Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Ишкер менен чекисттин жаңжалы иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Кызылкыялык ишкер УКМК кызматкерлеринен таяк жегенин айтып чыкты. Анын ырасташынча, чекисттер андан "үлүш талап кылышкан". Окуяны учурда Ноокат райондук милициясы териштире баштады.

Улуттук коопсуздук кызматы ишкер менен мушташка аралашкан кызматкерин иштен четтеткени маалым болду. Бул арада эки тарап тең ооруканага жатып, бири-бирин айыптап, милицияга арызданууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жеке ишкер Зарылбек Мааткалыков 24-сентябрдын кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери токмоктоп кеткенин "Азаттыкка" билдирди. Ишкердин айтымында, УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Жолболдиев аны бизнестен үлүш чыгарып бербегени үчүн сабаган.

- Мындан үч күн мурда Замир дегендин атынан балдар келген. Ошону менен сүйлөшүп кой дешкен. Мен аны мурда таанычу эмесмин. Телефонду алсам, "мен Кызыл-Кыя шаардык УКМКнын башчысы болом. Менин алдыман бир өтүп койбойсуңбу, доля кана?" деп ачык эле айтты. Анан мен “Замир аке, мен андай нерселерди түшүнбөйм. Мен мыйзамдуу иштейм” дедим. Ал "болуптур, дагы сүйлөшөбүз" деп калган.

Зарылбектин айтымында, окуя түн ортосунда, ал тойдон кайтып келе жатканда болгон.

- Аялым экөөбүз тойдон кайтканбыз. Анан эле бир машине мени тооруп айдай берди. Катуураак айдап кетип калайын десем, чырагын күчөтүп жагып салды. Мен түнү көз айнек менен жүргөндүктөн машинени четке токтоттум. Артыман калбай келе жаткан 0044 номурлуу ак түстөгү "Нивадан" төрт киши түшүп, мени сабап киришти. Башымды калкалап атып, колунда тапанчалары бар экенин сездим. Бул убакта экөө менин машинемди тинтип атышкан. Анан алар менен Кызыл-Кыяга кире бериште сүйлөшмөй болдук. Машинелерге отуруп, ээрчишип баратканбыз. Болжошкон жерден алар токтобой качып кетти. Биз милиция чакырдык. Анан ал менден кечирим сураганы келди. Бирок мен алгач анын алкоголго тест тапшырышын талап кылдым. Ал ажатканага чыгам деген бойдон качып кетип, терезеден секирип качып, нары жакта дубалдарды сүзүп жүргөн.

Учурда чекеси айрылып, башы жарылган ишкер Зарылбек Мааткалыков Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында дарыланып жатат. Оорукананын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Жолдошев жабырлануучунун дарты али аныктала электигин билдирди:

- Мааткалыков 25-сентябрда таңкы саат үчтө ооруканага келип түшкөн. Ал мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканага жаткырылган. Азыр анын абалы туруктуу. Коркунучтуу эч нерсе жок. Бирок анын бардык анализдери толук чыга элек.

Улуттук коопсуздук комитети Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы катышкан окуя боюнча кызматтык иликтөөнү баштады. Аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, Замирбек Жолболдиев УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчылыгынан четтетилген.

Кызматтык тартиптин талабынан улам ишкердин доосуна кабылган чекист азырынча окуя боюнча өз пикирин билдире элек. Бирок анын аялы Мадина Сулайманова ишкер Зарылбек Мааткалыковдун сөзүн толук төгүндөп жатат.

- Мааткалыковдун айткандарынын баары калп. Урду дегени да чындыкка коошпойт. Менин жолдошум да тойдон кайткан болчу. Бир аз кызуураак болгону чын. Мааткалыков жол бербей жүдөткөн. Жолдошум, унаасынан түшкөндө кайым айтышууга аргасыз болгон. Ал бала ачууланып, аялына "тапанчаны алып чык" деген. Анан тапанчаны менин жолдошумдун чекесине такаган. Жолдошум болсо "атсаң жүрөккө ат" деп алаксытып, колун ылдый түшүргөндө тапанчасын тартып алып, өзүн сабаган. Себеби ал кызматтык унаада бараткан коопсуздук кызматкерине коркунуч жараткан. Андан соң жолдо бараткан жерден туугандарын чогултуп чыгып, шаарга кире бериште жолдошумду сабап салышкан. Азыр жолдошум Ошто реанимацияда жатат.

Бул арада Ноокат райондук милициясы Кызыл-Кыя шаарынын башкы чекисти менен жаш ишкердин чатагын кылмыштарды каттоо китебине түшүрүп, окуяны иликтей баштады. Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин ырасташынча, топтолгон материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

- Материал бизге кечээ кечки саат ондо берилген. Азыр териштирүү иштери башталды. Азыр эки тарап тең бири-бирине каршы арыз жазып, ооруканага жатып алышкан. Ишкер алгачкы көрсөтмөсүндө акча тууралуу эч нерсе айткан эмес экен. Ушуга окшогон жактары толук текшерилгенден кийин топтолгон материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

Зарылбек Мааткалыков 25 жашта. Кызыл-Кыя шаарында ашкана жана дүкөн ачкан. Андан сырткары орусиялык гранттан насыя алып, кант чыгаруучу цех иштете баштаганына бир жыл болгон.

45 жаштагы подполковник чини бар Замирбек Жолболдиев акыркы үч жылдан бери УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүн башкарып келаткан.

XS
SM
MD
LG