Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Максим Бакиевдин өнөктөштөрү азыркы бийлик менен кызматташканы тууралуу материалдар жарыяланды.

Саясий күчтөрдүн ортосунда бири-биринин мүлкүнө жана көмүскө ээлигин ачыкка чыгарууга байланышкан компроматтар “согушу” уланууда.

Жергиликтүү интернет сайттарда жана соцтармактарда “президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары Максим Бакиевдин мурдагы өнөктөштөрү менен кантип ишкердик жүргүзөт?” деген аталыштагы материалдар жарык көрдү.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү муну кезектеги негизсиз каралоо катары кабыл алып, анда келтирилген фактыларды чындыкка коошпогон маалыматтар катары четке какты.

Эки башка катталган ишкердик

Оппозициялык маанайдагы жергиликтүү интернет сайттарда “Каракол” жана “Чуңкурчак” лыжа базаларынын буга чейинки жана учурдагы таржымалы чагылдырылган.

Кыргызстанда гана эмес, эл аралык деңгээлде да “эң мыкты жана кирешелүү эс алуу жайы” деп таанылган “Каракол” тоо лыжа базасы 2004-жылы мурдагы спортчуларды даярдоо борборунун базасында түзүлгөн. Ideal Tour компаниясына катталган бул лыжа базасынын көпчүлүк үлүшү Владимир Кононенко деген ишкер адамга таандык. 2010-жылдан кийин анын аймагындагы “Каприз” мейманканасы мамлекеттин пайдасына улутташтырылган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков лыжа базасы, мейманкана юридикалык жактан эки бөлөк катталганы менен түпкүлүгү бир деп эсептейт:

- “Каприз” мейманкана эле. Ал “Каракол” тоо лыжа базасынын аймагында жайгашып, ага келгендерди тейлейт. Экөөнүн аттары эки башка болуп, юридикалык жактан эки башкача катталганы менен, кожоюндары иш жүзүндө бир эле болгон.

"Каракол" лыжа базасы

"Каракол" лыжа базасы

Жергиликтүү интернет сайттарга чыккан макалада “Каракол” лыжа базасынын кожоюндары 2010-жылга чейин мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен ишкер-өнөктөш болуп, аны учурунда тиешелүү мамлекеттик органдар текшере алган эмес деп көрсөтүлгөн. 2010-жылкы ыңкылаптан кийин ал жаңы бийликтен калканч тапканы жазылган.

Ишкер Владимир Кононенко башында турган ишкерлер тобу 2011-жылы Red Rokcs компаниясын түптөп, ага 2013-жылы 30% үлүш менен Нурбек Шаршенов деген жаран кошулган.

Ошентип Владимир Кононенко негизги кожоюн болгон ал компания 2014-жылы Чүйдө Аламүдүндөн “Чуңкурчак” деген аталыштагы экинчи лыжа базасын ачкан. Интернет сайтта мына ошол Нурбек Шаршенов деген жаран президент Атамбаевдин жакын тууганы деп көрсөтүлгөн. Бирок президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов муну кезектеги куру жалаа деп баалады:

- Бул эптеп эле дагы бир нерсени президентке жармаштырып, каралоо аракети. Бул материалда “Каприз” менен “Каракол” тоо лыжа базасы атайылап эле чаташтырылган. Негизинен ал экөө эки башка нерсе. Алардын башынан бери эле бири-бири менен эч кандай байланышы жок. Мен билген маалымат боюнча “Каприз” Максим Бакиевге караштуу деген негизде мамлекетке алынган. “Каракол” лыжа базасы Кононенко деген ишкердин менчиги. Убагында тескерисинче Максим аны кысып, анын лыжа базасын тартып алууга аракет жасап келген. Кононенко эч качан Максим менен бирге ишкердик кылган эмес. Негизи айрымдар “Каракол” лыжа базасы десе эле, анда жайгашкан “Каприз” мейманканасы менен чогуу деп ойлошот экен. Бул эки объекттин менчик ээлери мурдатан эле эки башка болгон.

Интернет сайттарда “Атамбаевдин үй-бүлөсү Максим Бакиевдин өнөктөштөрү менен кантип ишкердик жүргүзөт?” деген макалада анын аркасы менен Red Rokcs компаниясы Чуңкурчактагы эң чоң чөп чабынды аянттарды сатып алып, заманбап үлгүдөгү лыжа базасына айлантканы белгиленген. Былтыр 2015-жылы “Чуңкурчак” тоо лыжа базасынын ачылыш аземине мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев өзү барып катышып, тасмасын кескен эле.

