Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Мэрдин борборду оңдоо программасы талкууда


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн шаарды өнүктүрүүнүн жаңы программасын сунуштады.

Аталган программа буга чейин шаардык кеңештин алдынан өтүп, эми коомдук талкууга коюлуп жатат. Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаанын башкаруу системасы кризиске учураганын айтып чыкты.

Кубанычбек Кулматов баш калаанын 2018-жылга чейинки өнүгүү программасын сунуштап жатып, шаар тургундары көтөргөн ар бир маселени жеринде чечүү үчүн аймактык башкаруунун ролун күчөтүп, шаар бийлигин децентрализациялоо (борборду бийликтен ажыратуу) керектигин белгиледи:

- Мэр деген азыр өрт өчүргүчтөй эле. Бул деген башкаруу системасынын кризиске кабылганын билдирет. Мэрден “2014-жылы ушул жерге светофор коебузбу же жокпу, мобу тешикти чаптайбызбы же жокпу?” деп сурашат, ушунун баары мэрдин жумушубу? Менимче, бийликти децентрализация кылуу керек. Жерде турган адам жерде турган башкаруу системасы менен түздөн түз байланышта болушу зарыл. Антпесе биз иштей албайбыз. Мэр бир убакта миң маселе, миң көйгөйдү чече албайт, ага убактысы да жетпейт. Системаны жакшыртып, ар ким өз ишин аткарса, мэрия шаарды өнүктүрүү саясаты менен алек болот эле.
Кулматовдун программасы ишке ашабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Мындан мурдарак аталган программа шаардык депутаттардын кароосуна коюлган. Алар жүз беттен ашык документ менен толук таанышып, изилдеп, сунуш - пикирлерин билдирүү үчүн 10 күндүк мөөнөт алышкан. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Мирлан Жээнчороев бул тууралуу мындай маалымат берди:

- Биринчиден, суроо туулат. Каржылоо жагы кандай болушу мүмкүн, канча акча керек жана ал кайдан алынат? Экинчиден, программада бардык маселе тезис болуп жазылган экен, ошондуктан программанын иштөө механизми бизге кызык болду. Түшүндүрүп берсин дедик. Мэриянын башкаруу системасын мэр өзгөртүүнү сунуштап жатат. Биз мэриянын бүгүнкү структурасынын өзгөрүшү боюнча долбоорун бергиле дедик. Мэр аймактык территориалдык башкарууну азыркы тил менен айтканда, “фронт офис” болушу керек деп жатат. Ал эмнени түшүндүрөт, укуктары кандай болот деген суроолорго азыр жооп ала элекпиз. Анткени программаны азыр карап жатабыз.


Мэриянын ишине нааразылардын акциясы. Көк-Жар. 5-июнь, 2012-жыл.
Мэриянын ишине нааразылардын акциясы. Көк-Жар. 5-июнь, 2012-жыл.
Кубанычбек Кулматов шаарды өнүктүрүү үчүн бизнес чөйрөсү жана жарандык коом менен кызматташууга бел байлап жатканын билдирүүдө. “Реформа” партиясынын лидери Мирбек Асангариев мэрдин программасы менен кыскача таанышып чыгып, негизинен жакшы жазылганын жана ал “Реформа” партиясынын 2012-жылдагы шайлоо алдындагы программасына окшош экендигин билдирди. Ал бул программаны ишке ашыруу үчүн шаар бийлиги оболу кадр маселесин чечиши алышы зарыл деп эсептейт.

- Негизи мазмуну жакшы экен. Ишкерлер менен кеңештерди түзүү, жарандык коом менен координациялык кеңеш түзүү керектигин айтып жатышат. Бирок Мэриянын структурасында муну аткара турган, бири-бирин туура түшүнгөн кесипкөйлөр барбы деген чоң суроо туулат. Ошондуктан муну ишке ашыруу абдан кыйын болот. Туура, жанагы аймактык башкаруулардын функцияларын кеңейтип, алар менен тыгыз иштөө жакшы нерсе. Бирок дагы эле ошону аткара алчу кадрлар барбы, бул дагы чоң маселе.

Сырттан келген кишиге өөн учураган тарпы чыккан жолдор, автотыгындар, караңгы, кир көчөлөр, коопсуздук проблемалары борбордо көнүмүшкө айланып, көпчүлүк шаар тургундары көйгөй чечилерине деле анча ишене бербейт. Өзүн Мира деп тааныштырган шаар тургуну шаар бийлигинин ишине ичи чыкпагандардын бири:

Шаар мэри велосипед тебүүчүлөргө шарт түзүү демилгесин көтөрүүдө.
Шаар мэри велосипед тебүүчүлөргө шарт түзүү демилгесин көтөрүүдө.
- Борборду оңдоодо олуттуу, көзгө көрүнгөн иштер деле байкалбайт. Машине көбөйгөндөн көбөйүп жатат, жол болсо ошол эле таз кейпинде. Бюджеттин чамасын билебиз, анан кайдан акча алышат? Албетте өз чөнтөгүнөн чыгарбайт. Менимче, чеке жылыткан өзгөрүү деле болбойт.

Шаар мэринин программасында келечекте боло турган олуттуу өзгөрүүлөр менен катар биринчи кезекте аткарылчу иш-чаралар белгиленген. Кубанычбек Кулматов шаар борборундагы авто тыгындарды азайтуу максатында жакын арада Токтогул көчөсү 3 жарым метрге чейин кеңейтилип, эки тараптуу жол болорун билдирди. Мындан тышкары шаар тургундарынын коопсуздугун сактоо максатында көчөлөрдү жарыктандыруу иштери башталып, укук коргоо органдары менен түнкү күзөт боюнча программа иштелип чыгууда. Дагы бир кызык саамалыктыбелгилей кетели. Программада белгиленген ыңгайлуу шаар багытынын алкагында велосипед тепкиси келгендер үчүн жакында базалык маршрут негизделет. Түштүк микрорайондордон борбор тарапты көздөй созулчу велосипед жолуна тийиштүү белгилер коюлат. Бул боюнча мэрия алымча - кошумча сунуштарды шаар тургундарынан күтөт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG