Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Курманов менен Жунушбаев он эки жылга соттолобу?


2013-жылдын 14-ноябрында өткөн соттук отурум.
2013-жылдын 14-ноябрында өткөн соттук отурум.

Мамлекеттик айыптоочу “Кумтөр” ишканасынын өкүлүнөн 3 млн. доллар талап кылды делген Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду 12 жылга чейин күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну соттон суранды.

Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу Талант Раимбеков “Кумтөр оперейтинг” ишканасынын топ-менеджеринен 3 млн. доллар акча талап кылды деп айыпталгандар: Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановго айыптарын угузду.

Анда прокурор соттук териштирүү убагында айыпталуучулардын күнөөлөрү толугу менен далилденгенин айтып, Курмановду 12 жылга, Жунушбаевди 9 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну жана мүлктөрүн толугу менен мамлекет эсебине алууну соттон суранды. Жунушбаев менен Курмановго "массалык башаламандыктарды уюштуруу", "бейбаштык", "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча айып тагылууда.

Айыпталуучулар сөз сүйлөө үчүн убакыт сурагандыктан сот отуруму 10-февралда улантылат. Деген менен айыпталуучулардын жактоочусу Чынара Жакупбекова коюлган беренелер жактоочуларына тиешеси жок экенин айтып, прокурорго нааразылыгын билдирүүдө:

Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев.
Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев.
- Прокурор 30-31-майдагы окуяларды да булардын мойнуна илип койду. Анан 3 млн. доллар доолады дегенди да кошуп жатат. Негизи тартылып алынган видеотасма монтаждалган. Эгер тигилер акча алып жатканда кармап алса бир жөн. Айыптоонун баары негизсиз. Массалык башаламандыктар болуп жатканда балдар УКМКнын тергөө абагында болсо, каяктан уюштуруучу болот? Прокурордун койгон айыптарына такыр түшүнгөн жокмун. Анткени Курманов менен Жунушбаевге тиешеси жок беренелер боюнча айып тагып жатат. Уят деген болуш керек да.

Ал ортодо айыпталуучулардын мурдагы адвокаты Эркин Булекбаев Жунушбаев менен Курмановдун соттук иши саясий соодалашууга айланганын айтып чыкты.

Булекбаев буга өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев айыпталуучулар менен жолугуп, аларга сөз бергенин жүйөө келтирүүдө.

- Жунушбаев менен Курмановдун туугандарынын айтымында, губернатор Каптагаев балдарга “эгер адвокат Булекбаевден баш тартсаңар сотто жеңилдик болот, акталышыңар мүмкүн” деп айтыптыр. Ал балдар менен УКМКнын тергөө абагына кирип сүйлөшүп чыккан. Бийлик эптеп эле балдарды алдап, камаштын камын көрүп жатат. Бир сөз менен айтканда, бул соттук териштирүү саясий соодалашууга айланды.

Ал эми Эмилбек Каптагаев Булекбаевди чагымчы деп атап, сот менен эч ким соодалашууга барбай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди:

- Биринчиден, сот үчүн жооп бергидей менде андай ыйгарым укук жок. Экинчиден, Булекбаев чагымчылдык кылып, элди элге, кишини кишиге тукуруп, ушул чатакты ырбатуу үчүн атайын ушак таратып жатат. Бул жүз пайыз калп, Булекбаев каратып туруп карандай жалган сүйлөйт. Сот жараяны боюнча айтсак, ар ким кылган күнөөсүнө жараша жазасын алышы керек. Мен муну бир гана губернатор катары эмес, Кыргызстандын жараны катары айтам.

Ал эми Саруу айылынын активисттеринин бири Кайрат Качаганов эгер сот балдарды эркинен ажыратса, жердештери жөн жатпай тургандыгын айтууда:

- Эми Сарууда 12 миңге жакын жашоочу бар. Алардын ар бири "саруулук бир да жигит камалбасын" деп талап коюп жатышат. Биз азыр сот өкүмүн күтүп жатабыз. Эгер балдарды соттоп жибере турган болсо элдин баары чогулуп, чечкиндүү бир чечим кабыл алабыз. Негизи алар соттолбошу керек. Анткени алар "Кумтөр эл үчүн иштеш керек" деп талап коюп чыгышкан.

Айыпталуучулар Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов жашыруун тартылып алынган видеотасманын негизинде “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден 3 млн. доллар акчаны опузалап талап кылды деген шек менен 30-августта УКМКнын тергөө абагына камалган эле.
XS
SM
MD
LG