Изи жок ишкер Нурбек Шаршенов

“Чуңкурчак” лыжа базасы катталган Red Rokcs компаниясынын 30% үлүшүнө ээлик кылган жеке ишкер Нурбек Шаршеновду издеп таап, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Болгону ал туурасында ачык булактар аркылуу маалымат издегенде Кыргызстандагы лыжа базасы менен алектенген компаниялардын тизмесинде Нурбек Шаршенов Владимир Кононенко менен биргеликте Red Rokcs компаниясынын кожоюну катары көрсөтүлүп, 2016-жылы 700 миң сомдон ашуун мамлекетке салык төлөгөнү көрсөтүлгөн.

"Майлуу" мүлктөргө көз арткандар көп

Жогорку Кеңеш сессиянын акыркы күнүндө апрель окуяларынан кийин улутташтырылган мүлктөргө байланыштуу токтом кабыл алды.

“Чуңкурчак” лыжа базасынын ысымын атагысы келбеген менеджерлеринин бири компаниянын 30% үлүшүнө ээлик кылган Нурбек Шаршеновдун ким экени тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты:

- Учурда компаниянын кожоюндарынын бири Владимир Николаевич Кононенко Европада дарыланып жүрөт. Анын азыр качан бул жакка кайтары белгисиз. Анан эми “сары пресса” биз тууралуу эмне кааласа ошону жаза берсин. Алардын бардыгына комментарий берип чыгууга убактыбыз жок. Анын бардыгын ошолорду жарыялаган тараптардан сурагыла. Биз өз ишибиздин тууралыгын далилдөөгө милдеттүү эмеспиз. Мен Кононенкого байланыштуу маселеге гана жооп бере алам. Калган маселелерди башка кожоюндардан сурагыла. Шаршенов боюнча маалыматтарды анын өзүнөн сурагыла.

Ошол эле кезде оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков ири ишкердикти бийлик калкалаган көрүнүш бар экенин жокко чыгарбайт. Анын айтымында, мындай көрүнүш жеке басар бийлик режимдерине мүнөздүү:

- Саясатты, экономиканы, анын ичинде ири ишкердиктин бардыгын мамлекет башчысы жеке өзү көзөмөлдөгөн авторитардык өлкөлөрдө мына ушундай. Адатта ири ишкерлер бийлик басымынан коркуп, алдын ала президенттин жакын адамдарына үлүшүн карматып, алар аркылуу ийгиликтүү бизнес башташат. Бул жерде эми мыйзам президенттин туугандарына ишкердик менен алектенүүгө жол берет. Бирок мында моралдык жоопкерчилик деген бар да. Анткени мына ошол ири ишкерлер президенттердин туугандарын жакшы көргөнү үчүн мына ошол бизнеске кошуп алышпайт. Алар ар кандай мыйзамсыз текшерүүлөрдөн сактануу үчүн мына ошондой жолго барууга аргасыз.

“Мыйзам жагынан туура, иш жүзүндө башкача ...”

2011-жылы мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин ээлигине караштуу деген негизде ишкер Владимир Кононенкого таандык “Каракол” лыжа базасынын аймагындагы “Каприз” мейманканасы улутташтырылып, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун карамагына өткөрүлүп берилген. Бирок ошондон бери аталган улутташтырылган объектинин андан кийинки тагдыры белгисиз. Бул тууралуу фонддун төрагасы Мэлс Мамбетжановдон маалымат алууга мүмкүн болбоду. “Каракол” тоо лыжа базасы ишкер Кононенконун карамагында калган.

2010-жылы улутташтырылган жана улутташтырылат деп, бирок андай болбой калган мүлктөр боюнча Убактылуу өкмөт жана андан кийин келген бийлик жооп берүүгө тийиш.

