Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Сөз эркиндиги: кысым жана жоопкерсиздик


Маалымат жыйыны. Бишкек.
Маалымат жыйыны. Бишкек.

Медиа изилдөөлөргө таянсак, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бийлик же башка күчтөр тарабынан кысымдын ар кандай түрлөрү тымызын колдонулуп жатканы айтылып келет.

7-ноябрь - маалымат жана басма сөз күнүн утурлай “Алиби” гезитинин редакциясы тоноого учурады деген маалымат журналисттер чөйрөсүндө ар кандай пикирлерге жол ачты. 5-ноябрдын түнүндө белгисиз адамдар аталган гезиттин эшигин талкалап кирип, сейфти ачууга аракет кылышкан. Учурда милиция бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Гезиттин негиздөөчүсү Бабырбек Жээнбеков редакцияны тоноо аракетин бийликтен көрүп, эркин журналисттер куугунтукка кабылганын билдирди. Айтымында, гезиттин шейшемби күнкү санында президентке, премьер-министрге карата ачык сындар жазылган.

- Гезиттин өткөн санына президент Атамбаевдин кемчиликтерин сындаган “Унутулган убадалар” деген макала жарык көргөн. Мындан тышкары АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Памела Спратлендин жогорку бийлик жетекчилигине карата сын-пикирин да жарыялаганбыз. Мына ушулардын баары бийликке катуу тийди окшойт. Аталган материалдар башка басма сөз каражаттарында жарыяланган эмес. Менимче, бийлик гезит кабарчыларына ушундай жол менен эскертүү жасап жатат.

“Алибинин” тонолушу кезектеги пиарбы?

Деген менен “Алиби” тонолду деген маалыматты гезиттин атын чыгаруу аракети катары сыпаттагандар да жок эмес. Алардын бири ардагер журналист Үсөн Касыбеков Бабырбековдун дооматын анын жеке саясий кызыкчылыгына байланыштырууда.

- “Алиби” сары басылмалардын бири да. Алардын жазганына эч ким деле ишенбейт. Бийлик аларды тоноп эмне кылмак эле? Бул болгону арзан пиар. Бабырбек Жээнбеков бийликке мен бармын деп, алардын көзүнө көрүнгүсү келип жатса керек.

Гезит ээси Бабырбек Жээнбеков өздөрүн бийликке каршы басылма экенин айтканы менен ал буга чейин Монополияны жөнгө салуу агенттигин башкарып келген. Ал мекемедеги коррупциялык чууга байланыштуу кызматынан алынган.

Журналисттер бийлик тарабынан куугунтукталып, кысымга алынып жатат деген кептердин чындыгы канчалык? Бул суроого Журналисттер кесиптик кошуунунун жетекчиси Мэри Бекешова мындайча жооп узатты:

- Азыр журналисттерге эч кандай деле кысым болгон жок. Бардык эле басылмалар каалаганын жазып жатышат. Эгер бийлик кысымга алгысы келсе, кабарчыларды сот аркылуу же башка жолдор менен деле тизгиндемек.

Курмандыгы жок “куугунтуктар”

Медиа изилдөөлөргө таянсак, акыркы жылдары Кыргызстанда журналисттерге кол салуу фактылары катталган эмес. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бийлик же башка күчтөр тарабынан кысымдын ар кандай түрлөрү тымызын колдонулуп жатканы айтылып келет.

“Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимов жакында эле президент кол койгон мыйзам журналисттерди чектеп койгонун айтат. Аталган мыйзам боюнча жалган маалымат тараткан журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

- Бийлик тарабынан кысым болуп жатат деп айтса болот. Анткени эркин басылмалар бийликти сындаган курч саясий макалаларды жазгандан коркуп калды. Анткени депутат Галина Скрипкина демилгелеген мыйзам бар. Эгер бийликке жакпай калса, ошол мыйзамга негиздеп туруп каматып салышы толук мүмкүн.

Кыргыз журналисттери сөз эркиндигин ашыкча пайдаланып, жоопкерчилик маселесин унутта калтырды. Мындай пикирин маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов ортого салды.

- Кыргыз журналисттери өтө эле эркин. Мындай сөз эркиндиги керек болсо Европада да жок. Ошол эле учурда көп журналисттер жоопкерчилик дегенди билишпейт.

Буга чейин “Вечерний Бишкек” басылмасы талашка түшкөн имаратынын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турат деп, бийликтин кысымына кабылганын жазып чыккан. Ошондой эле “Искра” гезитинин редактору Адилет Айтикеев депутат Өмүрбек Текебаевдин куугунтугунан улам чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгонун жар салып, кийин бул маалыматты төгүндөгөн. Журналисттер айыптаган тараптар болсо мунун баарын жалган жалаа деп жокко чыгарып келишет.

XS
SM
MD
LG