Линктер

Эс алуучулар Ысык-Көлгө агылып жаткан маалда Боом капчыгайындагы таштардын беймаал кулашы, сел каптоолор жүргүнчүлөрдү чочутууда. Айрым эксперттер Боомдогу кырсыктарды жолдун чала бүткөнү менен байланыштырууда.

Боом капчыгайынан өтүү жүргүнчүлөр үчүн тобокелге айланды. Бишкек – Балыкчы жолуна дээрлик күн сайын аскалардан шагыл-таштын кулашы, сел каптоолор өзгөчө Ысык-Көлгө агылган эс алуучулардын жүрөк үшүн алууда. 30-июлда кулаган таштан бир адамдын бейажал өлүмү кооптонууларды күчөттү.

Жол кызматкери Ильяз Орозобаев таштар кулабайт деген кепилдиктин жоктугун айтууда.

- Өткөндө “Хонда степ” унаасынын так үстүнө таш кулап, алдыда отурган жүргүнчү каза болду. Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымы кооптуу бойдон калууда. Бир аз мурда бир машине ушул жерге токтоп алыптыр. Айдагыла десек болгон эмес. Таш кулай баштаганда качып кутулушту. Таштар ар кайсы жерден кулап жатат. Андыктан кепилдик жок.

Жол чала бүткөнбү?

Үстөккө-босток кулаган таштарды, күн алыс жүргөн суу каптоолорду жолчулар жаан-чачындын көптүгүнө шылтап келишет. Деген менен айдоочулар кырсыктардын себебин жолдун сапатсыз курулушунан көрүүдө. Эрлан Жолдошбаев күн сайын борбордон Ысык-Көлгө эл ташып иштейт.

- Мурда мындай маселе жок болчу. Жол жасалгандан бери ушинтип калды. Жолго таш түшкөндө 2-3 саат тыгында туруп калабыз. Кээде түн ичинде баратсаң таш түшөт. Же жарыктар жок. Жүргүнчүлөр үчүн абдан эле кооптуу болуп жатат. Суулар үчүн жээктерде канал болсо жакшы болмок. Же көпүрөлөр курулган эмес. Кыскасы жол сапатсыз, толук бүткөн эмес.

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун проектисин “Кыргыздортранспроект” долбоорлоо институту чийип, кытайлык China Road компаниясы ишке ашырган. Жол бүткөндө Транспорт министрлиги кабыл алган.

Институттун башкы инженери Талантбек Солтобаев айтылган дооматтарды четке кагып, кулаган таштарды күтүлбөгөн кырсык деп сыпаттап жатат.

- Боомдогу өтө коркунучтуу жерлерге дубал тургузганбыз. Бул жер андай аймакка кирбейт. Анткени биз геологиялык изилдөө жүргүзгөнбүз. Бул аймактын топурагы катуу кыртышка кирет. Көп деле кулабайт. Болгону быйыл жаан-чачын көп болуп таштардын айланасы бошоп калган. Топурак жаанга эзилгенде таштар кулап жатат. Азыр Транспорт министрлигине кырсыкты алдын алуу үчүн сунуш даярдап жатабыз. Дубал тосуу, кыртышка бак-дарак, чөп өстүрүү же тоо бетине зым тосмо тартуу сыяктуу жолдору бар.

Адистердин баамында, бийик аскалуу тоо кыртышы жол курулушу учурунда козголуп, бошоңдоп калган. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай аймактарга зымдан тор тартылып, таш кулоолор алдын алынган.

Ушул жылдын 18-июлунда нөшөрлөгөн жаандан улам Бишкек – Балыкчы жолунун айрым бөлүктөрүн сел каптаган. Тоодон түшкөн кыян автоунаалардын кыймылын токтотуп, жол жээгиндеги “Жибек жолу” кафесин ылай сууга толтурган. Кафенин кожоюну Токтосун Абдыкадыров 400 миң сом чыгым тартса да тиешелүү мекемелердин жардам бербей жатканына капа.

- Сел кафенин туш тарабынан кирип, жертөлө ылай сууга толуп калды. Азык-түлүктүн баары жарабай калды. Жалпысынан 300-400 миң сомдой чыгым тарттым. Кафе 15 күндөй иштебей турду. Же Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, же айыл өкмөт жардам берген жок. Келип карап, кетип калышты. Майрам болгондо жетип келип акча сурашчу. Азыр эч кимиси жок.

Токтосун мырза суу каптоо асфальт астында көпүрөнүн жоктугунан болду деп эсептейт. Күйүп-бышкан кафе кожоюну эски жолдо кыян суулар үчүн атайын көпүрөлөр болгонун, жаңы долбоордо алар унутта калганын көрсөтүп берди.

- Мурда бул жерде эки көпүрө бар болчу. Карагыла, тоо тарапта эки көпүрө, темир жолдо бир көпүрө турат. Анан эле орто жолдо асфальтка көпүрө салынбай калган. Ушул жерди казса, эски көпүрө деле чыгат. Мен бул жерде көптөн бери жашап, өз көзүм менен көргөм. Эгер көпүрө болгондо сел сайды көздөй агып кетмек. Биз жакка суу келмек эмес.

Унутулган көпүрө...

Долбоор боюнча Бишкек – Балыкчы жолунун 130-144-чакырым аралыгына эни 1 – 1,5 метрлик 11 көпүрө салынган. Бирок эмнегедир андай көпүрөдөн сел жүрүү коркунучу жогору 136-чакырым куру жалак калган.

“Кыргыздортранспроект” долбоорлоо институтунун башкы инженери Талантбек Солтобаев агымы катуу селге көпүрө деле жардам бербейт деп эсептейт.

- Бул аймактан алысыраакта асфальт алдына эки түтүк орнотулган. Бирок алар сел үчүн эмес, жаандын суулары үчүн. Бул жакка көпүрө салганда деле сел батмак эмес. Анткени 15 мүнөт ичинде бир жылдык жаандын нормасы жаады. Абдан чоң сел жүрдү. Долбоордо көпүрө каралган эмес.

Эл аралык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реабилитациясы 2010-жылы башталып, былтыр аяктаган. Жолдун жалпы узундугу 539 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы баасы 438 миллион долларды түзүп, негизги донору – Азия өнүктүрүү банкы болгон. Жол курулушу бүткөндө сапатын Транспорт министрлиги текшерип, кабыл алган.

Азырынча жолдогу алешемдиктер боюнча жоопко тартылган эч ким жок. Былтыр да капилет кулаган шагыл жолдун эки тарабын тең бөгөп, бир нече чакырымга созулган автотыгынды пайда кылган.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG