Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Жаңы спикер КСДПдан аттанат


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин парламент төрагалыгына болгон дымагы ит жыгылыш менен аяктады. Спикерди шайлоо эмки аптада уланмай болду.

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоого 119 депутат катышты. 14ү эки талапкерге тең каршы добуш берсе, үч бюллетень жараксыз болуп чыкты.

Соңунда спикерликти көксөп жаткан “Кыргызстандын” лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев мелдешкендей, 51ден добуш алып, шайлоо ит жыгылыш менен аяктады. Төрага болуу үчүн кеминде 61 добуш алуу керек болчу.

51:51ге ким ишенет?

Эки талапкердин бирдей добуш алышы, шайлоо жыйынтыгынын жарым сааттай создугушу коомчулукту күдүк ойлорго түртүүдө. Саясий эксперт Самар Сыргабаевдин баамында, шайлоодо талапкерлердин жетиштүү добуш албаганы саясий соодалашуунун уланып жатканын билдирет. Анын айтымында, качан гана бийлик партиясына ыңгайлуу талапкер тандалганда спикер шайланат.

Парламент
Парламент

- Спикерлик орундун талашка түшүшү саясий соодалашуунун бүтпөй жаткандыгын билдирет. Азыр жогорку саясий класста соодалашуу ырбап кетти. Чынын айтканда, мынчалык талаш болору күтүлгөн эмес. Анткени көпчүлүк премьер-министр шайланганда төрага ким болору чечилген деп ойлогон. Талаштын создугуп кетиши саясий күчтөрдүн ортосундагы тирештин күчөп жатканын билдирет.

Анткен менен депутаттар өздөрү тарыхта жок таза шайлоо өткөргөнүн айтышууда. Добуштарды эсептөө комиссиясын жетектеген “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев төраганы тандоодо эч кандай соодалашуу болбогонун айтты:

- Шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары карап отурду. Өзүңүздөр көрдүңүздөр баары ачык өттү. Депутаттарга эч ким таасир эткен жок, бири-бирин карашкан да жок. Ар ким өз каалоосу менен добуш берди. Комиссия добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылды.

Жогорку Кеңештеги спикер шайлоо маселеси боюнча коомдук ишмер, парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев "Азаттыкка" маек курду.
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00
Түз линк

Өмүркулов: спикерликке даярмын

Жээнчороев кошумчалагандай, спикерди тандоо эмки аптада уланат. Бирок ал шайлоого Исаев менен Төрөбаевден башка талапкерлер көрсөтүлөт. “Азаттыкка” өз булактарынын айтканы боюнча төрагалыкка КСДПдан Иса Өмүркулов, “Республика Ата-Журттан” Руслан Казакбаев, “Ата Мекенден” Бахадыр Сулаймановдун талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн. Серепчилер болсо Өмүркуловдун шансын жогору баалап, Исаев менен Төрөбаевдин ит жыгылышы КСДП кызыкчылыгы үчүн оюн болгонун белгилешет. Мурдагы Бишкек мэри Өмүркулов көпчүлүк сунуштаса, парламентти башкарганга даяр экенин жашырбайт.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- Чыныбай Акунович "Исаев менен Төрөбаев ортоңордо чечишкиле, бир талапкер болсун" деп бир нече жолу кайрылган. Эми демократия да, болушкан жок. Экөө тең бирдей добуш алышты. Эми КСДПнын жүзү жарык. Аларга мүмкүнчүлүк бердик. Эми көпчүлүк мени колдосо төрага болууга даярмын. Тажрыйбам жетиштүү. Бийликтин ысыгын да, суугун да көрдүм.

Мындан мурдараак КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков президент, премьер-министр, керек болсо Бишкек мэри да бир партиядан экенин белгилеп, төрагалыкка талапкер көрсөтүлбөй тургандыгын айткан. Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Мурдагы спикер Жогорку Кеңешти төрт жарым жыл башкарган.

Ит жыгылышка айланган спикер шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG