Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

НАТО Оогандан кеткенден кийин...


Коалициялык күчтөр 2014-жылга чейин Ооганстандан толук чыгарылат. Бирок мындай жагдай бул өлкөдөгү абалдын курчушуна жана Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн.

Бул боюнча тынчсызданган жергиликтүү жана чет элдик эксперттер аймакта жамааттык коопсуздук системасы калыптана электигине түйшөлүшөт.

Коалициялык күчтөрдүн аскерлери кетет

Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн чыгарылышына даяр болушу керек. Мындай ойлорун ортого салган Батыш эксперттери 2014-жылга чейин коалициялык аскерлерди алып чыгып кетүү аймакта кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн экендигин каңкуулашат. Айрыкча "Талибан" кыймылынын таасири күчөп, Борбор Азияга алардын идеясы тарап кетпейби деген божомолдор орун алууда.

Жергиликтүү талдоочу Талант Раззаков аймакта аларга каршы туруучу бирдиктүү жамааттык коопсуздук тутумунун чабалдыгын белгиледи:

- "Талибан" кыймылынын дагы деле Ооганстандын көпчүлүк аймагында таасири күчтүү. Коопсуздук адистеринин байкоосунда аларды дагы деле калктын 60-70 пайызы колдошу мүмкүн экени иликтөөгө алынган. Буга азыркы бийликтин чабал аракеттери себеп болгон.

Эми ушундай шартта коалициялык аскерлер ал жактан чыгып кетсе, анда ал жактан бизге боло турган коркунучтарды алдын-алабыз десек биз даярданышыбыз керек.

ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдар катып калды. Аларда террорчулар менен күрөшө турган күчтөр болгону менен, аларды пайдалануу аркылуу бир натыйжалуу иштерди алып барышканын көрө элекпиз. Ошондуктан коопсуздуктун жаңы тутумун түзүп, сөздөн ишке өтө турган мезгил келди
.
Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан биргеликте Орусиянын көмөгү менен коопсуздукту колго алып, саясий-аскердик жаңы иш-аракеттерди иштеп чыкпаса иш кыйын.

Муну менен серепчи Т.Раззаков 1999-2000-жылдары август айларында согушчандардын Кыргызстандын Баткен аймагына бастырып кирген учурларын мисал келтирди. Анын айтымында, эки жыл катары менен кайталанган салгылаштарда Кыргызстандын жалгыз экендиги байкалып калган:

- Мына ошол мезгилде Кыргызстанга талиптердин алдыңкы отряддары бастырып киришкен болчу. Бирок ошондо биздин өнөктөшүбүз болгон Орусия да, коңшуларыбыз да кол сунуп жардамга келишкен жок. Бир гана коалициялык күчтөр базасын ачкандан кийин кийинки жылдары андай коркунучтардын кезектеги пландары артка сүрүлүп ташталды. Биз муну унутпашыбыз керек.

Мына ошол согушчандар тигил жакта көзөмөл жок болгондон кийин бизге дагы кайрылып келишпейт деп ким кепил боло алат? Бул жактан качып барышып, анда машыгуудан өтүшкөн террорчул маанайдагы адамдарды бизге каршы койо турган күчтөр болушу толук ыктымал
.

“Талибан” дале күчүндөбү?

Ошол эле учурда коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы операциясынын натыйжалуулугу төмөн болду дегендер да четтен табылат. Алар буга Ооганстандын аймагында маңзат мафиясын жок кылуунун ишке ашпай жатышын жана террорчул уюмдардын дагы деле жашырынып жүрүшкөнүн мисал келтиришет.

Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов Ооганстан тараптан келүүчү коркунучту жөнгө салууда Борбор Азия мамлекеттери биргелешкен аракеттерди колго алыш керек деп эсептейт:

- Эгерде “Талибан” ошол учурда талкаланса, “ал-Кайида” жок кылынган болсо, анда эмнеге азыркыга чейин Ооганстанда тынчтык орнобойт? Эмнеге маңзаттары кайра мурдагыдан көп өндүрүлүп жатат?

Коалициялык күчтөрдүн мүмкүн салымы болгондур. Алар чыгып кетишсе албетте Борбор Азияга кооптуу жагдай пайда болот. Ошондуктан Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан биргеликте Орусиянын көмөгү менен коопсуздукту колго алып, саясий-аскердик жаңы иш-аракеттерди иштеп чыкпаса иш кыйын
.

Тынчтыкты камсыздоонун кепилдиктери

Буга чейин Ооганстан маселеси боюнча Бириккен Улуттар уюмунун жыйналышында коалициялык күчтөр аны толук жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алышкан.

Токон Мамытов эгерде Ооганстанда тынчтыкты калыбына келтирүүнү караган ошол максаттар жүзөгө ашырылса, анда коркунуч азая тургандыгын айтты:

- Булар чыкканда да жөн эле чыгып кетпестен буга чейин берилген милдеттерин толук аткарып, анан кетиши керек. Алар “биз Ооганстандын эконмикасын оңдойбуз, коопсуздук күчтөрүн, армиясын түзүп берип, курал-жарактан жардам беребиз” деп убада беришкен болчу.

Мына ошонун өтөөсүнө чыгып абалды жөнгө салып, анан көзөмөлдү жергиликтүү ооган бийлигине тапшырып чыгышса жакшы. Бирок андай болбой турган болсо анда бардыгы кайрадан ойрон болот.


2001-жылы декабрь айында коалициялык күчтөрдүн биргелешкен операциясынын жыйынтыгында Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын бийлик режими кулатылган. Мына ошол өткөн он жылдан бери талиптер эл аралык “ал-Кайида” террорчул уюмунун көмөгү менен коалициялык күчтөр менен тийе-качмай күрөштү улантып келе жатышат.

Өткөн жылы коалициялык күчтөр коопсуздукту кармоону жергиликтүү бийликке өткөрүп берип, этап-этабы менен 2014-жылга чейин аскерлерин чыгарып кетүү чечимине келген болчу.

XS
SM
MD
LG