Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Султанбай Айжигитов: Жемкорлуктун курмандыгы болдум


Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитовго “Баткен таңы” гезитинин мурдагы баш редакторунун жазган арызынын негизинде прокуратура иш козгогон. Дубан башчысы муну коррупция менен күрөшүү аракетине каршы чыккандардын кыянатчылыгы катары баалады.

- Сизге иш козголушуна эмне себеп болду?

- Иштин козголушун мен коррупциядан башталды деп ойлойм. Себеби биздин социалдык-экономикалык абалыбыз, элдин турмуш сапаты ушул деңгээлде турганыбыздын эң башкы себеби коррупциядан болууда. Ошондуктан мен бул жерде губернатор болуп, көп социалдык, экономикалык иштер менен бирге коррупцияга каршы күрөшүүнү катуу колго алдым. Ошол күрөштү күчөткөнүбүздүн натыйжасында мага иш козголуп жатат.

- Жемкорлук менен күрөшүп жатсаңыз анда буга облустук гезиттин баш редакторунун кандай тиешеси бар?

- “Баткен таңы” редакциясы өкмөттүк мекеме, ошол эле учурда редакция турган имарат да мамлекеттик болчу. Баш редактор Абдихалил Акматовдун үстүнөн 2010-жылдын январында арыз түшкөн. 6 миллион сомдук имаратты өзүнө жасалма документтерди жасап, мыйзамсыз жол менен 2,5 миллион сомго менчиктештирип алган. Ошондон кийин мага да гезиттин жамааты эле эмес, ардагерлер да кайрылышкан. Аны биз текшерткенбиз.

- Ошол редакциянын имараты боюнча соттук кароо болуп, мамлекетке кайтарылганын уккан элек.

- Имарат менчиктештирүү программасына кирбей, редактор алдап, “кирген” деп жамаатты жана облустук бийликти алдаган. Аны арзан менчиктештирип алган. Андан сырткары милиция дагы эки факты тапкан, Каржы полициясы бир факты тапты. Алар өзүнө менчиктештирип алган имаратты мамлекеттин 200 миң сомдук каражатынын эсебинен ремонттоп, анын да 90 миң сому далилдөөчү документтери жок болуп жатат. Ал имарат мамлекетке кайтарылгандан кийин ижарада турган мекемелерден 34 миң сомду жеке эсебине которткон. Бул атайылап эле мамлекеттин каражатын өзүнө сарптагандык.

- Эгер баш редакторго ушундай айыптар коюлуп жатса, анда эмне үчүн облустук прокурор сизге иш козгоду?

- Облустук прокурор мени таң калтырды. Эмнеге 90 миң сомду, 34 миң сомду далил жок деп санкция бербейт да, ал эми баш редактор арыз жазса эле дароо жума күнү кечинде иш козгоп, маалымат каражаттарына, “Азаттыкка” кабарлап жатат? Арыз болсо “ушундай мыйзам бузуп жатыпсыңар, оңдогула” деп бизге эскертүү жөнөтсө болмок. Алдын ала текшерүү жүргүзбөй эле иш козгоп жатпайбы. Биз Акматовду кайра иш ордуна келтирбей жатканыбыздын себеби бар. Биз Жогорку Сотко кайрылганбыз. Ал жерден бизге “райондук соттун чечими аткарууга алынбай турсун” деп жооп келген. Ошого таянганбыз.

Мага облус прокурору коррупция менен күрөшүүдө жардам бергендин ордуна кайра ал тарапта болуп, мага иш козгогону түшүнүксүз болуп жатат. Бул кандай көрүнүш?

Облпрокурор кимдин кызыкчылыгын коргоп жатат, мен кимдин кызыкчылыгын коргоп жатам? Менин эч кандай кызыкчылыгым жок. Болгону ошондой мамлекеттин, коомдун мүлкүнө кол салгандарды коомдон четтетейин дегем. Мен болгону өзүмө душман арттырып жатам.

- Сиздин баамыңызда жемкорлук менен күрөшүү кыйынбы?

- Мен өзүм сезип жатпайымбы канчалык кыйын экенин. Мен башканы эмес, Баткен облусун айтайын. Мен губернатор, координациялык кеңештин төрагасы болуп, баарынан талап кылып, жеке көзөмөлүмө алып, анан өткөрө албайм. Мени көзөмөлдөтүп, кайра мага каршы иштеп жатканына таң калам. Мен губернатор болуп, ушунчалык билимим, бийлигим, тажрыйбам менен, күч кызматтарынын бүт ишин жакшы билем, Улуттук коопсуздук кызматынан тарта прокуратура, соттук иштерге чеийн жакшы билсем да кыйналып жатам. Түз иштебегендерди четтетейин деп кыйналып жатам. Анан жөнөкөй киши эмне кылат? Алар эч бир чындыкка жете албайт да.

XS
SM
MD
LG