда бир топ кыйынчылыктар болуп атат. Өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Тажрыйбалуу адистерди түздөн-түз бекиткенге барыш керек. Себеби адистер жетишпейт.

Тимур Муратов: Азыр мамлекеттик жана менчик авиа компанияларда өтө тажрыйбалуу учкучтар бар. Ошондой эле тажрыйбалуу профессионалдар жарандык авиацияда да иштеш керек. Профессионалдарды чакырып алыш керек.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстан эл аралык каттамда кара тизмеде турат. Эмне себеп болду, сиздер адистер болгон аракетибизди жасап жатабыз деп эле келатасыздар. Бирок кара тизмеден чыга элекпиз.

Тимур Муратов

Тимур Муратов

Мамат Назаров: Жарандык авиация органынын башчылыгында саясатчылар эмес, профессионалдар иштеш керек. Инспекторлорго чиновниктердин канондорун иштетпеш керек. Биздин өкмөт башчы ушуга көңүл бурушу керек.

Кара тизмеге биз 2006-жылы киргенбиз. Кимдир бирөөлөр чакырган адистер келип, бир аз текшерип, Кыргызстандын авиа компанияларын кара тизмеге киргизген. Биз кара тизмеден сөзсүз чыгабыз деп ойлойм. Бирок бүт 15 компания бир күндө чыкпайбыз.

Транспорт министрлигинде план бекитилген, ошол планда 8 кадам бар. Ошол 8 кадамдын акыркы 2 кадамын жасашыбыз керек болууда. Ар бир авиа компания биз кара тизмеден чыкканга даярбыз деп айтса, бир Еврокомиссияга расмий кат жөнөтүп, процедураны жүргүзөбүз. Мен ишенем, бир жылдын ичинде бир кыргыз компаниясы чыгат.

“Азаттык”: Биз да ошондой болушуна тилектешпиз. Сиздердин оппоненттердин бири кара тизмеге кирүүнүн бир себеби катары Кыргызстанда жалган катталган авиа компаниялар көп болуп, алар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобогон үчүн кара тизмеге илингенин, иш жүзүндө 15 эмес, андан аз компаниялар болушу мүмкүн экенин айтып жүрүшөт. Кандай пикирдесиздер?

Кубанычбек Мамаев: Кара тизмеден чыгаардан мурун биз бардык авиа компанияларды инвентаризациялап чыкканбыз. Ошондон кийин азыркы убакта 15 компания калып атат, мурда 30га жакын болчу. Фактылар болгон, биздин жарандык агенттик берген лицензия менен башка мамлекеттерде иштеп жүрүшкөн. 2005-жылдан баштап көзөмөл көбөйүп, азыркы убакта кара тизмеден чыгуу үчүн нормативдик актылардын көбү иштелип чыкты.
Азыр мамлекеттик жана менчик авиа компанияларда өтө тажрыйбалуу учкучтар бар. Ошондой эле тажрыйбалуу профессионалдар жарандык авиацияда да иштеш керек.

“Азаттык”: Бүгүн ошол 15 компания таза иштеп аткан компаниялар деп айтууга толук негиз барбы?

Кубанычбек Мамаев: Негиз бар.

“Азаттык”: Тимур мырза, Кыргызстандын аба каттамынын аброюн сакташ үчүн эмне керек?

Тимур Муратов: Биринчиден, коопсуздукка тиешеси бар тармак дегенге өкмөт көңүл буруш керек. Себеби бул өкмөттүн мойнундагы иш болот.

Кара тизме деген көп кырдуу маселе. Кара тизменин авиа компаниялардын санынан эмес, алардын учагынан эмес, бир компанияда бештен аз учак болбош керек деп айтып атышпайбы, бул мамлекеттик органдын сапаттуу көзөмөлдөөсүнө жараша болот.

Эгерде авиа компания бүгүн Еврокомиссиянын инспекторлорун кабыл алууга даяр болсо, муну саясатка аралаштырбаш керек, бул - профессионалдардын иши. Авиаторлор коомчулукка ишенип, коомчулук авиаторлорго, бири-бирибизге ишенип, кудайдан да жакшылыкты тилеп, кара тизмеден эртеңби, бүрсүгүнүбү, Кыргызстан чыгат деп ишенем.

“Азаттык”: Азыркы глобализация заманында, ааламды бир суткада айлануу учуру келген заманда аба каттамы бизге аба менен суудай керек. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстандын жарандык авиациясынын келечеги өтө чоң деп ойлойбуз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG