Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

ЕврАзЭШ уюму Евробиримдиктин үлгүсүндөгү Евразия экономикалык биримдиги болуп кайрадан түзүлөт.

Евразия экономикалык шериктештигинин Москвада өткөн жыйынында ага мүчө мамлекеттердин башчылары 2015-жылга карата келишимдин долбоорун иштеп чыгуу чечимине келишти.

Аталган союздун пайдубалын Бажы биримдигиндеги Беларус, Казакстан жана Орусия үчилтиги түзөт. Бирок ага Кыргызстан менен Тажикстан кандай шартта кошула тургандыгы чоң талкууну жаратууда.

Айрым серепчилер ЕврАзЭШтин алкагындагы макулдашуулардын шарттары аткарылбай жатканда, келечек милдеттери такталбаган жаңы уюмга биригүү кандай натыйжа бериши мүмкүн деген суроону кабыргасынан коюшууда.

Жаңы уюм жаңыланууга муктажбы?

Евразия экономикалык шериктештигинин кезектеги жыйынында уюмду кайрадан түзүүнүн жол-жоболору талкууга алынды. Мында айрыкча уюмдун алкагында түзүлгөн Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык мейкиндиги аркылуу мамилелерди жаңыча нукта өнүктүрүүнүн чараларын караштыруу маселеси күн тартибине коюлду. Бул максатта уюмга мүчө беш мамлекеттин жетекчилери алдыдагы эки жарым жылда Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча жаңы келишимдин долбоорун даярдоого макулдук беришти.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев ЕврАзЭШке караганда бир кыйла ийкемдүү жана бир топ натыйжалуу биримдикти түзүү зарылдыгы болгонуна токтолду:

- Биз мындан ары уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы интеграция жараяны боюнча кандайча иш алып барышыбыз керек экендиги боюнча сүйлөшүп, аны ишке ашыруунун усулдары боюнча макулдаштык.

Мында биз кандайча натыйжалуу жана жемиштүү шартта иш алып барууга негиз бере турган жаңы келишимдин долбоорун өз ара макулдашуу аркылуу кылдат иштеп чыгууну өз өкмөттөрүбүзгө тапшыруу боюнча милдеттеме алдык. Мына ошол келишимдин өзгөчө базалык шарттары жана жаңыдан түзүлө турган уюмдун алдындагы түзүмдөр боюнча маселелерди такташуу үчүн аны мындан аркы жыйындардын күн тартибине киргизүүнү мамлекет башчылары менен биргеликте макулдаштык.


Кыргызстандын туруму

Дмитрий Медведев Беларус, Казакстан жана Орусиянын үчилтигиндеги Бажы биримдиги менен Евразия экономикалык мейкиндигин жаңыдан түзүлө турган Евразиялык биримдиктин пайдубалы деп атады. Ага келечекте Кыргызстан менен Тажикстан да кошулушу мүмкүн экендиги айтылды. "Бирок ал үчүн аталган эки мамлекеттин экономикалык абалы талапка жооп берүүгө тийиш" деп белгиледи Медведев. Мындай шартта аталган эки мамлекет уюмдун иштерине байкоочу катары гана катыша ала тургандыгы айтылды.

Бирок Кыргызстандын өкмөт башчысынын орун басары Жоомарт Оторбаев расмий Бишкек толук кандуу мүчөлүккө мүмкүнчүлүк берилген учурда гана уюмга кирүүгө кызыкдар экендигин билдирди:

- Азыр эң чоң маселе мына ошол уюмдагы биздин жана Тажикстандын макамы кандай болот деген суроонун үстүндө болуп жатат. Себеби биз азыркы абалыбызда Евразиялык экономикалык мейкиндикке кирүүгө даяр эмес экенибизди айттык. Президент биз байкоочу макамында уюмдун ишине катышкан өнөктөш боло албай турганыбызды, кирсек уюмга толук кандуу мүчө катары кирээрибизди, бирок мында биздин кызыкчылыктар да эске алынышы керек экендигин айтып, өзүбүздүн шартыбызды койдук.

Кыргызстан Евразия экономикалык коомдоштугуна кирүү үчүн бажы тарифи боюнча жеңилдиктерди сурайт. Бирок ага өнөктөш мамлекеттер макул болобу, же жокпу - азырынча белгисиз.

Бирөөгө кең дүйнө, башкага кем дүйнө

2010-жылы ЕврАзЭШтин антикризистик фондунан Кыргызстанга 106 миллион доллар өлчөмүндө насыя берүү убада кылынган болчу. Бирок аталган каражат эки жылдан бери бериле элек. Кыргызстандын өкмөтү ал акчаны алуу үчүн кайрадан суранбай тургандыгын расмий жарыялаган.

Ошол эле кезде жакында ЕврАзЭШтин антикризистик фондунан Беларуска 1,5 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берүү жагы чечилди. Муну серепчилер уюмга мүчө мамлекеттерге карата адилетсиз мамиле катары кабыл алышууда.

ЕврАзЭШти кайрадан жаратууга кызыкдар мамлекетке мына ушуга окшогон бир өңчөй мамиле мүнөздүү болгондуктан серепчилер жаңыдан түзүлө турган Евразия экономикалык биримдигинин деле натыйжалуу иштеп кетээринен күмөн санашат.

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов мунун себептерин геосаясий кызыкчылык башкы орунга чыгып, чыныгы экономикалык кызматташууну караган жол-жоболор аныкталбай жатканынан көрөт:

- ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттер кайрадан бириге турган мына ошол жаңы экономикалык уюмду түзүүнүн жол-жоболору толук аныкталган эмес. Ошондуктан келечектеги ал уюмдун ишмердүүлүгү эмнеге негизделе турганы туңгуюк абалда турат. Анткени кээ бир мүчө мамлекеттер андан экономикалык кызматташуу аркылуу келишимди ишке ашырууну каалашса, айрымдары ал уюмду түзүү аркылуу эл аралык деңгээлде өзүнө кадыр-барк топтогусу келет. Мына ошондой сырткы бедел үчүн умтулуп жаткан тарап – Орусия Федерациясы. Мындай шартта биримдиктин иши натыйжалуу болоорунан шегим бар. Себеби мында кызыкчылыктар кагылышпай койбойт.

ЕврАзЭШтин жыйынынан кийин Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусиянын жаңыдан шайланган президенти Владимир Путин менен жолукту. Анда Путин экономикалык өз ара өнөктөштүк боюнча маселени жалпылап карап, Кыргызстан менен кызматташуунун келечеги тууралуу буларды айтты:

- Мага Орусия менен гана эмес, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жаатында Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык мейкиндиги менен жакындашуу боюнча ачык позицияңыз бар экенин билем. Бул багытта эки тараптуу бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир топ иштерди жүргүзүүгө туура келет. Мына ошондо гана алдыга койгон максатыбызга жетебиз.
Президент биз байкоочу макамында уюмдун ишине катышкан өнөктөш боло албай турганыбызды, кирсек уюмга толук кандуу мүчө катары кирээрибизди, бирок мында биздин кызыкчылыктар да эске алынышы керек экендигин айтып, өзүбүздүн шартыбызды койдук.

Президент Алмазбек Атамбаев мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттер менен өз ара алаканы арттырып, кызматташууну күчөтүүгө Кыргызстан кызыкдар экенине басым жасады.

Ошол эле кезде Атамбаев Евразия аймагындагы кызматташуунун келечектүүлүгүн айтып, анын тарыхый тамырларына кайрылды:

- Мен Кыргызстан качандыр бир учурда бирдиктүү бир чоң мамлекет болгон Орусия, Казакстан, Беларус жана Украина сыяктуу өлкөлөр менен биргеликте Евразия экономикалык мейкиндигине киришин каалайт элем. Эгерде тарыхты карай турган Евразия аймагында биздин элдер дайыма кандайдыр бир мамлекетти түзүүгө аракет кылышкан экен. Ал кайсы бир мезгилде Каганат, андан кийин Алтын Ордо, кийин Орусия империясы жана соңку мезгилде СССР деген аталыштар менен тарыхта калды. Бирок биз андай бирдиктүү мамлекет курбасак да экономикалык бирдиктүү аймак түзүүгө умтулсак жакшы болмок.

ЕврАзЭШти кайрадан түзүп чыгуунун долбоору боюнча сунуштар ушул жылдын май айына белгиленген КМШнын кезектеги жыйналышында каралмай болду. Ага чейин ЕврАзЭШке мүчө ар бир мамлекет Евразиялык экономикалык коомдоштукту өркүндөтүүнүн жаңы жоболору боюнча өздөрүнүн сунуштарын иштеп чыгышмакчы. Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча келишим 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире тургандыгы маалым болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG