Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31
87 жаштагы Бүбүйра Кыдыралиеванын сай-сөөктү сыздаткан сөздөрү, каректеринен сызылып чыккан көз жашы намысымды ойготуп, ушул блогду жазууга аргасыз кылды...


Бүбүйрасы ким эле дегендерге...

Бүбүйра Кыдыралиева 1937-38-жылдардагы Сталиндик катаал репрессиянын курмандыктары болгон кыргыз элинин бейкүнөө каймактары Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана Баялы Исакеев баштаган 137 кишинин сөөгү көмүлгөн “Ата-Бейитти” ачкан адам. Ал атасынын керээзин 17 жыл бою сары майдай сактап, 1990-жылы гана улуттук сырды шардана кылганда ит аткандай атылган кыргыздын кыйындарынын сөөгү ак кепинделип жерге берилген. Кийин “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине Чыңгыз Айтматовдун жана Апрель баатырларынын да сөөгү жашырылган.

Мына ушул Бүбүйра апа менен көптөн бери жолуксам деп дегдеп жүрдүм эле акыры бул тилегим да орундалды. Бир чети тарыхый чындыкты каармандын өз оозунан эшиткениме кубансам, экинчи чети Бүбүйра апанын унутта калган эрдиги жана азыркы оор тагдыры мени терең ойго салды.

Бүбүйра апа 87нин тамагын ичип жатса да, мындан 41 жыл мурунку атасынын керээзи болгон Чоң-Таш сырын кечээ болуп өткөндөй төкпөй-чачпай, үтүр чекитине чейин айтып отурду. Ашказан дартына чалдыккан апа улам-улам чайдан ууртап, бирде көз жашын көлдөтсө, бирде чымырканып тарыхый сырдын ачыкка чыгышын берилүү менен улантты. А кишинин оозун карап отуруп 3 саат кантип өткөнүн байкабай калыпмын...

Бирок ушул чүкөдөй болгон Бүбүйра апанын көргөн күнү курусун. Анын кыргыз эли үчүн жасаган эрдиги дагы деле татыктуу бааланбай келгени мени катуу ызаландырды. Байкуш кишинин бул жашоодо согончогу канаган эмес, ошентсе да балдар үйүндөгү кароосуз балдар, туугандарынын чүрпөлөрү болуп отуруп 14 баланы багып өстүрөт. Азыр алар апасын бакмак тургай өздөрү эптеп күн көрүп келишет. Ал азыр инисинин кызынын үйүндө жашайт. Ал да турмуштан жолу болбой, 18 жаштагы кызын жалгыз тарбиялап жаткан экен. “Кызы бой жетти, өзү да бирөөнүн колун кармап кетсе жакшы болот эле. Антейин десем менден айбыгып жатышса керек. Бир бөлмөлүү жатакана болсо деле буларга тоскоол болбой, өзүнчө жашап кетет элем” деп ымандай сырын төгүп жиберди. Көрсө Бүбүйра апа болгону 6 миң сом пенсия алат тура. Анысы же дары-дармекке, же тамака-ашка жетпейт. Өзү да ашказан жарасы деген оору менен көптөн бери алпурушуп келет.

“Эрдик” менен алдаган Акаев

Бүбүйра апанын улуу сырдын бетин ачып, арбактарды ак кепиндеткен эмгеги үчүн 2000-жылы ошол кездеги президент “Эрдик” медалы менен сыйлап, кичинекей балага упчу бергендей алаксытып коёт. Мындай карасаң аталган медаль сууга түшүп кеткендерди куткарган жаш балдарга деле берилип жатпайбы. Мына мамлекеттик бийликтин тарыхка берген баасы, арбак алдындагы таазими! Аталган медалдын аты эле болбосо, эч кандай пайда-батасы жок.

Бийлик башындагыларга караганда карапайым студенттер чоң жардам кылышыптыр. Мындан эки жыл мурун жогоркуу окуу жайларынын биринен жоон топ студент апага эки мүшөк ун, бир-эки баштык тамак-аш азыктарын үйүнө берип кетишет. Апа сүйүнгөнүнөн алардын аттарын да сурабай калат. Эрдигиңиз үчүн мамлекет тарабынан кандай жардам болду десем, апа көпкө ойлонуп ушул окуяны эстеди. И баса акыйкаттык үчүн айтып коёлу. Кесиптешим Абдыбек Казиев жаш болсо да бул маселеге кайрылып жүрөт. Апаны Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайдын ардактуу профессору кылыптыр. Ошол дипломду сыймыктануу менен көрсөттү. (Мен билгенден ардактуу профессорлорго бир аз тыйын төлөнчү эле. Бирок Бүбүйра апа андан да куру калгандай)

Ата арбагына “оозеки” сыйынгандар...

Мен эмоцияга алдырып катуу кетишим мүмкүн, бирок эмоциясыз чындыкты айтуу мүмкүн эмес деп ойлойм. Көрсө, шордуу кыргыз эли жарма патриоттордун мекенине айланганын өзүбүз да сезбей калган заманга жетиптирбиз. Калп эле төштү кагып, репрессия курмандыктары эч качан унутулбайт, арбактардын алдында ар дайым таазим этебиз деп кооз сөздөрдү президент баш болуп эч жери кыйшайбай эле сайрап келишет. Кыйраткансып 7-ноябрды курмандыктарды “оозеки” эскерүү күнү да кыла коюшту. Чын-чынына келгенде ошол курмандыктардын кайда экенин таап берген апабыздын эрдигин эмнеге баалабайбыз ушу кезге чейин? Эмнеге Бүбүйра апаны эстебейбиз? Анан да бардык маселени мамлекеттик идеологияга такап туруп, көп чекит койгонду адат кылып алдык. Балким Бүбүйра апанын карт тарыхка кошкон салымы жаштарга жетсе, эл жакшылары эмне үчүн “эл душманы” аталганын туура түшүндүрсөк ушул деле идеология болуп жүрбөсүн?!

Мамлекет үй же машине берүүгө милдеттүү эмес да деп мурдуңуздү чүйрүшүңүз мүмкүн. Бирок кыргыз үчүн кылымдык ачылыштын баасы керек болсо үйдөн да жогору турушу керек да. Же мындай эмеспи?

Байкуш киши буга чейин деле үй бербесеңер өрттөнүп өлөм деп эч кимге деле доомат артпаптыр, жарма патриоттордун эшигин да какпаптыр. Бирок президент Атамбаевге, премьер-министр Сатыбалдиевге, спикер Жээнбековго жазган каттары жоопсуз калганы шагын сындырып, апанын бүгүнкү бийликтен болгон үмүтүн түбөлүккө үзүп койгондой....

Айтматовдор неге тымпыят?

Дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун арбагына шек келтиргим келбейт. Бирок ал киши атасынын арбагы үчүн Бүбүйра апаны ыраазы кылып койсо болот беле? Бейажал өлгөн атасынын сөөгүн таап берген кишини ыраазы кылуу ар бир ата уулунун парзы деп билем. (Түф-түф, кудай мындайды бербесин!) Айтматов ошо кезде үй болобу, каражат болобу калем учу менен чечип койчу маселе эле да. Ооздон чыккан жел аткарылмак деп билем.

Бирок муну Чыңгыз Айтматов өзү да, башкасы да жасаган жок тилекке каршы. Айтматов жасабаган ишти, анын балдары жасаарына деле ишенбейм. Тарыхка, ата-бабабыздын өтмүшүнө болгон кайдыгерлик, кенебестик эмнеден кабар берет? Же биз көзүбүз өткөндөн кийин сөөгүбүз эмне болорун алдын-ала билебизби? Келгиле, кыргыздын жарма патриоттору, маркумдар даңкталмайын тирүүлөр баркталбасын эске салалы. Өмүрү кийбеген калпакты баса кийип, калп эле элге күйүмдүү киши болуп куран окуп, алакан жаюудан мурда “Ата-Бейитке” гүл коюудан мурда “Чоң-Таш” сырын эске салып, төрүнөн көрү жакын калган Бүбүйра апаны ыраазы кылсак кантет?!

Өкмөт акеге кыстырма

(Мен Бүбүйра апа менен сүйлөшүп отурганда башбакан түш көргөнбү, айтор Жантөрө Сатыбалдиев жөнөттү деп өкмөттөн эки кызматкер келип, ападан кабар алып кетишти. Жантөрө Жолдошевичке кайрылар элем, кызматкерлериңизди кабыл алуудан мурда ушул блогума да көз жүгүртүп койсоңуз ашыкча болбос...)
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG