Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Маалымат каражатын сотсуз жабуу демилгеси


Юстиция министрлиги “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, маалымат каражатын сот чечими жок эле жабууну сунуштап жатат.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Алардын эң талаштуусу - маалымат каражатын соттун чечими жок эле жаап салуу демилгеси.

Министрликтин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын адиси Эмир Зулпуев аталган сунуштарды мындайча түшүндүрдү:

- Массалык каражатты түзгөн юридикалык же жеке жактын ишмердигин токтотуу боюнча сот чечими чыкса, маалымат каражаты жабылат. Анткени медиа мекеме ал учурда уюштуруучусу же кожоюну жок калат. Эгерде маалымат каражаты тууралуу мыйзамдын талаптары аткарылбаса, Маданият министрлиги атайын протокол түзүп, аталган медиа каражатка чара көрүү боюнча сотко кайрылат. Биз ушундай өзгөртүүнү "Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү" мыйзамга сунуштап жатабыз.

“Министрликтин сунушу сөз эркиндиги чектейт”

Зулпуев кошумчалагандай, жаңы долбоорго ылайык, эгер маалымат каражаттын ээси каза таап, ал негиздеген ишкананын жумушун улантып кетүүгө мыйзамдуу мураскор жок учурда медиа мекеме сот чечими жок эле жабылат.

Ошондой эле ар бир басылма башкы редактору өзгөргөн учурда Юстиция министрлигине жаңы жетекчилик тууралуу дароо расмий билдирүү берүүгө милдеттендирилет.

Министрликтин бул сунушу медиа уюмдардын, журналисттердин катуу сынына кабылды.

“Медиа полиси” институтунун директору Бегайым Үсөнова Юстиция министрлиги ойлонулбаган, түшүнүксүз сунуштары менен эмнени көздөп жатканына түшүнбөйт. Анын айтымында, маалымат каражатын бир гана сот чечими жаппаса, журналисттердин укугу тебелендиде калат.

- Маалымат каражаты эч убакта кайсы бир министрликтин протоколу менен жабылбашы керек. Сот чечиминин негизинде гана жабылышы керек. Анткени сотто атаандаш эки тарап болот. Эгер ушул мыйзамдын негизинде эле маалымат каражаты сот чечимисиз эле жабыла турган болсо, анда Юстиция министрлиги кызыкдар тарап болуп жатпайбы. Анда журналисттер эч жакка кайрыла албай калат. Сотто болсо үч инстанция болот, тараптар өз таламдарын талашып, күнөөсүз экенин далилдегенге аракет кылышат. Шайлоого тиешеси барбы-жокпу айырмасы жок, бул бардык убакта маанилүү болгон мыйзамсыз иш.

Бийлик журналисттерди тизгиндеп жатабы?

Бийлик шайлоо алдында мыйзамдар аркылуу эркин журналисттерди ооздуктоо аракетин көрүп жатат. Мындай оюн Kyrgyztoday интернет-сайтынын кожоюну, экс-депутат Бегалы Наргозуев ортого салды. Аталган редакцияны айрым саясатчылар жалган маалымат тараткан деген жүйө менен сотко берген, бирок ал сөз эркиндиги эч бир кысымга баш ийбейт деп ишенет.

- Мунун баары басма сөзгө болгон басым. Бийлик ушундай жолдор менен журналисттердин оозун жапкысы келет. Бул демилгелердин “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов жетектеген министрлик тарабынан сунушталышы да тегин жерден эмес. Акыркы убакта бийлик ар кандай жолдор менен журналисттерге болгон чабуулду күчөтүп жатат. Азыркы бийликтеги Атамбаев да, Текебаев да оппозицияда жүргөндө сөз эркиндигин жакташчу. Эми минтип бийликке келгенде тескери иш жасап жатышат.

Деген менен юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындай дооматтарды толугу менен четке какты. Анын ырасташынча, сунушталып жаткан долбоордун иштеп жаткан маалымат каражаттарына эч кандай тиешеси жок.

- Бул сунуштар сөз эркиндигине эч кандай зыян келтирбейт. Биз болгону мыйзамдарды иретке келтирип жатабыз. Иштеп жаткан маалымат каражаттары соттун чечиминин негизинде гана, же өз каалоосу менен жабылат.

Эл аралык Freedom House уюму "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган кезектеги жылдык баяндамасында Кыргызстанды “жарым-жартылай эркин өлкө” деп атады. Буга кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамынын кабыл алынышы да өз кедергисин тийгизген. Анткен менен айрым байкоочулар өлкөдөгү журналисттер сөз эркиндигине жамынып алып жоопкерчилик маселеси унутта калтырганын белгилешет.

XS
SM
MD
LG