Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:23

“Кумтөр” кенине каршы нааразычылык акциясын уюштуруп келаткан Саруу айылынын тургундары айылга өз чечимдери менен “чукул кырдаал” киргизип алышты.

Алар муну укук коргоо органдарынын аракетине каршы уюштурушканын айтышууда. Ал эми укук коргоо органдары саруулуктардын аракетин мыйзамсыз жана бул кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн жасалган кадам деп баалап жатат.

"Өзгөчө абал" менен эле кырдаал өзгөрөбү?

Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары 19 жаштан 48 жашка чейинкилерден ыктыярчы кошуундарды уюштуруп, өз чечимдери менен айылга чукул кырдаал жарыялашты. Саруудагы “Кумтор - эл байлыгы” кыймылынын жетекчиси Замир Миңдибаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, "чукул кырдаал" 23-декабрда “Кумтөр” маселеси Жогорку Кеңеште чечилип, буга чейин камалган айылдаштары бошотулмайынча улана берет. Ал күн сайын кечки 10дон эртең мененки 9га чейин созулмакчы.

- Элдик башкаруунун чечими менен айылга аскердик абал киргиздик. Армияга барып келгендер чакырылды. Айылдыктардын колдоосу менен 20дай автоунаага май куюлуп, бардык позицияларга жайгаштырылды. Штабдын ичинде болсо жүздөй бала турат. Таштарды алып келип төктүрүп койдук. Кечки 10дон тарта окуучулар көчөгө чыкпасын, ал эми түнкү 12ден баштап, айылдын машиналары жүрбөсүн деген чечим кабыл алынды.
Мыйзамда өзгөчө кырдаалды президент жана Жогорку Кеңеш гана киргизе алат деп так жазылган. Саруудагыдай жарандар өздөрү “өзгөчө кырдаал" киргизип алышы - бул мыйзамдарды, өлкөнү, дегеле Кыргыз мамлекетин сыйлабастык, ээнбаштык...

Айылда “коменданттык саат” киргизүү чечими 9-декабрда Саруу айылынын дагы 4 тургунун укук коргоо органдары суракка чакырып келгенден кийин кабыл алынган. “Өзгөчө кырдаал” учурунда айылдагы ар бир чоочун унаа кошуундар тарабынан текшерилет, бирок Балыкчы-Каракол жолу тосулбайт деп кошумчалады Миңдибаев:

- Колдоруна “Элдик кошуун” деп жазып, нөөмөттө турган адамдарды бекиттик. Буйруса бүгүн рация келет. Төрт жерге рация коюп, ошону менен сүйлөшүп турабыз. Кечээ “бысмылда” дегенде эле 500дөй киши чогулду. Кээ бири “элдик кошуун” деген жазуусу бар кийим менен, башкалары аскердик форма кийип, айылда кызматыбызды өтөп жатабыз.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы саруулуктардын “өзгөчө кырдаал жарыяладык" дегенин дароо эле мыйзамсыз жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн жасалган аракет деп эсептээрин билдирди. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларга токтолду:

- 9-декабрда тергөөчүлөр Саруу айылында болушуп, козголгон кылмыш иши боюнча тийиштүү адамдарды суракка чакырган кагаздарды берген болчу. Алар ошого каршы болуп, бүгүн өзгөчө кырдаал киргиздик деген маалымат беришүүдө. Бул эч бир мыйзамдын талабына жатпаган аракет.

Баш мыйзам боюнча, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал абалын президент гана жарыялайт. Атап айтканда, Конституцияда “президент өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет жана ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет” деп жазылган. Мындан тышкары, “Өзгөчө кырдаалдар жөнүндөгү” конституциялык мыйзам да бар.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду:

- “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жөнүндөгү” мыйзамында Кыргызстандын аймагында же анын кайсы бир бөлүгүндө өзгөчө кырдаалды президент жана Жогорку Кеңеш гана киргизе алат деп так жазылган. Өзгөчө кырдаал 30 же 60 күнгө киргизилет. Андан кийин абалга жараша токтотулат же улантылат. Ал эми “өзгөчө кырдаал киргизип алдык” дегендер тууралуу айтсам, бул мыйзамдарды, өлкөнү, дегеле Кыргыз мамлекетин сыйлабастык, ээнбаштык. Эгер алардын укугу бузулуп, же укук коргоо органдары түндө келип алып кетет деп кооптонсо, анда Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага, ИИМге кайрылып, укуктарын коргосо болот да. Балким алар бул аракеттерди жакшы ойлор же сезимдер менен жасап жаткандыр, бирок бул кылгандары мамлекетке абдан чоң зыян алып келет. Ушундай иштер демократияны сындап келаткандардын чырагына май тамызып, Кыргызстанга демократия жарашпайт деген сөздөрдү пайда кылып жатат.

Кырдаал кантип жөнгө салынат?

7-октябрда Каракол шаарында өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон митинг боюнча кылмыш иши козголуп, 23 адам камака алынган. Учурда алардын сегизи УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Камактагылардын баарын бошотуу талабы менен 7-октябрдан бери Саруу айылынын тургундары утур-утур нааразылык акцияларын уюштуруп келүүдө.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү жакында Жети-Өгүз районунун Саруу айылына барып келди. Фракция мүчөсү, депутат Туратбек Мадылбеков кризистен чыгуунун жолун түшүндүрүү иштеринен жана сүйлөшүүдөн гана көрөт.

- Аткаминерлер “силердики туура эмес, биздики гана туура” деп көшөрүп алганда болбойт. Жергиликтүү, облустук жана республикалык болобу, мамлекеттик жетекчилер мунасага келип, чечиле турган маселелерин чечип берип коюш керек. Эгер чечилбей тургандары болсо, аларды да ачык айтыш керек.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин пикиринде, Саруудагы кырдаалды пайдаланып кетүүгө кызыктар күчтөр бар.

- Албетте чектен чыгып, губернаторду барымтага алган жана башка да мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн ал балдар жооп бериши керек. Экинчи жагынан, көп создуктурбастан кармалган балдардын күнөөсү аныкталганын жоопкерчиликке тартып, далилденбегенин тезирээк коё берүү зарыл. Себеби ишти канчалык создуктурган сайын кырдаалды өз пайдасына колдонууну каалаган амалкөйлөр, саясатчылар толтура. Башка да күчтөр, топтор бар.

Жогорку Кеңеш 23-октябрда “Центерра Голд” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы меморандумдун долбоорун карап, аны жактырган эмес. Парламент Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүүнү, эгер “Центерра Голд” буга макул болбосо келишимдерден бир тараптуу чыгууну тапшырган. Өкмөткө сүйлөшүү үчүн берилген мөөнөт 23-декабрда аяктайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG