Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

"Апрелчилер" акчанын айынан араздашты


Мээрбек Мискенбаев
Мээрбек Мискенбаев

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин айрым өкүлдөрү бул уюмдун жетекчиси, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаевди ири өлчөмдөгү акчаны кымырып кеткен деп айыптап жатат.

Ушул тушта алардын доомат-арызын, материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы териштире баштады. Депутат Мискенбаев болсо ага каршы чыккандардын өзүн күнөөлөп, сотко бергени маалым болду.

Апрель ыңкылабынын катышуучусу, 29 жаштагы Аваз Орозалиев 2010-жылдагы Ак үй алдындагы окуяда үч жеринен жараат алган. Ал 2014-жылы жайында ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун резервдик фондунан которулган 500 миң сомдон 40 миң сом материалдык жардам алганы тууралуу маалыматты угуп, таң калганын айтып берди:

- Мен акырегиме, бутума операция жасатышым керек. Мен эч кандай жардам алган эмесмин, бирок мени алган деп жазып коюптур. Баягы күнү 40 миң сом алган дегенди угуп алып аябай таң калдым. Мен эч нерсе алган жокмун.

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин ичинде акчага байланыштуу талаш-тартыш былтыр декабарда жылдык отчетту талкуулоо үчүн чогулганда башталган экен.

Уюмдун өкүлү Марипа Алыйкулованын айтымында, Мээрбек Мискенбаев “Кыргыз көмүр” ишканасынан баасы 2 миллион сомдон ашык көмүрдү апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары алган, бирок ал сатылып, акчасы кымырылып кеткен. Андан сырткары да 700 миңдей сомдун да дайыны чыкпай жатат:

- Ошол чогулушта биз туура эмес иштерди угуп калдык. Бизге отчетту кагаз түрүндө таратып берди. Ал жерден 2 миллион 136 миң сом деген акча чыгып калды. Ошончо суммадагы көмүр Мискенбаевдин шайлоодогу үгүт ишине берилген экен. Үгүт жүргүзсүн, жардамдашкан, жаракат алган балдарга да берилсин дешкен экен. Андан сырткары апрель окуяларында каза болгондорго куран окутулуп, эскертилсин деп жалпы суммасы 600-700 миң сом чогулуптур. Бирок ошол эскерүү иш-чарасына 50 миң сомдой эле кеткен. Калган акча кайда?

Марипа Алыйкулова колундагы документтерди жазында эле тиешелүү органдарга жөнөткөн, бирок териштирүү аягына чыга элек:

- Мен дароо эле УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматына кайрылдым. Абдил Сегизбаевге жазгам. Ошондо эле дароо президент Алмазбек Атамбаевге, анын аппаратына кайрылдым. Өкмөт башчыга, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына, Салык кызматына кайрылдым. Коррупцияга каршы күрөш кызматы материалдарды Башкы прокуратурага жөнөтүптүр. Ал жактан 8 жана 11-башкармалык карап туруп кайра Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына жөнөткөн.

Биз бул кызматтан “Айкөл Ала-Тоо” коомундагы акчага байланыштуу чуулуу иш тууралуу комментарий ала алган жокпуз.

Марипа Алыйкулованын колундагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Улан Исраиловдун быйыл июнь айында жазган катын көрдүк. Анда “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесин социалдык жактан колдоо максатында деп 2014-жылдан бери “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан акча алынганы аныкталган" деп жазылган экен.

Тактап айтканда, 2014-жылы аталган бирикменин жетекчиси Мээрбек Мискенбаевдин орун басары жана жардамчысы Амантур Жамгырчиевдин аялынын операциясына деп миң доллар берилген. Ошондой эле Курман айтты майрамдоо, апрель окуяларын эскерүүгө 400 миң сом бөлүнгөн. “Айкөл Ала-Тоого” кыргыз өкмөтү берген тракторду ай сайын 25 миң сомдон ижара акы төлөнөт деген шарт менен "Кыргызкөмүр” ишканасы алган. 2015-жылдын башынан 2016-жылдын март айына чейин ижара акы 225 миң сом болгон жана аны Мискенбаев менен Жамгырчиев алган.

Бирок бул акча “Айкөл Ала-Тоонун” кассасына кириштелген эмес жана кайда кантип коротулганы да көрсөтүлбөй калган. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы топтолгон материалдарды тергөө органдарына жөнөткөн.

Бирок мындай жагдайларга карабай депутат Мээрбек Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасынан акча алган деген маалыматты жокко чыгарып жатат. Ал бул ишканадагы коррупциялык айла-амалдарды ашкере кылганын, ошондон бери каралоо башталганын айтты. Ага каршы арызданган Марипa Алыйкулованын өзүн күнөөлөдү:

- Мен алардын коррупциялык иштерин айтып чыккандан бери ушул чабуул башталды. Башында ошол Марипа Алыйкуловалар ошону айтпай эле койбойсуңбу деп жүрүшчү. Анткени ал жерде биздин Канат Ашырбаев деген мүчөбүз иштечү. Ошол адам апрель окуяларына катышпай туруп баатыр деген наам, үй алган. Биз аны кубалап чыкканбыз. Бул ошого жооп, өч алуу болуп жатат. Марипа Алыйкулова менен Ашырбаевдин аялы жакын курбу. Биз Марипаны коомдон да чыгарып жибергенбиз. Ал кичине ооруп жүрөт окшойт. Көрүнгөн жактарга жазып арызданып, каралап жүрөт. Мамлекеттик көмүр болсо аны бизге эмнеге бермек эле? Ал жерде менин атым да, койгон колум да жок, ушундай көмүр берип койгулачы деген катым да жок. Мен азыр өзүм ошол көмүр кайда кетти деп прокуратурага жазып жатам. Марипаны да сотко бергем.

Мискенбаев 2014-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүнүп берилген 500 миң сом жардамга муктаждарга таратылганын кошумчалады:

- Ошол акчадан Марипа Алыкулова өзү да алган. Биз ал акчаны 5-10-15 миңден кылып оор жараат алган, каза болгон балдардын туугандарына бөлүп бергенбиз. Мен өзүм деле аларга жардам берип жатам.

Ал арада 7-апрелден кийин түзүлгөн мындай уюмдардын ичиндеги чыр-чатактар апрель ыңкылабына шек келтирди деген дооматтар көбүрөөк айтыла баштады. Жарандык активист Айбек Мырзанын пикиринде, ар кандай уюмдардын түзүлгөнүнүн өзү туура эмес:

- Бир уюм түзүп алып ,ошол апрель окуяларынын катышуучуларынын атынан сүйлөө туура эмес. Ал окуяларга бир топ адамдар катышкан. Ок жеген, жаракат алган, каза болгондор эле эмес да. Мен да катышуучу, уюштуруучуларынын бири болгом. Бирок ушул кезге чейин мен да катышкам, ушундай иштерди кылгам деп айткан эмесмин. Ошол окуяларда 87 бала курман болду. Биз, тескерисинче, ошол адамдардын үмүтүн актадыкпы, жеке кызыкчылыктардын айынан бийликке сатылып, адилеттүүлүктөн тайган жокпузбу, ошол балдардын убалынан коркобузбу деген суроолор берилип, ушул тууралуу айтылышы керек эле. Чынында апрель ыңкылабында өлгөн балдардын үмүтү акталган жок. Мамлекетте жылыш болбоду.

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесине 500дөн ашык адам мүчө. Алардын көбү апрель окуяларында ар кандай жаракат алгандар жана окко учкан адамдардын тууган-уруктары.

XS
SM
MD
LG