Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Сабалгандардын саламаттыгы кандай?


Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда анын тарапташтары да, тартип сакчылары да жабыркаган.

25-мартта УКМК алдындагы митингден кийин интернетке тараган видеотасмадан бети-башы көгала төрт жигит ичтерин басып, онтоп жатканын көрүүгө болот. Тасмада Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылгандар милиция тарабынан аёосуз ур-тепкиге алынып сабалганы, арасында Жапаровдун баласы да бар экени айтылат.

Асанбаева: балам катуу сабалды

Мына ушул тасмадан кийин кармалгандардын саламаттыгы боюнча ар кандай маалыматтар тарап кеткен. Айрымдар Садыр Жапаровдун уулунун бооруна операция жасалганын да айтышкан. Бирок Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов интернетке тараган маалыматтар апыртылып чыкканын белгилеп, өзү көргөн абалды мындайча сүрөттөдү.

- Рустам Жапаров менен сүйлөштүм. Сол жаагы бир аз шишип калыптыр. Митинг учурунда шишиди деп айтты. Балким милициянын көзүнчө менден жашырып койгон чыгар. Бирок мага ошентип айтты. Анан бутка тепкен окшойт. Жалпысынан 12 киши менен көрүштүм. Ону милицияга эч кандай доосу жок экенин айтышты. Экөө болсо милиция митинг учурунда катаал күч колдонууга негиз бар беле деп арыз жазды.

Жапаровду жактаган митингди чуу коштоду

Жапаровду жактаган митингди чуу коштоду

25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду коргоо митинги өттү. УКМК алдында топтолгон Жапаровдун тарапташтары милиция менен тирешип, бир нечеси камалды.

Садыр Жапаровдун 20 жаштагы уулу Рустам учурда шаардык милицияда камакта. Анткен менен апасы милициянын маалыматына ишенбейт. Айгүл Асанбаева баласы милиция тарабынан катуу сабалганын айтып, дарылатпастан кайрадан камакка алган тартип сакчыларына капа.

- Балам менин жанымда эле турган, кандайча кармап кеткенин байкабай да калдым. Соккулап, тепкилешиптир. Табарсыкка тебишкен окшойт. Тез жардам чакырып, 4-ооруканага алып барышыптыр. Бирок денеси сыйрылган, эч нерсе болбойт деп кайра камашыптыр. Табарсыгы эмне болгону белгисиз. Балам жакшымын деп койду. Бирок текшертиш керек болчу. УЗИ болбогондон кийин айтыш кыйын да.

Асанбаева Садыр Жапаровдун бөйрөгү алмашылган бир тууганы Дөөлөт да камалып, абалы оорлоп ооруканага жаткырылганын кошумчалады.

Акун милициянын аракетине нааразы

Ишембиде Жапаровдун жүздөн ашык тарапташы менен кошо мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да камалган. Ал беш бала катуу сабалганын өз көзү менен көргөнүн ырастоодо. Мурдагы президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин убагында да далай жолу камалган Акун милициянын соңку аракети бир дагы мыйзамга туура келбейт деп, аларга буйрук берген бийликти айыптоодо.

- Беш бала токмок жеди. Камаса камасын, бирок эмнеге сабашат? Таяк менен, кол менен чабышкан. Бирөөн көзгө тебишиптир. Бул деген кыйноо. Кыргызстан адам укугун урматтоо боюнча бардык эл аралык нормаларга кол койгон. Ошолордун баарын бузду. Милициянын аракети бир да мыйзамга жатпайт.

Ошол эле учурда шаардык милиция бул дооматтарды четке кагып, коомдук коопсуздукту сактоо үчүн мыйзамда каралган гана чаралар көрүлгөнүн айтат.

Шаардык милициянын өкүлү Улан Жукенов митингде кармалгандардын саламаттыгы жакшы экенин айтууда. Анын маалыматына ылайык, акция учурунда беш тартип сакчы митингчилердин ташынан жабыркаган.

- Соттук-медициналык экспертиза өттү. Камалган 12 жарандын ден соолугу жакшы. Эгер ооруп жаткан болчо врачтар деле кое бермек эмес. Денелеринде жаракаттар болсо врачтар ооруканага жаткырмак да.

25-мартта мурдагы парламент депутаты Садыр Жапаров өлкөгө кирип келатканда атайын кызмат Кумтөр чуусу боюнча аны дароо камакка алган. Аны тоскону барган тарапташтары УКМК алдында митинг уюштурушкан.

Милиция митигден 105 адамды кармап, "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү" жана "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча айып таккан.

Биринчи май райондук соту чогулган материалдардын негизинде алардын ишин карап, 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алган. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары сүйлөшүүлөрдөн кийин коё берилген. 12 адамга кылмыш иши козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG