Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Бишкектеги таштанды көйгөйү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы берип жаткан 22 миллион евро аркылуу чечилип калышы ажеп эмес.

Бул каражатка шаар бийлиги таштанды иргөөчү завод куруп, эски таштанды талааны рекультивациялоону, тазалык ишканаларын реформалоону максат кылууда. Эл аралык каржы уюму болсо өз каражатын берүүдө шаар бийлигине бир катар шарттарды койду.

Шаардыктардын баш оорусуна айланып келаткан Бишкектин четиндеги 80ден ашык гектар жерди ээлеп аткан таштанды төгүүчү жайды сейил бакка айлантуу шаар бийлигинин көп жылдан берки кыялы бойдон келатат.

Европа өнүктүрүү банкы жарым-жартылай насыя жана грант түрүндө бөлгөнү жаткан 22 миллион евро дал ушул таштанды маселесин чечүүгө үмүт берүүдө. Бул каражат 200 гектардай жаңы аймакка таштанды иштетүүчү завод куруу жана техникалар менен жабдуу долбоорун ишке ашыруу үчүн берилүүдө.

Бишкектин борбордук бөлүктөрү да таштандыдан арыла албай келет

Бишкектин борбордук бөлүктөрү да таштандыдан арыла албай келет

Вице-мэр Алтынай Өмүрбекованын айтканына караганда, эл аралык каржы уюму каражатты берүүдө Бишкек шаар мэриясына бир катар шарттарды койду.

- Өзүнчө бир мекеме болсун деп талап коюшкан. Буга кошумча тарифти 50 пайызга чейин жогорулатуу керектиги айтылат. Азыркы таштанды жаткан жер рекультивацияланат. Бирок тариф канчага көтөрүлөрүн Бишкек шаардык кеңеши чечет.

Бишкек шаарында ар бир үй-бүлө айына “Тазалык” ишканасына 15 сомдон төлөшөт. Шаар бийлигинин болжолунда чыгымдарды жабуу үчүн аны 50 пайызга көтөрүү ыктымалдыгы бар. Муну шаардык кеңештин эл өкүлү Союзбек Салиев мындайча негиздеди:

- Албетте тариф көтөрүлөт. Анткени Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзгөн келишим долбоорун талкуулап, макулдук бергенбиз. Бирок "Тазалык" ишканасында уурдоо бар. Өз жумуштарын так аткарбай жатышат. Бул өзүнчө маселе.

Таштанды көйгөйү шаардыктарды тажатты

Таштанды көйгөйү шаардыктарды тажатты

Акыр-чикирсиз, таза шаарда жашоону каалаган шаардыктардын басымдуу бөлүгү шаар бийлиги муну кепилдеп берсе, төлөм акыны көтөрүүгө макул. Шаардык укук коргоочулар болсо төлөмдөрдү көбөйтүү менен бирге тазалык ишканаларындагы уурдап-тоноолордон, коррупциялык схемалардан аёосуз арылуу керектигин айтып жатышат.

Жарандык активист Тимур Саралаев шаардын тазалыгын камсыз кылуу башкаруудан аксап жатат дейт:

- Ишенсеңер жумалап алынбаган таштандылар бар. Сурасак МТУлар администрацияга айтат. Алардан сурасак "Тазалык" ишканасына шылташат. Ошондуктан азыркы муниципалдык ишканалар тарифти 2, 3, 4 эсе көтөргөндө деле жагдай өзгөрбөйт. Бул жерде менеджменттик мамиле керек. Анан күйүүчү май, тигил-бул деген нерселерди ойлоп чыгара берсек боло берет да.

Учурда шаардыктардын тиешелүү тармактардын ишмердигине ишенбөөчүлүк күч. Ошол эле учурда тургундардын ар бири тазалыкты сактоого умтулуп, таштандысыз жашоо маданиятын калыптандыруу зарыл экендигин айткандар да аз эмес.

Чөнтөккө күч келтирип, насыяга келип жаткан акчаны кылдат, натыйжалуу пайдаланууга бийлик да, коомчулук да салымын кошсо, балким жакынкы келечекте Кыргызстандын баш калаасы таштанды деген баш оорудан арылуу шарты түзүлүп калар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG