Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Эл аралык Freedom House уюму Кыргызстанда ала качууга мыйзам катаалдашканына карабай бул көрүнүш күч алганын, ошондуктан башка да чаралар көрүү зарылдыгын билдирип чыкты.

"Арай көз чарай" талкуусуна кыз ала качуунун курмандыгы болгон кыз-келиндердин укугун коргоо, бул көрүнүштү жок кылуу багытында иштеген "Айкын багыт" фондунун өкүлү Гүлзат Мукалиева, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Кубанычбек Калбаялиев жана муфтияттын фатва бөлүмүнүн катчысы Хамидулла Садилаев катышты.

“Азаттык”: Эл аралык Freedom House уюму Кыргызстанда ала качууга каршы ишти күчөтүү зарыл деп чыкты. Аталган уюмдун маалыматына ылайык, жыл сайын өлкөдө он миңдин тегерегинде ала качуу фактылары катталып, эки миңдей кыз-келин зордуктоого кабылат экен. Ала качуу фактылары көбөйдү дегенге макулсуздарбы?

Гүлзат Мукалиева: Чындыгында азыр ала качуу көбөйдү деп айтсак болот. Мындай көрүнүш көбүнчө аймактарда көп кездешүүдө. Буга жигиттердин мыйзам катаалдашканын, ал эми кыздардын өз укуктары тууралуу маалыматты билбегендиги себеп болууда. ИИМдин билдирүүсүнө таянсак, “Кыз ала качуу” фактылары 2009-жылга караганда 2012-жылы кыйла көбөйгөн.

Сотко жеткен иштер бар, бирок соттун чыгарган чечимдерин өзүнчө сөз кылууга туура келет. Жазасыз калуу да бул көрүнүштүн көбөйүшүнө шарт түзүүдө. Сот учурунда же тергөө маалында ошол кыздар кайра кандай кыйынчылыкка туш болгонун көрүп жатабыз. Кыз тараптан бир-эки кишини, бала тараптан он чакты адамды суракка алышат. Бул дагы тергөөнүн бир тараптуу жүрүп жатканын көрсөтөт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Милицияга жыл башынан бери канча арыз түшүп, канчасы сотко өттү?

Кубаныч Калбаялиев: Ички иштер министрлигинин маалымат-аналитикалык бөлүмүндө жыл боюнча республикада канча кылмыш катталганы сакталып турат. Ага ылайык, мурунку жылдарга караганда ала качуунун саны кичине болсо да азайып келатканы байкалат. Буга ушул багыттагы ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, маалымат каражаттарында бул теманын чагылдырылышы да себеп болууда.

Аз болсо да жигиттер, ата-энелер ойлонуп иш кылып жатышкандай. Кээ бир учурда коомдук уюмдар менен биздин маалыматтар так болбой калат. Анткени көптөрү арыз менен милицияга эмес, коомдук уюмдарга гана кайрылышат. Былтыр бул багытта 16 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 13 иш сотко өткөн, бир иш кыскарып, экөө токтоп турат. Быйылкы жылдын төрт айында бир да кылмыш иш козголгон эмес. Материал боюнча текшерилип жаткан иштер бар, бирок иш козголгон жок.

“Азаттык”: Сураштырып көрсөк ар кайсы диний багыттагы, көз караштагы адамдар баары эле ала качууну жактабайт. Мисалы, ислам деле ала качууга каршы, шариятта болбойт деп айтасыздар. Бирок ушундай учурда деле нике кыйган молдолор жок эмес. Freedom House уюму ала качып келгенден кийин нике кыйган молдолорду да жазалаш керек деп жазды. Ушул пикирге кошуласызбы?

Хамидулла Садилаев: Шариятта ала качууну колдобойт, муну адам уурдоо деп эсептейт. Никенин төрт шарты бар, эң негизгиси - эки тараптын макулдугу. Эгер эки тарап тең макулдугун билдирсе, нике кыйганга уруксат.

Бул жерде молдолорду эмес, ата-энелерди жазалаш керек деп ойлойм. Мисалы, келини жок ата-энелер баланчанын кызын алып кел деп балдарына шыкак берет. Биринчиден, тарбия начар болуп жатат.

Экинчиден, кыз уурдагандарды, кылмыш кылгандарды жазалаш керек. Молдо нике кыйбай, баш тартып койгон учурда деле эки жаш жашап кала бериши мүмкүн. Азыр кээ бирлери никеге деле көңүл бурбай жашап жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG