Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Караколдогу митингге катышкандар соттолду


Караколдогу митинг, 7-октябрь, 2013-жыл. (Тимур Акбашевдин фотосу)
Караколдогу митинг, 7-октябрь, 2013-жыл. (Тимур Акбашевдин фотосу)

7-октябрда Караколдо болгон Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштургандардын төртөө 4 жылдан 8 жылга чейин күчөтүлгөн режимдеги абакка, калган төртөө шарттуу мөөнөткө жаза алышты.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев 7-октябрда Караколдогу башаламандыктар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өмүрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук кылуу беренелери боюнча Наристе Калчаев менен Жыргалбек Маджитовду 8 жылга, Каныбек Мадаминов менен Улан Чибутовду 4 жылга күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратты. Мындан сырткары тополоңдун катышуучулары Калык уулу Аскат, Турдубай уулу Саламат жана Турсунбек уулу Азамат 2 жылга, Бакай Акбаров 3 жылга шарттуу түрдө кесилди.

Сот өкүмүнө ылайык, тополоң учурунда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын айып аянтчасына токтотулган “Мерседес-Бенц” жана “Фольксваген Венто” үлгүсүндөгү машинелер мамлекет эсебине чегерилди.

Сот өкүмү саясий чечимби?

Деген менен соттолгондордун жактоочусу Динара Медетова коюлган беренелердин бирөө боюнча да айыптары далилденбегенин айтып, сот өкүмүн саясий чечим деп баалады:

Караколдогу митинг. 7-октябрь, 2013-жыл.
Караколдогу митинг. 7-октябрь, 2013-жыл.
- Соттун чечими бир да мыйзамга туура келбейт. Анткени соттук териштирүүдө сегизинин тең күнөөсү далилденген эмес. Жабырлануучулардын бирөө дагы соттолгон балдарды күнөөлүү катары тааный алган жок. Атүгүл Эмилбек Каптагаев өзүн барымтага алган балдардын арасында соттолуучулардын бирөө да болбогонун айтты. Ошондуктан муну мен саясий чечим деп эсептейм. Кылмыш иши боюнча бир да далил жок. Бул өкүм менен чыныгы кылмышкерлер жазасыз калып жатат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев болсо күнөөлүүлөр мыйзам алдында өз жазаларын алышы керек деген ойдо. Анын ишендиришинче, соттун ишине бийлик тараптан эч ким кийлигише албайт.

- Ар ким кылган күнөөсүнө жараша жазасын алышы керек. Ким мыйзамды бузса же кылмыш кылса, сот алдында жооп бериши керек да. Мен муну бир гана губернатор катары эмес, Кыргызстандын жараны катары айттым.

Жөн жатпаган Саруу...

Ал эми саруулук активисттердин бири Кайрат Качаганов Кумтөргө, сот чечимине байланыштуу каршылык акциялары кайрадан уланарын айтууда.

- Азыр Сарууда боз үйлөр тигилип, желектер илинип жатат. Мыйзам чегинде нааразылык акцияларын улантабыз. Учурда саруулуктар чогулуп, кийинки кадамдарыбызды талкуулап жатабыз. Эл көп топтолууда. Кудай буюрса эртеңдерден боз үйлөрдү тигип, Кумтөр маселесин кайрадан жандантабыз.

Анткен менен Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Сарууда абал тынч экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Азыркы тапта Сарууда абал туруктуу. Митингге чыгып, боз үй тиккендер жок. Эч кандай нааразылык акциялары деле болгон жок.

2013-жылдын 7-октябрында Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы ортосундагы меморандумга каршы акция башаламандыктар менен коштолгон. Бул окуяны уюштурду деген шек менен 10-октябрда УКМК тарабынан 18 адам кармалып, алардын ону кийин бошотулган. Ушул эле Биринчи май райондук соту тарабынан Кумтөрдүн топ-менеджери Дуглас Гриерден 3 млн. доллар акчаны опузалап талап кылды деп айыпталган Бахтияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев 10-февралда 7 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG