Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

Бишкек-Дүйшөмбү: жакындашуу аракети


Быйыл жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 30дай жаңжал катталган. Жеке-Өрүк. 8-май, 2014-жыл.
Быйыл жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 30дай жаңжал катталган. Жеке-Өрүк. 8-май, 2014-жыл.

Кыргыз өкмөтү чек араларды делимитация жана демаркациялоо иштерине быйыл 62 миллион сом бөлгөнүн билдирди.

Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев 21-майда Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди. Чек арадагы аймактардын абалын жакшыртуу боюнча атайын план даярдалганын айтты. Бирок айрым депутаттар өкмөт жетиштүү чара көрбөй жатканын айтып сынга алды.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 30га жакын чыр-чатак катталган. Анын дээрлик баары кыргыз-тажик чек арасында болду.

Кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда чек арага байланыштуу сын көп айтылды. "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошева Жоомарт Оторбаев премьер-министр катары Баткенге барганда чек ара маселелерин жеринен көрүп келбегенин белгиледи:

- Жоомарт Кайыпович, сиз чек ара боюнча Баткенге барганда көйгөйлүү маселелерди жеринде карабастан, дежур адамдар менен гана жолугуп, облустук акимчиликтен кайтып келе бергенсиз. Андай болбойт. Сиз ички дагы, тышкы дагы коопсуздукка жооп бересиз. Чек ара маселесин чече албасаңыз ачыгын айтышыңыз керек. Кийин кетирилген катаны оңдой албай калбайлы.


Жоомарт Оторбаев болсо кыргыз өкмөтү жетиштүү чара көрүп жатканын айтууда. Ага ылайык, Баткен облусуна быйыл капиталдык салымга 495 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле социалдык маселелер үчүн 100 миллион сом каралган:

- Биз инфраструктурага көп көңүл буруп жатабыз. Ош-Баткен-Исфана жолуна да донорлордон көп каражат бөлдүк. Суу маселесин да карап жатабыз. Жумушчу орундарды түзүү боюнча да планда бар. Ошол эле Бүргөндү массивине түрк насыясынан акча каралды. Чек арачылардын санын көбөйтүп жатабыз. Маяналарын жогорулаттык. Эл менен макулдашып, тажик тарап менен анклавты айланып өткөн жолдун каттамын тактап жатабыз.

Былтыр болсо Баткенге бардыгы болуп 180 миллион сом берилген экен.

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тажик анклавын айланып өтчү жолду куруу боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Кыргызстан Ворухка кетчү жолду куруп бергени жатат деген маалыматты четке какты:

- Азыр биз көпүрө куруу маселесин тактап жатабыз. Мурдагы долбоор боюнча Ак-Сайдын кире беришине курулушу керек эле. Биздин адистер андан ылдыйраак курсак деп сунуштап жатат. Азыр кээ бир ММКлар кыргыз тарап тажиктерге Исфара-Ворух жолун куруп берет экен деп туура эмес жазып жиберишти. Биз өзүбүздүн Ак-Сай – Көк-Таш – Тамдык – Кишемиш жолун курганы жатабыз. Тажик тарап Ворухка Ак-Сайга кирбей туруп өтүп кетүү үчүн 4 вариант берген болчу. Ошонун 4чү вариантын аксайлыктар өзү тандап алды. Ал биздин жолдун маршруту менен да дал келип жатат. Ошол жолду чогуу пайдалануу боюнча долбоорду биз таштап келдик. Бул сөзсүз эртең ишке кире турган нерсе.

Жоомарт Оторбаевдин маалымдашынча, кыргыз өкмөтү ушул тушта кыргыз-тажик мамилесин жакшыртуу жолдорун издеп жатат. Бишкек менен Дүйшөмбү бул жаатта атайын программа даярдоону макулдашты. Анда эки өлкөнүн аксакалдарынын, жаштарынын жолугушууларын, маданий, спорттук иш-чараларды бирге өткөрүү каралган.

22-майда Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев чек арадагы кырдаал боюнча журналисттерге маалымат берди:

- Кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын бекемдөө боюнча биз былтыр инженердик жумуштарды жүргүздүк. Тикенек зымдар тартылды, аңдар казылды. Мисалы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларында 20 чакырымдай аң казылды, 19 чакырымдай тикенек зым тартылды. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкоо жүргүзө турган мунаралар орнотулду. Ошол инженердик жумуштар болгон жерде жыйынтык бар. Мисалы чек араны бузуп өткөндөр, чыр-чатактар азайды. Мындай жумуштарды өзбек тарап да аткарды.


Быйыл жыл башынан бери чек арада 30га жакын чыр-чатак катталган. Анын дээрлик көбү кыргыз-тажик чек арасында орун алды. Соңку окуя 7-майда Жеке-Өрүк айылында болгон. Анда кыргыз тараптан 17, тажик тараптан 8 адам жараат алып, кыргыз айылдарындагы дүкөндөр жана унаалар өрттөлгөн. Соңку маалыматка ылайык, Тажикстанда бул окуяга байланыштуу алты адам кармалган жана коңшулар 7 миллион сом чыгымды толугу менен төлөп берүүнү убада кылган.

XS
SM
MD
LG