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев бул эки объект эки башка катталганын ырастап, улутташтыруу ошого ылайык жүргөнүн айтты:

- Ал жакта чынында эле эки ишкана бар. Алар “Каракол” тоо лыжа базасы жана “Каприз” мейманканасы. 2010-жылы мына ошол “Каприздин” 73% үлүшү улутташтырылган. Калган үлүшү башка жеке менчик колдордо калган. Анын астындагы “Каракол” лыжа базасын Кононенко деген мурдагы эле кожоюну иштетип келатат. Ал кезде Максим Бакиев менен иштешпеген бир дагы ири ишкер болбосо керек. Анан жаркырап турган ошол лыжа базасын кантип эле Максим Бакиев өзүнө ыйгарбай койсун? Демек, алардын ортосунда ошол лыжа базасы боюнча биз билбеген кандайдыр бир карым-катнаш болгон. Бирок эми аны далилдей турган документ болбосо же колунан кармап албагандан кийин бир нерсе деш кыйын. Бирок юридикалык жактан экөө эки башка катталгандыктан “Каприз” боюнча гана маселе келип чыккан.

Депутаттык комиссия кантип иш алып барат?

Жакында Жогорку Кеңеште банк уячаларынан алынган миллиондор, талап-тоноочулук жана улутташтырыла турган мүлктөрдүн сатылып кетишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Бул 2010-жылдан кийинки чуулгандуу окуяларга чекит коюп, тиешелүү жактарга саясий баа берип, укуктук жоопкерчиликти камсыздоо максатында түзүлгөнү жарыяланган болчу.

Бул убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков интернетке чыккан материалдар эске алынарын айтып, бирок анын негизинде тыянак чыкпай турганын билдирди:

- Ал материалдарды мен дагы окудум. Биз буга чейин деле кимдин колунда документалдык негизде тастыкталган материалдар болсо, бизге алып келип бергиле деп жарыялаганбыз. Биз аны угуп, талдап көрүп, тасмага тартып, суроо-жооп кылып, видео тасмага тарттырып, протокол түзөбүз. Анан иликтөө жыйынтыкталганда аны корутундуга киргизебиз. Бирок эми бирөө жөн эле гезитке же интернетке бир маалымат жазып койсо анын чын-бышыгын билбей эле материал катары алып, иликтөөнүн тыянагын ошол боюнча чыгара албайбыз. Анткен менен интернетке чыккан материалдарды дагы карап, текшерип чыгабыз. Материалдар бышыкталган шартта гана аларды биз протоколго киргизебиз.

7-апрелде окко учкандардын жакындарынын митинги, 13-октябрь, 2010-жыл

7-апрелде окко учкандардын жакындарынын митинги, 13-октябрь, 2010-жыл

2010-жылдагы элдик толкундоонун натыйжасында бийликке келген Убактылуу өкмөт мурдагы режимдин көзөмөлүндө деген негизде жүздөн ашуун ар кандай объекттерге камоо коюп, тиешелүү териштирүү жүргүзүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок ошол териштирүүлөрдүн натыйжасында 47 объект мамлекеттин пайдасы үчүн улутташтырылып, атайын тизмеге киргизилген. Кийин алардын арасынан канчасы чынында эле мамлекеттин карамагында калып, канчасы ачык аукциондор аркылуу сатылганы тууралуу толук маалымат чыга элек.

Коомдук активист Адил Турдукулов убактылуу депутаттык комиссия мунун бардыгына чекит коёруна ишене албайт:

- Негизи 2010-жылы улутташтырылган жана улутташтырылат деп, бирок андай болбой калган мүлктөр боюнча Убактылуу өкмөт жана андан кийин келген бийлик жооп берүүгө тийиш. Ошол калпыстыктарды аныктап, иликтеп чыга турган депутаттык комиссия башынан эле туура эмес түзүлдү. Анткени ошол комиссиянын төрагалыгына КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков коюлду. Ал чуулгандуу иштерди калыс жана адилет иликтөөгө салым кошорунан шегим бар. Комиссия төрагалыгына калыс, авторитеттүү, көз карандысыз адам шайланышы керек болчу. Ошондуктан бул комиссия бир жыйынтыктуу иш алып барып, калыс баасын берет дегенге ишене албайм.

Соңку мезгилде президент Алмазбек Атамбаевдин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгесине байланыштуу ага каршы жана колдогон саясий күчтөрдүн ортосунда тирешүү күч алды. Буга байланыштуу мурдагы Убактылуу өкмөттөгү саясий өнөктөштөр ортосунда бири-биринин кыңыр иштерин ачыкка чыгарган компроматтар согушу токтой элек. Бирок ошол эле кезде коомчулукка чыккан ошол материалдарды иликтеп чыгып, алардын чын-бышыгына чыккан деле эч ким жок.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG