Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
Апрель окуясында жабыркагандар бүгүн Жогорку Соттун алдында чыгып, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады. Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Чыгарылыштар
-
Январь 13, 2026Харьков: "Новая почта" терминалы талкаланды
-
Январь 13, 2026Баткен: Күн панелин коюп, суу чыгарып, талааны гүлдөткөн аялдар
-
Январь 12, 2026Өкмөт BELES автобусунан бирди да алган жок
-
Январь 12, 2026"Иранда эл жалпы колдой турган бир лидер жок"
-
Январь 12, 2026Экс-депутат Аккулу Бердиев эки айга камалды
-
Январь 08, 2026"Кызым ыдыкка кабылды". Милицияга эки башка арыз түштү