Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Бишкек мэрине ишеним көрсөтпөө мерчеми


Кубанычбек Кулматов мэрликке шайланган учурда, 15-январь, 2014.
Кубанычбек Кулматов мэрликке шайланган учурда, 15-январь, 2014.

Шаар кеңеш депутаттары мэр Кубанычбек Кулматовдун калааны өнүктүрүү программасын артка кайтарып, анын ишин катуу сынга алышты.

Шаардык кеңештин депутаттары мэрдин ордо калааны 2014-2018-жылдар аралыгында өнүктүрүү программасында мерчемделген долбоорлордун каржы булагы так көрсөтүлбөгөнүн, шаардын жаңы башкаруу түзүмү боюнча долбоор толук иштелбегенин баса көрсөтүштү.

Демилге КСДПдан чыктыбы?

Шаардык кеңештеги “Республика” фркациясынын лидери Мирлан Жээнчороев эгер мэр программасын 1-июнга чейин толук иштеп чыкпаса, ага ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлөрүн билдирди.

- Мэрдин программасында көчөлөргө видеокөзөмөл орнотобуз, сейил бактарды оңдойбуз деген сыяктуу көп нерселер жазылган. Бирок ошол иштер качан, кайсы каражатка жасалары так көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары Кулматов шаардык кеңештин алдында мэриянын жаңы башкаруу түзүмү боюнча 1-апрелге чейин өз долбоорун сунуштамак. Ал да аткарылган жок. Ошондуктан депутаттар ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп жатышат. Эгер берилген убакыт ичинде шаардык кеңештин талаптары аткарылбаса калаа башчысына карата кескин чаралар көрүлөт.

Эң кызыгы ишеним көрсөтпөө демилгесин Кулматовду мэрлик кызматка көрсөткөн КСДП фракциясынын лидери Марат Аманкулов биринчилерден болуп көтөрүп чыкты.

“Аз каражат менен шаар өнүкпөйт”

Ал эми Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов дарегине айтылган сындарды негизсиз деп баалап, өз программасында каржы булактары так көрсөтүлгөнүнө ишендирүүдө.

- Программа биринчиден көнүмүш документ эмес. Депутаттар шаблондуу документтерге көнүп калышкан. Биз билгенден буга чейинки программаларда деле каржы булактары көрсөтүлгөн эмес. Биз болсо так көрсөтүп жатабыз. Бирок кептин баары каражаттын көлөмүндө. Мэрия азыркы каржы менен шаарды өнүктүрө албайт, болгону өзүнүн функцияларын гана ишке ашыра алат. Анткени бюджетибиз болгону 7 млрд. сом.

Мирлан Жээнчороев калаа башчысы 100 күндүк иши боюнча шаардык кеңешке баяндама жасабай туруп, кол алдында иштеген вице-мэрден баштап жөнөкөй кызматкерге чейин “башкаруу түзүмүндө өзгөрүүлөр болсо кызматтан кетүүгө даярмын” деп кол койдуруп алганына түшүнбөй жатканын айтууда.

- Мэр мындан бир жарым ай мурда эле кол койдуруп алган. Эгер өзгөрүүлөр болсо сөзсүз кызматтан кетем деп. Эртеңки тагдыры эмне болорун билбеген кызматкер кайдан майнаптуу иштемек эле. Мэр алгач башкаруунун жаңы структурасын шаардык кеңештен өткөрүп алып, анан ишин улантса болмок. Азыр кызматкерлердин баары илең-салаң, иштейин деген киши жок.

Мэриянын юридика бөлүмүнүн башчысы Жаркын Жумалиева калаа башчысы кызматкерлерине кол койдурганын тастыктап, баары борбор шаардын макамы боюнча мыйзамга жана эмгек кодексине шайкеш жасалганын билдирди.

Кулматов келгени шаарда эмне өзгөрдү?

Ал ортодо Кубанычбек Кулматов мэрлик кызматкка келгенине 120 күндөн ашса да шаар үчүн "куурай башын сындырбаганын" айтып, аны айыптагандар четтен чыгат.

Алардын бири “Биздин укук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Калича Умралиева жаңы мэр келгени эч нерсе өзгөрбөй, кадрдык саясат мурдагы боюнча калганына нааразы:

- Жөнөкөй эле мисал. Өмүркуловдун убагында шаарда таштандылар алынып, тазалык сакталчу. Азыр болсо шаарды акыр-чикир басты. Кадрдык саясатта да эч кандай өзгөрүү болбой жатат. Вице-мэр Попиковго прокуратура протест берсе да аны ордунан козгогон жок. Экинчи вице-мэр Дүйшөнбиев Иса Өмүркуловдун иши боюнча айыпталып жатканына карабай иштеп жатат.

Кубанычбек Кулматов мэрлик кызматты ушул жылдын 15-январынан бери аркалап келет. Ал шаардык кеңеш алдында 22-майда буга чейинки жасалган иштер боюнча отчет бериши керек. Шаарды өнүктүрүү боюнча программасы депутаттардын сынына кайрадан 1-июнда коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG