Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Кыргызстандын Cотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьяларын иргеп алуу иш-чарасын баштамакчы болууда.

Он күн аралыгында талапкерлердин тизмеси коомчулукка жарыяланып, аягында алардын кесипкөйлүгү жана тазалыгы боюнча сапаттарынын негизинде ар бири боюнча ачык добуш берүү жүргүзүлөт.

Кынтыксыздарды тандоонун кыйын жолу


Сотторду тандоо кеңеши өзүнүн ишин жогорку судьялык корпустан баштады. 25-июлга карата Жогорку Соттогу 35 судьялык орун үчүн 102 талапкер катталса, анын конституциялык палатасындагы он бир орунга 26 адам ат салышканы жатат. Тандап алуу иш-чарасынын башында талапкерлер кесиптик даярдыгын жана жүрүм-турумунун тазалыгын аныктоочу атайын тесттерден өткөрүлөт. Андан соң жекече аңгемелешүүлөрдөн кийин алардын ар биринин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу чечилет.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков анын негизинде кынтыксыз деген талапка жооп бергендери гана тандала тургандыгына токтолду:

- Кынтыксыз дегенибиз ошол соттордун үстүнөн даттануулар болуп, сөгүш алгандар болушу мүмкүн. Мурда сотто иштеп жүрүп кандайдыр бир терс жагдайлар менен иштен кеткендер кайра келгенге аракеттенип жатышы ыктымал. Мына ошондуктан алардын иш таржымалын карап, анан ошого карата баа беребиз. Сотто иштеп жүрүшкөндө коомчулуктун көз жаздымында калып, бирок ишинде кетирилген катачылыктары аныкталгандар да бар. Мына ушуларга карайбыз.

Кимдин кирешеси кимдин эсебинен экени аныкталабы?

Мындан сырткары соттор корпусунда иштеп келген талапкерлердин буга чейинки иш тажрыйбасында чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугу кылдат иликтенээри айтылды. Ошондой эле талапкерлердин декларацияда көрсөткөн кирешелери менен чыныгы мүлкү боюнча маалыматтар салыштырыла тургандыгы белгиленди.

Муну менен соттор кеңешинин мүчөсү Айжамал Ажибраимова судьялыкка талапкерлердин пара алууга болгон мамилеси аныктала тургандыгын кошумчалады:

- Судьялыкка талапкердин тазалыгын текшериш үчүн жашап жаткан үйлөрү же болбосо колунда бар ага караштуу мүлкү кайсыл жол менен келгенин иликтегенге аракет кылабыз. Анан ошол адамдан “декларацияда мындайча көрсөтүлүптүр, бирок момунча байлыгыңыз бар экен, мунун баардыгын кайдан тапкансыз деп сурайбыз. Мына ушуга окшогон талдоолордон кийин кеңештин ар бир мүчөсү берилген критерийлердин негизинде ага добуш беришет.

Сотторду тандоо кеңешинин ишмердүүлүгүнө укук коргоочулар баштан-аяк байкоо жүргүзүшүүдө. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова сотторду тандоо кеңешинин иш тартиби жана талапкерлерге коюлган талаптардын тактыгы боюнча бүдөмүк жагдайлар көп экендигин белгиледи:

- Эң эле башкысы мына ошол сотторду тандоо кеңешинин түзүлгөндүгүнүн өзү ачык-айкын болгон эмес. Анан башында биз алардын иш-тартиби боюнча ачык маалымат ала алган эмеспиз. Качан гана биздикилер кыйкырып чыгышып, талап кыла баштаганда гана алар өздөрүнүн иштерин байкоого алууга уруксат беришти. Бирок ага чейинки кабыл алынган чечимдер бүдөмүк бойдон калып кетти.

Пара алууга коюлган бөгөт


Анткен менен сотторду тандоо кеңешинин ишин ачык-айкын алып баруу боюнча бир катар шарттар каралгандыгы белгиленди. Айрыкча кеңештин мүчөлөрүнүн жең ичинен жемкордука барышына бөгөт койуу үчүн алардын телефон байланыштары тыңшоого алынгандыгы айтылды. Ошондой эле алардын башка бирөөлөр менен байланыштары көзөмөлгө алынаары эскертилген.

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Шамарал Майчиев мындан башка да жең ичинен иш бүтүрүүнү чектей турган чаралар бар экендигин айтып өттү:

- Эң биринчи тоскоол боло турган механизм – бул ачык шайлоо жолу. Мисалга алсак, эгерде биздин бир мүчөбүз соттукка талапкерден пара алып, бирок ал талапкер биз иштеп чыккан критерийге туура келбей жатса деле аны шайлай турган болсо, анда анын акча үчүн добуш бергендиги байкалып калат. Добуш берүү ачык жарыяланат. Мына ошондуктан кандай болгондо да билинип калаарын баары туюп тургандай абал пайда болот.

Сотторду тандоо кеңеши он күндөн кийин Жогорку Соттун судьяларын тандап, аны президенттин кароосуна жөнөтөт. Мамлекет башчысы эгерде талапкерлер боюнча каршылыгы жок болсо, анда аларды парламентке бекитүүгө сунуштайт. Мына ушундай иргеп алуудан өткөн талапкерлер гана пенсия курагына чыкканга чейин Жогорку Соттун судьясы болуп шайланышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG