Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Кайдыгерлик, "кайып" кеткен наристелер


Иллюстрация
Иллюстрация

Эки күн мурда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда мугалим эненин эки баласын бычактап өлтүрүшү коомчулуктун үрөйүн учуруп, кызуу талкууланууда.

Энелердин боор этинен жаралган наристелерине зомбулук көрсөтүп, өмүрүн кыюуга эмне себеп болууда, мугалимдерди жумушка алып жатканда алардын психикалык саламаттыгын текшерүү зарылбы?

"Арай көз чарай" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында Балдардын укугун коргоо лигасынын өкүлү Наргиза Конушалиева жана педогогика илиминин доктору, психолог Кадиян Бообекова катышты.

“Азаттык”: Наргиза айым, бул убакка чейин ата-эне колунан ажал тапкан балдар болгонбу, болсо кандай себептер аларга негиз болгон жана кылмышка барган ата-энелер кандай жаза тартышкан?

Наргиза Конушалиева: 2011-жылдагы статистикага таянсак, балдарга карата оор кылмыш жасаган 48 факты катталган, алардын экөөндө ата-эне өз баласын өлтүрүп алган.

Биринчи факты - ымыркайды таштанды челекке ыргытып кетишкен. Мунун себебин ата-эне кичинекей бала түндө уктатпай, ыйлай бергени менен түшүндүргөн. Күнөөлүү адам 18 жылга эркинен ажыратылган. Бул окуяга ата-энелердин ичимдик ичүүсү да кошул-ташыл болгон. Экинчи факты - алты жаштагы баланы эки адам уурдап барып өлтүргөн, булар да мыйзам боюнча өз жазаларын алышкан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Кадиян айым, азыр бул окуя териштирилгенче корутунду чыгаргандан алыспыз. Сизден сурарым, адам өзүнөн чыгып, агрессияга алдырып, бирөөнүн өмүрүнө кол салганга дагы кандай себептер түрткү болушу мүмкүн? Эмне үчүн ушундай жолго барышат?

Кадиян Бообекова: Мындай окуянын көп эле себептери бар десек болот. Адам психологиялык жактан туруксуз болсо, оор социалдык шартта жашаса, оорулуу болсо, жашоосунда белгисиздик жаралса, ар кандай оор кадамга барышы ыктымал.

“Азаттык”: Белгисиздик деп калдыңыз, түшүндүрүп койсоңуз?

Кадиян Бообекова: Белгисиздик - бул адамдын эртең кайсы жерге барып иштерин, кайсы акчага жашарын, кайсы үйдө күн өткөрөрүн билбей чайналган абалы. Кечээги окуядан кийин кылмышка барган аялдын да, анын күйөөсүнүн да туруктуу иштеген жери жок болуп чыкты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:37 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Психикалык жактан оорулуу чоң адамдардын жанында балдардын жашаганы канчалык кооптуу?

Кадиян Бообекова: Бул өтө кооптуу, алардын оорусу күнбү-түнбү качан кармайт, качан жини келет, качан тарайт, канчага созулат эч ким айта албайт. Ошондуктан балдарды жакындары карап, же башка жерге багышы керек эле...

XS
SM
MD
LG