Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Ак-Шыйрак окуясы: божомолдор аныктала элек


Ысык-Көлдүн кыргыз-кытай чек арасындагы кээ бир чек ара туруктары кыскарып кеткен.
Ысык-Көлдүн кыргыз-кытай чек арасындагы кээ бир чек ара туруктары кыскарып кеткен.

Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак чек ара тилкесиндеги окуя боюнча айтылган ар кыл версияларды күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ыкчам тобу иликтөөдө.

Кыргыз-кытай чек арасындагы соңку окуя боюнча ар кандай версиялар иликтенип жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Аман Мамбетсейитов 27-январда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйында билдирди. Анда Кытай тараптан Кыргызстанга чек араны бузуп өтүп келиши ыктымал деген куралчан топтун бири да калтырылбай атып өлтүрүлүшү чоң талкуу жаратты.

Чек арачылар макталып да, сындалып да жатат

Парламенттеги Коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков куралдуу топ менен кармаштагы чек арачылардын ишин мактаса да, сындаса да болоорун айтты:

- Чек ара кызматчылары бир чети абдан туура кылдыңар. Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз өтүп келгендердин баары жок болоорун билиши керек. Экинчи жактан туура эмес кылдыңар. Куралы жок адамдардын баарын жок кылган туура эмес. Алардын жок дегенде бирин жарадар кылып кармаганга аракет кылуу керек эле. Мунун түбүн билиш керек деген максат болушу керек болчу. Булар бекер келбейт. Биз ошол байланыштардын баарын үздүк.

Жыйында вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган өкмөт өкүлдөрү чек араны бузуп келген куралчан топту жок кылуу аргасыз чара болгонун белгилешти. Ага ылайык, аба ырайына байланыштуу тик учак учпай, кошумча күч маалында бара алган эмес. Мындан улам караңгы кирип кеткиче куралчан адамдарды жок кылуу тууралуу буйрук берилген.

Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак чек ара тилкесиндеги окуя боюнча азыр күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ыкчам иликтөө тобу иштеп жатат. Уйгур тектүү кытайлык жарандар болушу ыктымал деген божомолду тастыкташ үчүн өлтүрүлгөн адамдардын сүрөттөрү Кытайга жөнөтүлдү. Эгер зарыл болсо медициналык экспертиза да жүргүзүлмөкчү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун Аман Мамбетсейитовдун маалымдашынча, азыр бир канча версия каралып жатат:

- Кыргызстан менен Кытайдын атайын кызматтары өз ара кызматташат. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы иштер жүрүп жатат. Конкреттүү бул окуя боюнча бизге оперативдүү маалымат түшкөн эмес. Ошондуктан ушул факт боюнча алдын-ала маалымат алмашууга мүмкүн болгон жок.

"Багынуу талабына көнбөй, каршылык көрсөтүп туруп алышты"

Кыргыз-кытай чек арасындагы окуяда ысыккөлдүк бир мергенчи Александр Барыкин өлтүрүлгөн. Анын сөөгү жекшембиде өзгөчө сый-урмат менен жерге берилди.

Белгисиз топ менен кармаш учурунда Бакыт Шамуратов аттуу чек арачынын колуна ок тийген. Жарадар чек арачы куралчан белгисиз адамдар багынбай ок чыгарышканын айтат:

- Багынгыла, бул жактан чыга албайсыңар, - деп айттык. Бирок алар каршылык көрсөтүп туруп алды. Күүгүм кирип, караңгылап бараткан. Караңгы кирип кетсе бизди өлтүрөт деп ойлодук. Биз аларда канча жана кандай курал бар экенин билген жокпуз. Алар бизге каршылык көрсөттү. Багынгыла деп кыргызча да, орусча да кыйкырдык. Балким түшүнөт го деп дунган балага да айттырып көрдүк. Бычактарын ала чуркап, “Алла Акбар!” деп кыйкырганын даана уктук.

Алдын-ала божомол боюнча, 23-январда кыргыз-кытай чек арасында атып өлтүрүлгөн адамдар Кытайдын Турпан ооданына караштуу Ушу деген шаарчадан келген болушу ыктымал. Ошол жол аркылуу чек арадан мыйзамсыз өткөн уйгур тектүү жарандар 1996 жана 1997-жылдары да колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG