Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Биометрика таза шайлоого кепилдикпи?


Жобого ылайык биометрикалык маалыматты 16 жаштан өткөн ар бир жаран тапшырууга милдеттүү.

Жобого ылайык биометрикалык маалыматты 16 жаштан өткөн ар бир жаран тапшырууга милдеттүү.

Өкмөт биометрикалык маалымат таза шайлоого өбөлгө түзөөрүн айтып, парламенттик шайлоого чейин бул жараянды ишке ашырууга кызуу киришти.

Ал ортодо биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чарасы коомчулукта кызуу талкууланып, анын артында саясий кызыкчылыктар да бар деген пикирлер айтылып жатат. Андыктан бул система таза шайлоо өткөрүүгө жардам бербейт деп, өкмөттү кескин сынга алгандар аз эмес. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов.

Өткөн президенттик шайлоодо тизмеге кирбей калган жүздөгөн шайлоочулар добуш берүү укугунан ажырап калганы коомчулукта шек туудурган эле. Ошол сыяктуу эле бул ирет биометрикалык маалымат тапшырбай калып, добуш берүү укугунан ажырагандардын добуштары пайдаланылышы мүмкүн деп шектенет саясатчы:

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов

- Биринчиден, бул системаны бийлик өткөрүп жаткандан кийин бийликке пайда алып келе тургандай кылышы мүмкүн. Экинчиден, алар бардык чиновниктерди бийликке иштөөгө мажбурлайт. Бул маселе жашыруун деле эмес. Ал эми бул биометрикалык маалымат жөн гана "биз таза шайлоо өткөрдүк" дегенге эле керек. Азыркы бийлик таза шайлоо өткөрө албайт.

Бул өңдүү көз карашты тутунгандар биометрикалык маалымат тапшыруу жагынан мамлекеттик кызматкерлердин, бюджеттен айлык алгандардын активдүүлүгүн байкап жатышканын айтышууда.

Адатта күч структуралары менен бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин добуштары шайлоо жараяндарында бийликтин негизги, чечүүчү таянычы катары кызмат кылып келатканын Кыргызстандын жакынкы тарых тастыктоодо.

Сындагандар четтен чыгууда

Дегеле коомчулукта биометрикалык маалыматты саясий өнөктүккө байлап жана мажбурлап чогултуу бийлик тарабынан жасалган ката иш болду дегендер бар.

Ал эми байкоочулардын баамында, жер-жерлерде кызуу жүрүп жаткан биометрикалык маалымат топтоо жараянына өз ыктыяры менен жандуу катышып жаткандар анча деле сезилбейт. Ага жараша бийликтин демилгесине сын көз менен карагандар бул өнөктүк өз учурунда, кынтыксыз бүтөт дегенге дегеле ишенишпейт.

Алардын бири, “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков мындай деди:

- Негизи мыйзам чегинде жарандардан мажбурлап биометрикалык маалымат чогултуунун өзү туура эмес. Алар шайлоого чейин топтоп коёбуз дейт. Ал эми шайлоо мыйзамы даярдала элек болсо, бул системаны кантип колдонорун эч ким билбейт. Мурда бюллетендерди кол менен бурмаласа, эми эки жакшы хакер эле добуштарды бурмалап бергенге шарт түзүштү.

Өкмөт өз кезегинде жарандар жөнүндөгү маалыматтарды системалаштыруу келечекте кылмыштуулукту кыскартууга олуттуу жардам берет деп ынандырып келатат.

Ал эми шайлоого жаңы система менен кирүүнүн максатын “карусель” өңдүү мыйзамга каршы кадамдардан арылуу, “бир шайлоочу – бир добуш!” ураанын ишке ашыруу дымагына байлап жатат. Ошондуктан сын пикирлерди бийлик өкүлдөрү оппоненттердин өз кызыкчылыктарына байлашууда.

Иш көп, убакыт тар

Өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн өкүлү Мелис Эржигитов биометрикалык маалымат топтоо жараянына өкмөттөгү жоопкер жетекчиликтин көз карашын мындайча билдирди:

- Эң негизгиси келаткан шайлоону ачык-акыйкат өткөрүү керек. Ошондуктан биометрикалык маалымат топтоо башталды. Бирок бул иш-чарага каршы чыккан, сындаган айрым саясатчы, серепчилер бар. Алардын сөздөрү негизсиз, жөн гана саясий упай топтоо жана жеке кызыкчылыктар болуп жатат.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетекчиликке алган биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча өкмөттүк жараян 31-августта башталган жана аны 2015-жылдын июнь айына чейин бүткөрүү мерчемделүүдө. Учурда биометрикалык маалыматын 200 миңден ашык жаран тапшырды.

Жобого ылайык, биометрикалык маалыматты 16 жаштан өткөн ар бир жаран тапшырууга милдеттүү. Маалымат берүүдөн баш тарткан жарандар мамлекеттик жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албайт жана шайлоого катыша алышпайт.

Кыргызстандын Конституциясында болсо жарандар шайлоого жана шайланууга укуктуу экендиги белгиленген. Айрым серепчилер бул дагы биометрикалык маалымат топтоо маселесиндеги талаштуу бир өңүт экендигин белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG