Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Конституциялык палатада “кылмыш жасалгандыгы туурасында атайылап жалган билдирүү таратуу” беренесинин Баш мыйзамга шайкештиги боюнча укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын арызы каралды.

Укук коргоочу Кылмыш-жаза кодексинин бул беренеси сөз эркиндигине карама-каршы келип, саясий топтордун кызыкчылыгын көздөп, маалымат каражаттарын ооздуктоого шарт түзөт деген жүйөнү келтирди. Мыйзамдын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова бул берене атайылап жалган билдирүү таратууга карата жоопкерчиликти гана күчөтөт деген ойдо.

Конституциялык палата жети сааттан ашуун кеңешмеден соң аталган берене Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Ошондой эле анын колдонулушу боюнча буга чейин түшүнүксүз болуп келген жагдайларды чечмелеп берди.

Баш мыйзамга шайкештикти издөө

Кылмыш жасалгандыгы тууралуу эл алдында атайылап жалган билдирүү таратууга каршы жаза чарасы Кылмыш-жаза кодексине былтыр киргизилген. Бул боюнча толуктоону парламент былтыр 16-апрелде кабыл алып, президент 17-майда кол койгон. Айрым коомчулук өкүлдөрү муну сөз эркиндигин чектөө жана бул тармакта төрт жыл илгери жоюлган кылмыш жоопкерчилигин кайрадан калыбына келтирүү катары кабыл алган.

Былтыр июнь айында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул берененин Баш мыйзамга шайкештигин аныктап берүү үчүн Конституциялык палатага кайрылган болчу. Жети айдан соң гана соттук кароого коюлган бул маселени арыз ээси Токтайым Үмөталиева өлкөдөгү сөз эркиндиги үчүн чоң коркунуч катары мүнөздөдү:

Токтайым Үмөталиева

Токтайым Үмөталиева

- Бул берене Баш мыйзамдын жети беренесине каршы келет. Коррупцияга каршы туруу боюнча мыйзамдын үч беренесине туура келбейт. Бул мыйзамда жарандар ар кандай көмүскө фактылар боюнча коомчулукка билдирүүгө укугу бар деп жазылган. Эми мына ошол коррупционерлер туурасында маалымат чыга турган болсо, аны жалган билдирүү таратуу беренесинин негизинде сотко берүүгө жол ачылып калды. Мындай мүмкүнчүлүктөн саясатчылар эми эле пайдалана башташты. Бул берененин колдонулушу сөз эркиндиги үчүн өтө коркунучтуу.

Жоопкерчиликтин жоон ортосу табылбай...

Бирок мындай дооматка мыйзамды демилгелеген тарап макул эмес. Жогорку Кеңештин өкүлү бул берене сөз эркиндигин ооздуктоо эмес, жалган айыптоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү чарасын көздөйт деп жүйө келтирди. Мыйзамга толуктоонун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова болсо бул берене сөз эркиндигин ээн ооздуктан айырмалоого өбөлгө түзөт дейт:

- Мен бул жерде “ар бир адам өзүнүн айткан сөзүнө жана жасаган ишине жооп берүүгө тийиш” деген президенттин сөзүнө шилтеме бергим келет. Кимдир бирөөнү далили жок кандайдыр бир оор кылмышка айыптоого жана жазасыз калууга жол берилбеш керек. Бул берене сөз эркиндигин басмырлоого жана маалымат каражаттарына каршы багытталган деген ойго эч качан кошулбаш керек. Бизде “Журналисттин кесиптик ишмердиги жөнүндө" мыйзам бар. Мына ошонун 7-беренесине ылайык, журналист акыйкаттыкты жетекчиликке алып, такталган жана туура маалыматты гана таратууга милдеттүү.

Журналисттерге тузакпы?

Бирөөнү эл алдында атайылап жалган айыптоо үчүн жоопкерчилик миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөгү минималдык айлык акынын өлчөмүндө акчалай жазана салууну же бир жылга чейинки эркинен ажыратууну карайт.

Өтө оор кылмышка атайылап айыптаган жалган билдирүү үчүн жаза чарасы эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөгү минималдуу айлык акынын өлчөмүндө жазана салуу же үч жылга чейинки эркинен ажыратууну көздөйт. Мындай кылмыш уюшма топтун кызыкчылыгы үчүн жасалса айыпкер беш жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев мындай жаза чарасын аша чапкандык катары кабыл алды:

Марат Токоев

Марат Токоев

- Моюнга алуу керек. Айрым учурда кээ бир гезиттер көбүртүп-жабыртып жиберген учурлар бар. Бирок мына ошондой жалган билдирүү болгондо дагы бийлик аны төгүнгө чыгара турган маалымат менен гана күрөшсө болмок. Анан эми ага карата Кылмыш-жаза кодексин колдонуу өтө эле аша чаап кеткендик го. Мындай мыйзамдык курал менен эми журналисттердин сөз эркиндигине болгон укугун чектөө үчүн колдонууга укуктук жактан негиз түзүлүп отурат. Бул деген 2010-жылга чейинки жалган маалымат үчүн кылмыш жоопкерчилигин кайра эле калыбына келтирүү. Болгону аты гана башкача аталышта.

2010-жылы Жогорку Кеңеш адамдын беделине шек келтирүү жана ушак таратууга байланышкан аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салган болчу. Бул өлкөнүн сөз эркиндигин өнүктүрүүгө карата жасаган бараандуу кадамы катары бааланган эле. Бул жолу Конституциялык палата жети сааттан ашуун өз ара кеңешүүдөн соң кодекстин ал беренеси Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Ошол эле кезде Конституциялык палатада арызы канааттандыруусуз калган укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул маселени эл аралык сотко даттанарын жарыялады. Анткени Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдында сөз эркиндигин ооздуктаган мыйзамдарды кабыл албоо боюнча милдеттемеси бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG