Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Таарынган сулуулар милицияга арыз жазды


“Кыргызстан сулуусу 2017” сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова (оңдо)
“Кыргызстан сулуусу 2017” сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова (оңдо)

Өткөн аптада жыйынтыкталган сулуулар конкурсуна нааразы болгон жети кыз Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз берди.

“Кыргызстан сулуусу 2017” сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы сынакка бир күн калганда четтетилген талапкер Алтынай Абдымомунованы сөккөн видео 5-апрелде, конкурс жыйынтыкталган күнү интернетке тарады.

Анда талапкерди сынак жыйынтыкталып жаткан тойканага күзөтчүлөр киргизбей койгон учур көрсөтүлгөн. Видеону интернетке Алтынай өзү тараткан.

Сулуулардын чыры бир аптадан бери уланып жатканын соцтармактардагы талкуулардан баамдоого болот.

"Кыргызстан сулуусу - 2017" конкурсунун уюштуруусу Таттыбүбү Самидин кызы жогорудагыдай дооматтарды жергиликтүү сайттар аркылуу төгүндөп чыккан.

"Азаттыктын" кабарчысынын уюштуруучунун жүйөсүн угуу аракетинен майнап чыккан жок.

Сынакка катышпай калган Алтынай Абдымомунова четтетүүнү билетти өз убагында сата албаганы менен түшүндүрдү:

- Ар бир катышуучуга баасы 500 сомдук 30 билет таратылган. Биз аларды сынакка үч-төрт күн калганда гана алдык. Ар бирибиз сатып, акчасын уюштуруучуга беришибиз керек эле. Мен өз убагында акчаны бере албадым, мындан улам мени бир күн калганда четтетип коюшту. Кийим-кечеге, даярдыкка бир топ акча сарптагам. Булардан тышкары сынакка катышуу үчүн ар бир кыз 5000 сомдон бергенбиз.

Абыдмомунова сулуулар конкурсуна нааразы болгон жети кыз Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылганын кошумчалады.

Сулууларды тандоодо калпыстык кетти деген пикирин калыстар тобунун мүчөсү, эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы да айтып чыкты:

- Кыргызстанды чет өлкөдө тааныта турган кыздарды тандоонун, сынактын, уюштуруунун деңгээли аябай төмөн болгону адамдын ачуусун келтирет экен. Биз берген баа эсепке алынган жок. Жөн эле жазып коюп жаттык. Калыстар чечим кабыл алуу үчүн чогулганда уюштуруучулар жеңүүчүнү мурда эле тандап койгону белгилүү болду.

Кыргызстан сулуусу - 2017” сынагын модель, 19 жаштагы Бегимай Карыбекова жеңип, ага 100 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылган. Ал Кыргызстандын атынан быйыл өтүүчү “Дүйнө сулуусу-2017” сынагына катышууга жолдомо алды.

Ал арада жеңүүчүнүн интеллектуалдык деңгээлине да сындар арбын айтылууда.

Сынак учурунда тартылып, интернетке тараган видеодон Бегимайдын 5000 сомдук банкнотко алгач Касым Тыныстановдун сүрөтү тартылган деп айтып алып, кайра Сүймөнкул Чокморов деп оңдогонун көрүүгө болот. Бирок ал "Чокморов ким болгон" деген суроого туура эмес жооп берип, кыргыздын көрүнүктүү актерун журналистке айлантып салган.

Ош мамлекеттик университетинде сулуулар сынагы, 23-апрель, 2015-жыл
Ош мамлекеттик университетинде сулуулар сынагы, 23-апрель, 2015-жыл

Карабекова аталган сынакка үчүнчү ирет катышууда. Ал сынак учурунда мунун бир себебин татыктуу түгөй табуу максаты менен түшүндүргөн:

- Сулуулук сынактары мени көп нерсеге үйрөттү. Чет өлкөнү кыдырдым. Менин башкы максатым - “Дүйнө сулуусу” конкурсуна аттануу. Ар бир адам кылган иши менен өзүнө түгөй издейт. Эгер утсам, татыктуу мырзаны жолуктурам деп ойлойм.

Социалдык тармактардагы түрдүү сын-пикир, талаш-тартышка карабай калыстардын бири Кудрет Тайчабаров жеңүүчүнү татыктуу деп эстептейт:

- Бегимай англис тилин билет, бой-келбети жагынан да төп келет. Эл аралык сынакта ага кыргыз тарыхы тууралуу суроолорду эч ким бербейт да. Калыстар сатылган эмес. Акыйкат чечим кабыл алынган. Жети калыс мүчөсүн сатып алуу мүмкүн эмес болчу.

Акыркы сынакта болгон окуялардан улам айрым сулуулар сынагынын уюштуруучулары аларды көзөмөлгө алуусун өтүнүп Маданият министрлигине кайрылганы турат. Жети жылдык тажрыйбасы бар уюштуруучу Рыскүл Намазбекова жогорудагы окуя сынактардын аброюн түшүргөнүнө кейиди:

- Эмдиги жылы сынакка эч ким катышпай коет. Элдин көңүлү калат да. Билет сатуу бардык эле сынактарда бар. Бирок бир ай мурда таратабыз. Ал эми сынакка төлөнгөн акчага кийим, чач жасалгасы, макияжын биз камсыз кылабыз.

Кыргызстанда сулуулук сынактарын бир да мамлекеттик мекеме тескөөгө албайт. Сынактын уюштуруучулары чет өлкөдөгү сулуулук компаниялардан лицензия сатып алып, Кыргызстандын өкүлчүлүгү катары өткөрүп келет. Мындан улам бир жылда бир эле аталыштагы бир нече сулуулук сынактарынын өткөнү кадыресе көрүнүшкө айланган. Аларда болгон чыр-чатактар буга чейин эле коомчулукка жарыяланып келген.

"Азаттыктын" архиви: Сулуулук сынагынын баркы кеттиби? 14-май, 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG