Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

FH: Кыргызстанда пресса эркин эмес


Сөз эркиндиги боюнча дүйнөнүн картасы. Жашыл түскө басма сөзү эркин, сарыга-жарым жартылай эркин, көк түскө эркин эмес өлкөлөр боёлгон.
Сөз эркиндиги боюнча дүйнөнүн картасы. Жашыл түскө басма сөзү эркин, сарыга-жарым жартылай эркин, көк түскө эркин эмес өлкөлөр боёлгон.

Freedom House уюмунун дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча баяндамасында Кыргызстан 147- орунга илинип, алдыга жылды.

Кыргызстан былтыркыга караганда он бир орунга алдыга жылганы менен эркин эмес өлкөлөрдүн катарында кала берүүдө. Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы жакшырган бирден бир өлкө катары баяндамада көрсөтүлгөнү менен парламент жакында эле сөз эркиндигин чектөөгө байланышкан мыйзамды кабылдап, президенттин кол коюусуна жөнөткөнү белгиленген эмес. Ошол эле кезде жергиликтүү медиа-эксперттер прессага түздөн түз басым болбогону менен анын бийликчил багытка оогон тенденциясы күчөп жатканын белгилешүүдө.

Борбор Азиядагы жалгыз “жарык”

Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы боюнча былтыр 158 - орунда болсо, быйыл он бир орун алдыга жылды. Бирок өлкө ага карабастан маалымат каражаттары эркин эмес мамлекеттердин катарынан чыга элек. Кыргызстан мурдагы союздук республикалардан Армения, Молдова жана Украинадан катар сабы боюнча артта турганы менен Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан ат чабым алдыда. Кыргызстандын бул чоң-кичине коңшулары сөз эркиндигинин абалы боюнча эң арткы сапты толуктаган.

"Фридом Хаустун" долбоорлор боюнча директору Карин Карлекар Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын мындайча мүнөздөдү:

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынына катышкан журналисттер. 24-декабрь, 2012-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынына катышкан журналисттер. 24-декабрь, 2012-жыл.
- Кыргызстанды Борбор Азиядагы бирден бир жарык так катары атаар элем. Ал дагы деле эркин эместердин сабында турганы менен, бирок анын катар орду аймактагы башка өлкөлөрдөн бир топ жакшы. Быйыл биз Кыргызстанда бир катар оң жылыштарды байкадык. Журналисттерге кол салуунун саны жана басма сөзгө каршы сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды колдонуу жагы кыскарды.

"Фридом Хаус" эл аралык уюму дүйнө жүзүндөгү 197 мамлекетте сөз эркиндигинин абалы боюнча мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында дүйнө калкынын 14,5 пайызы гана толук сөз эркиндиги бар өлкөлөрдө жашай турганы аныкталган. Ал эми дүйнөнүн калган бөлүгүндө көз карандысыз пикирди басмырлоо, эркин көз карашты көзөмөлдөө өнөкөтү дагы эле күч. Айрыкча Жакынкы Чыгыштагы жана Евразия мейкиндигиндеги соңку саясий кырдаал андагы сөз эркиндигинин кооптуу чекке түшүшүнө өбөлгө болгон. "Фридом Хаустун" долбоорлор боюнча директору Карин Карлекар аймактагы абал боюнча мына буларга токтолду:

- Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө абал аябай эле начар. Аймактагы беш өлкөнүн экөөсү сөз эркиндигинин абалы абдан начар дегендердин сабында. Казакстан менен Тажикстандын деле абалы жакшы эмес. Ошондо жалпысынан медиа мейкиндиктеги абал начарлап, чектөөлөр аябай көбөйүүдө. Казакстанда болсо, сот чечимдеринде сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды колдонуу өнөкөтү күчөгөнүн байкадык.


Оппозициянын үнү элге жетеби?

Анткен менен жергиликтүү медиа-эксперттер Кыргызстанда деле сөз эркиндигинин абалы бир кылка эмес деген пикирде. Өлкөдө оппозициялык маанайдагы же көз карандысыз маалымат каражаттары болгону менен алар бийликчил медианын алдында чабал экени байкалган. Медиа-эксперт Бурул Усманалиева соңку мезгилде көпчүлүк маалымат каражаттары бийликке ыктаган позицияга өтүп алышканын белгиледи:

- Оппозициялык күчтөрдүн жеке менчик телеканалдары бар. Бирок алар кубаттуу болуп, өлкөнүн бардык аймагын камтууга жетишпейт. Анан аларда нускасы 3 нускага жетпеген гезиттери бар. Ошол эле кезде башка көз каранды эмес маалымат каражаттары бийликчил тилкеге өтүп, анын сөзүн сүйлөй баштады. Негизи бул жагдай административдик жана каржылык рычагдарга байланыштуу. Мына ошолор кимде болсо ММКнын бардыгы ошонун колуна топтолот. Бизде азыр мына ошондой президент Атамбаевдин таасирине карап, ыңгайланышкан маалымат каражаттары көбөйүүдө.

Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.
Медиа-эксперт Максуда Айтиеванын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгү өлкөдөгү саясий жана каржылык топтордун көзөмөлүндө. Медианын каржылык эркиндиги калыптанбай жатканын айткан эксперт Максуда Айтиева сөз эркиндигине тоскоол болгон үч негизги жагдайга токтолду:

- Биринчиден, биздеги журналистиканын сапаты жакшы эмес. Экинчиден, медиа мейкиндикти колунда каржысы бар саясий чөйрө көзөмөлдөйт. Мына ошол демөөрчүлөргө болгон муктаждык күчтүү. Анткени ММКнын эгемен каржы булагы жок. Үчүнчүдөн, биздин журналисттерде өздүк цензура дагы эле күчтүү.

Ошол эле кезде өткөн 16-апрелде парламент жалган маалымат үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоорун бекитти. Учурда бул документ президенттин кол коюусунда турат. Бирок журналисттер коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү муну сөз эркиндигин чектөөгө багытталган укуктук ченем катары баалап, президентти ага кол коюудан баш тартууга чакырышууда.
XS
SM
MD
LG