Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары “Референдум жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү парламентти таратууга жол ачат деп камтама болушууда.

Мыйзам долбоорунун авторлор тобу өзгөртүүлөр парламентти таратуу коркунучун жаратпайт деп ишендиргенге карабастан аны кароону күзгө калтырууну суранышты.

Айрыкча депутаттарды президенттин парламенттеги өкүлүнүн мыйзам долбоорун колдоо пикири да катуу чочутуп, алар мамлекет башчысынын айтканынан чыкпай иштеп жатышканын айтып, актанганга чейин барышты.

Мандаттан ажырап калбоонун “машакаты”

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Тынчтык Шайназаров сунуштаган “Референдум жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору парламентти бир топ бушайман кылды. Андагы мыйзамдарды референдумга алып чыгуу демилгеси мындан ары 10 миң шайлоочунун колу менен ишке ашат деген ченем депутаттарды бир топ чочутту.

Кожобек Рыспаев

Кожобек Рыспаев

КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев муну парламентти таратууга жол ача турган коркунуч катары кабыл алды:

- Мында мыйзамды киргизүүгө 10 миң адамдын колу эле жетиштүү деп сунуштап жатасыңар. Баш мыйзамда болсо мыйзам чыгаруу демилгеси 300 миң шайлоочуга таандык деп турат. Ошондо 10 миң адамдын колу менен референдумга койгонго жол берилип калышы мүмкүн болуп жатат. Ошондуктан урматтуу депутаттар, бардыгыңыздар шайланып келгенсиздер. Мөөнөтүнөн мурун таркап кеткиңер келбесе, анда бул маселеге көңүл буруп, добуш бериңиздер.

Баяндамачы депутат Алмамбет Шыкмаматов парламентти таратуу эрежеси Конституцияда жазылганын айтып, мында “Референдум жөнүндө” мыйзамга 10 миң шайлоочунун демилге көтөрүү укугун караган гана ченем киргизилип жатканын белгиледи.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов бул мыйзам долбоору укуктук жагынан алганда Баш мыйзамды өзгөртүүгө багытталган эмес деп билдирди:

- Жогорку Кеңешти таркатуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилиши керек. Бул жерде андай болгон жок. Болгону биз референдум өткөрүүнүн тартибин гана иретке салып, аны баш мыйзамга шайкеш келтирүүнү көздөп жатабыз. Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн башка жана референдумга коюлбайт деген тизмедеги маселелерден сырткары бардык жагдайлар боюнча демилге көтөрүп, референдумга алып чыгуу үчүн 10 миң адамдын колун топтоо ченеми тууралуу гана сөз болуп жатат. Мисалы, шаардын атын өзгөртүү же желекти алмаштыруу сыяктуу жалпы улуттук маселелер боюнча референдум өткөрүү үчүн 10 миң адам мыйзамдык демилгени парламенттин кароосуна киргизе алат.

Президентке “ак кызмат” кылгандар

Бирок баяндамачынын бир нече курдай түшүндүрмө бергенине карабастан бир топ депутаттар аны парламентти таратууга жол берген ченем катары карап, мандаттын тагдырына катуу бушайман болушту. Анткени 500 миң долларга чейин төлөп, партиялык тизмеден алдыңкы орун алып, “алтын мандат” аркылуу депутат болуп келгендер бул маселеге айрыкча кабатыр экенин сүйлөгөн сөздөрүнөн байкатып алышты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Камчыбек Жолдошбаев алар президенттин айтканынан чыкпай келишкенин ачык айтып, агынан жарылды:

- 2007-жылы Бакиев дагы ушундай эле мезгилде, мына ушуга окшогон мыйзамды шылтоо кылып туруп эле парламентти таратып салган. Депутаттардын машинелерин көчөдөн эле жыгып алып, жакалап аябай шерменде кылганга чейин барган. Эми биз депутаттар президент же өкмөт сунуштаган мыйзамдарды ойдогудай чыгарып берип жатабыз. Президентти колдоп жатабыз. Урматтуу депутаттар, өзүңөргө өзүңөр көр казбагыла.

Президент өкүлүнүн “ишараты”

Мамлекет башчысынын саясатын колдоону колко кылган мына ушундай саясый чайкоочулукту депутат Камчыбек Жолдошбаевге окшоп көптөрү ачык айтуудан тартынганы менен, бир катар депутаттар мыйзам долбоору парламентти таратууга жол ачабы деп чочулашканы катуу кабатыр болуп, улам-улам кайталап берген суроолорунан байкалды. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев да бул мыйзам долбоорун Атамбаевдин аппараты дагы колдой турганын кыйытты:

- Ошондуктан негизги концепциясын карап, кабыл алып берсеңиздер. Анан кийинки маселелерди сиздер эс алуудан келгенден кийин караштырсак. Негизинен бул маселени аппарат да караганбыз. Ушул мыйзам долбоорун колдосокпу деген жакшы ниетибиз бар.

Баяндамачы депутат Алманбет Шыкмаматов президенттин өкүлү мыйзам долбоорунун автору катары сүйлөгөнүнө таң калып, каяша ыргытканга үлгүрдү. Бирок баяндамачынын сөзү депутаттардын шектенүүсүн азайткан жок.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев президенттин өкүлүнүн сөзүнөн соң күмөн саноо күчөгөнүн айтып, ошентсе дагы кесиптештерин анча эле дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды:

- Мен бул мыйзам долбоорун колдоого даяр элем. Бирок президенттин өкүлү чыгып сүйлөгөндөн кийин ойлонуп калдым. Сиз мыйзамдын автору болбогондон кийин чыгып, сүйлөп анан аны колдогондой болуп жатканыңызга эмне зарылчылык болду? Биздин кесиптешибиз туура айтты. Биз, депутаттар эмне деген гана нерселерди колдоп берип, бул жактан өткөрүп жатабыз. Бирок ар нерсенин чеги бар да. Мен депутат катары эки жолу парламентти таратууну өткөрдүм. Бул мыйзам аркылуу таратпаса деле, биз өзүбүз бир-эки фракция биригип чыгып, тарап кетишибиз деле мүмкүн. Бирок кеп анда эмес да.

Парламентте Аида Салянова жана Чолпон Жакупова баш болгон бир топ депутаттар дагы бул мыйзам долбоорунун парламент эс алууга кетер алдында, шашылыш каралып жатканына кабатыр болушту. Алар долбоордо Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ача турган ченемдер кирсе, анда парламент автоматтык түрдө тараганга аргасыз болорун жүйө келтиришти.

“Референдум өткөрүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүнү караган долбоор биринчи окуудан 95 добуш менен өтүп, ага 11 депутат каршы болду. Эми аталган долбоор конституциялык мыйзам болгондуктан кийинки эки окууда дагы каралып, анан бекитилет.

"Арай көз чарай": Референдум мыйзамынын дүрбөлөңү. 30-июнь, 2016-жыл

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG