Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Талоонго түшкөн Бел-Алма көмүрү


Кыргызстанда алтын, көмүр кендерин казуу жаңжалдар менен коштолуп келет. Алардын бири - Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кени.

Кен изилдөө укугу “Беш-Арча” компаниясына берилген. Бирок жергиликтүү депутаттар Бел-Алмада мыйзамдарды бузуу менен көмүр казылып, уурулук жолдор менен сатылып жатканын билдирүүдө.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Бел-Алма көмүр кенин изилдөө боюнча май айында конкурс уюштуруп, аны “Беш-Арча” аттуу компания утуп алган. Компания кенди иштетүүгө эмес, изилдөөгө укук алган.

Муну Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев да тастыктайт:

- Казууга уруксат берилген эмес. Эгерде ташып жатканы туура болсо, бул факт такталып, тартип коргоо органдары баасын бериш керек. Мыйзамсыз казып алуу боюнча кылмыш иши козголуш керек.

Бирок Бел-Алмада мыйзамсыз жол менен көмүр казылып жатканын ырастайт Майдан айылдык кеңешинин депутаты Жеңишбек Амизаев. Ал жакында эле Бел-Алмага барып, ал жерде мыйзамсыз жол менен көмүр казуу жана ташуу жүрүп жатканын көрүп келгенин айтты:

- Биздин көмүрдү ким ташып жатканы белгисиз. Күндө ташылып жатат. “Беш-Арча” фирмасындагылар кабары жоктугун айтты. Эми буларга берилгенден кийин алар коруп алыш керек эле да. Же казып атса дагы карап тура бериш керекпи? Демек, булардын өздөрүнчө караңгы иштери бар. “Беш-Арча” компаниясынын да буга түздөн-түз тиешеси бар. Көмүрдү кеңири уурдап жатышат.

Ал эми “Беш-Арча” компаниясынын жетекчиси Улан Мамытов ал жетектеген компания Бел-Алмада эч кандай казуу иштерин жүргүзбөгөнүн айтты:

- Ал жерде изилдөө жүрүп жатат. Жол курулууда. Көмүр ташуу жок. Ал жакта дагы башка карьер бар. Ошол карьерден ташып жаткандар болсо керек.

Иллюстрация
Иллюстрация

“Беш-Арча” компаниясынын өкүлүнүн маалымдоосуна караганда, 18-сентябрда Бел-Алма кенине атайын комиссия бара турган болду. Ал жергиликтүү калк, депутаттар тарабынан түшүп жаткан арыздарды иликтемекчи.

Майдан айылдык кеңештин депутаты Жеңишбек Амизаев Бел-Алма көмүрү Ноокат аркылуу ташылып, жергиликтүү тургундарга сатылып жатканы боюнча да фактылар бар болгонун ырастайт. Анын айтымында, Бел-Алмадагы мыйзамсыз көмүр казуу жана сатуу боюнча арыздар райондук, облустук бийликтерине берилген. Бирок алардан эч кандай жооп жок. "Көмүр мыйзамсыз казылып жаткандыктан жергиликтүү бюджетке да эч кандай каражат түшпөйт", - дейт Амизаев.

Амизаев Бел-Алма кенине барган кезде ал жерде жүргүзүлүп жаткан иштерди видеого тартып келген:

Бел-Алмадагы кыңыр иштер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00

Бел-Алма көмүр кени буга чейин да мыйзамсыз казууга дуушар болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал маселе боюнча кылмыш ишин козгоп, “Жаңы-Доор” аттуу компания 6 миң тоннага жакын көмүр казып, 45 млн. сомго сатканын аныктаган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Жаңы-Доор” компаниясы 2012-жылдан бери көмүр казып жатканы белгилүү болгон.

Мына ушундай кылмыш иштер козголуп, мамлекетке келтирилген зыяндар аныкталганына карабай жоопко тартылган адамдар аталган эмес. Жергиликтүү калк анын себебин “Жаңы-Доордун” кожоюндары Жогорку Кеңештин депутаттары, бийликке жакын таасирдүү адамдар болушу менен байланыштырууда.

Кадамжай районунда иштеген укук коргоочу Роза Маманова да Бел-Алмада үч айдан бери мыйзамсыз жол менен көмүр казылып жатканын ырастайт. Анын пикиринде, бул жерде борбордук органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жеке кызыкчылыктары болгон үчүн мына ушундай көмүр каракчылыгына жол берилүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG