Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Ошто изделген ишкер Кытайдан табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто 24-июндан бери дайынсыз жок болуп жаткан кытайлык уйгур ишкер Кытайда экени аныкталды.

“Азаттыктын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактар ал адам экстремизм боюнча айыпталып, ушул тапта абакта отурганы тууралуу Кытайдан тастыктама келгенин билдирди.

Ошто милиция эки айдан бери издеп жүргөн уйгур ишкеринин Кытайда табылышы атайын кызматтын иш-аракети боюнча бир топ күдүк ой жаратты.

Расмий бышыктала элек маалыматка караганда, уйгур ишкерди Кытайга өткөрүп берүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү аралашкан.

Кыргыз жаранына үйлөнгөн, Ошто үй-бүлөсү менен убактылуу жашап жүргөн чет өлкөлүк бизнесмен кандай жагдайда кармалганы жана аны Кыргызстандын чек арасынан кантип Кытайга алып өткөнү тууралуу атайын кызмат азырынча түшүндүрмө бере элек. Ош шаардык ички иштер бөлүмү бул окуянын мындай жаңы жагдайлары боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын жүйө кылып, расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова кытайлык жаран өз мекенине өткөрүлүп берилсе, мыйзам боюнча ириде башкы көзөмөлдөөчү орган билиши керектигин билдирди:

- Эгер бул экстрадициялоо маселеси болсо, анда бул Башкы прокуратурага тиешелүү болот. Чет өлкөлүк жаранды экстрадициялоого баш прокурор гана уруксат берет. Башка маселелер болсо ал сотто чечилиши керек. Мен азыр ал жаранды экстрадициялоо тууралуу Кытай тарап өтүнүч жөнөткөнбү, же жокпу билбейм. Бирок атайын кызмат өз алдынча андай жарандарды өткөрүп бере албайт.

Эмнеси болсо да Ош милициясы эки айдай убакыттан бери издеп жүргөн кытайлык уйгур ишкердин сырдуу жагдайда Кытайга барып калганы жана ал жакта экстремизм боюнча айыпталып камакта отурушу коомчулукта бир катар суроо жаратты.

Иллюстрация
Иллюстрация

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова атайын кызмат өкүлдөрү Кыргызстанды баш калкалап жүргөн чет өлкөлүк жарандарды өз мекенине өткөрүп бергенде материалдык кызыкчылыктар болуп келгенин, акчага сатылган фактылар бар экенин “Азаттыкка” айтып берди.

Укук коргоочу уйгур ишкеринин айланасындагы жагдайларды да ушул себеп менен түшүндүрдү жана чекисттерди “өз билгенин кылып жатат” деп айыптады:

- Аны жөн эле алып кетпейт. Бул жерде “чөнтөк” кызыкчылыгы бар. Соттун чечими жок, прокуратуранын кабары жок, милиция кызматкерлери билбей, туугандары билбей турган болсо анда өткөрүп берүүдө акча кызыкчылыгы болгон болушу мүмкүн. Жеке кызыкчылык болгондо гана ушинтип тирүү адамды үн-сөзсүз, соттун чечимисиз, мыйзамсыз өткөрүп берип жиберет. Бул деген адам уурдоого барабар кылмыш. УКМКга жарандык көзөмөл жок, жарандардын кайрылууларына жооп бербейт. Мисалы, атайын операцияларды өткөргөндө, экстремист деп адамдарды атып салганда, эмне себептен өткөрүлдү, буга кандай далил бар деп суроо жөнөтсөк бир да жолу жооп бербейт. УКМК азыр бир гана адамга, системанын бир гана бутагына баш иет. Булардын кылган ишинин көпчүлүгү түшүнүксүз. Кайсы мыйзам менен иштээри түшүнүксүз. Сотко, прокуратурага да баш ийбейт. Бул ушундай “монстр” болгон уюм.

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков Кыргызстанда иштеп-жашап жүргөн кытайлык соодагерлерге байланыштуу айрым бир көрүнүштөрдөн кеп салды:

Жеке кызыкчылык болгондо гана ушинтип тирүү адамды үн-сөзсүз, соттун чечимисиз, мыйзамсыз өткөрүп берип жиберет.

- Кытайдан келген соодагер, ишкерлердин көбү Кыргызстанда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн “крыша” табууга, алар менен түз же, кимдир бирөөлөр аркылуу байланышып турууга аракет кылышат. Андан сырткары “каралар”, уюшма кылмыш топтордун өкүлдөрү менен алака түзүп, алардан жардам сурап, аларга өз кезегинде акча төлөп берет.

Жоголду деген уйгур ишкердин жакындарынын арызынын негизинде буга чейин Ош шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Бекжан Ажыкулов камакка алынган.

Тергөөдө Ажыкуловдун машинасы кытайлык уйгурдун жоголушуна катышы болушу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Ажыкулов кийинчерээк үй камагына чыкты жана тергеп-иликтөөдө кытайлык ишкер жоголду деген маалда Ошко барбаганы жана жумушунда эле жүргөнү аныкталды.

XS
SM
MD
LG