Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Парламенттин сегиз айлык "жемиши"


Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов сегиз айлык ишмердигин баяндаган маалымат жыйын куруп, кабыл алган мыйзамдарын санашты.

Мыйзамдын саны кабелтең, сапатычы?

Жогорку Кеңеш төрагасы менен “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери сессия жыйынтыгын мелдешип алгандай бир убакта чыгарды. Ортодо эки жакка чуркап журналисттер гана убара болду.

Чыныбай Турсунбеков эл өкүлдөрүнүн атынан отчет берип жатып Жогорку Кеңеш 8 айда 160га жакын мыйзам долбоорун кабыл алганын айтты. Анын баамында, бул парламентарийлер үчүн начар көрсөткүч эмес.

- Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары кыска убакыт аралыгында 62 пленардык жыйын өткөрүп, 273 мыйзам долбоору каралды. Анын ичинен 157си кабыл алынып, 98ине президент кол койду. Кабыл алынган мыйзамдардын арасынан 17 мыйзам жаңы иштелип чыкса, 100гө жакын мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Андан тышкары, эл аралык макулдашууларды жана келишимдерди ратификациялоо жөнүндө 40тан ашык мыйзам кабыл алынды. Ошондой эле парламент 797 токтом, 80 протоколдук тапшырма кабыл алды.

Парламент төрагасы мындан тышкары депутаттар эл аралык кызматташтыкта да алгылыктуу иштерди жасаганын тизмектеп өттү.

Чыныбай Турсунбеков отчет берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Деген менен эл өкүлдөрүнүн ишин сынга алгандар басымдуу. Алардын бири “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова. Ал бул чакырылыш депутаттары саны бар сапаты жок мыйзамдарга, популисттик демилгелерге бай болгонун айтууда.

- Депутаттар көп мыйзам кабыл алдык деп мактанып жатышат. Анын 70 пайызы Орусиянын Думасынан көчүрүлгөн. Депутаттар кол тийбестикти алып, эл эсебинен жашап жатса да жарандык коомдун тынчын алып жатат. Элге пайдалуу, антикоррупциялык мыйзамдарды кабыл алгандын ордуна сөз эркиндигин чектөө аракеттери бизди тынчсыздандырат. Шайлоочулар болсо булардан көптү күтүп отурат.

“Республика Ата-Журт” үнсүз оппозициябы?

“Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери сегиз айдын жыйынтыгын чыгарган отчетунда да партия тарабынан сунушталган мыйзамдардын санына басым жасап, шайлоо алдында элге берген убадаларын четинен аткарып жатканын айтты.

Бул фракция парламентте азчылыкты же формалдуу түрдө оппозицияны түзөт. Саясат таануучу Аалыбек Акунов “Республика Ата-Журт” жана анын лидери Өмүрбек Бабанов оппозициялык милдетин аткара албай жатканын сындоодо.

- Императивдик мандатка ээ болгону менен азчылык же оппозициянын депутаттары фракция лидеринен көз каранды болуп жатат. Ар бир депутат өз пикирин айта албайт. Айтса мандатынан ажырайбыз деп коркушат. Экинчиден, ошол фракция лидерлери да көпчүлүк коалицияга каршы чыга албайт. Анткени саясий же стратегиялык пландарын, жеке кызыкчылыктарын көздөп алар менен соодалашат. Андыктан 6-чакырылышта оппозиция деле болгон жок.

Анткен менен фракция лидери Өмүрбек Бабанов мындай сындар суу кечпейт деп эсептейт. Айтымында, аталган фракция үнүн чыгарбай парламенттеги оппозициянын жаңы үлгүсүн түптөп жатат.

- Эл тигил же бул жаман деп кыйкырып чыкса гана оппозиция деп ойлойт. Мен шайлоо алдында да оппозициянын жаңыча көз карашын көрсөтөбүз дегем. Бул деген сөз мыйзамдарды, өзгөртүүлөрдү сунуштоо. Маселелерди чечүү жолун издөө. Биз ошонун баарын аткарып жатабыз. Ал биздин колдон келип жатат. Өкмөт энергохолдинг түзөбүз дегенде биз биринчилерден каршы болдук. Кумтөр маселесин көтөрүп чыктык. Биз оппозициялык милдетибизди аткарып эле жатабыз.

Бабанов: Партия колдосо, президенттикке барам
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

Бул жолку эл өкүлдөрү жарандык коомдун сынына кабылган бир катар чуулгандуу демилгелер менен мурдагыларынан айырмаланчудай. КСДПчы депутат Галина Скрипкина демилгелеген четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды, Кожобек Рыспаев баштаган депутаттардын жалпыга маалымдоо каражаттарын чектөө аракеттери коомчулуктун кызыл чеке талаштарына жол ачкан.

Жоорку Кеңештин 6-чакырылышы 29-октябрда ишин баштаган. Кийинки сессия 1-сентябрда башталат. Эл өкүлдөру эки айлык каникулда жер-жерлерге барып шайлоочулар менен иштешүүсү керек.

XS
SM
MD
LG