Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Макенбаева: Бала асыроодо коррупция бар


Балдар укугун коргоочулар чет өлкөгө кыргызстандык балдарды асырап алып кетүүдө коррупция бар экенин айтып чыкты.

"Азаттыктын" суроолоруна Социалдык коргоону реформалоо үчүн түзүлгөн жарандык демилгелер коалициясынын мүчөсү Бурул Макенбаева жооп берет.

“Азаттык”: Бала асырап алуу жаатындагы коррупциялык иштердин бети жаңыдан ачыла баштаганда депутаттар тарабынан бут тосуу болуп жатат деп айтылды министр Сабировдун үй камагына чыгарылышына байланыштуу... Коррупциялык иштер бар деп элди ынандыра турган мисалдарды келтире аласыңарбы?

Макенбаева: Жакында беш жашар бир баланын мисалын келтиришти балдардын укугун коргоочулар. Энеси аны төрөгөндө ата-энесинен жашырып, Орусияга кетип калыптыр. Бирок биздин тиешелүү органдар ал баланын ата-энесин издебей туруп эле аны чет жакка асыроого даярдап коюшуптур. Муну билип калган чоң энеси жакында баланы таап, кызым жаш кезинде таштап кетиптир деп аны үйүнө алып кеткенге даяр болуп турат. Ушундай мисалдар азыр жаңыдан чыгып жатат.

“Азаттык”: Чет жактан келип кыргызстандык балдарды асырап алып кетем дегендер менен иштөө багытында бизде азыр мыйзамдар жетиштүүбү? Ошол балдардын укугун толук сактайт деп кепилдик бере ала тургандайбы?

Макенбаева: Эң туура суроо. Мыйзамдар жетишсиз. Эң чоң маселе купуя сырды сактоого байланыштуу. Башка мамлекеттерде мындай сыр жок. Балдардын тагдыры ачык-айрым, ошондуктан көзөмөлдө. Бизде тескерисинче, бул жабык маалымат, купуя сыр катары каралгандыктан көзөмөлдөө да мүмкүн болбой жатат.

“Азаттык”: Деги эле азыр Кыргызстандан бала асырайм дегендер менен иштөөчү чет өлкөлүк уюмдар кимге кайрылат?

Макенбаева: Бул багытта иш алып барган комиссия мурда билим берүү министрлигине карачу. Азыр социалдык өнүгүү министрлигинде. Эксперттердин пикиринде, бул комиссиянын ишинде да процедуралык жактан эреже бузуулар көп экен. Кээ бир чечимдер комиссияга чейин эле кабыл алынып калат экен. Айрым учурларда комиссия чыгарган чечимди өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар экен.
XS
SM
MD
LG