Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Өкмөт мүчөлөрүнүн үчтөн бири алмашты


Өкмөттүн үчтөн бири алмашып жаткан жаңы курамы парламенттеги тармактык комитеттин жана башкаруучу коалициянын колдоосуна ээ болду. 9-ноябрда маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Кыргыз өкмөтүнүн структурасындагы төрт вице-премьерлик кызматтын бирөө, 12 министрликтин алтоондо жетекчилик алмашып жатат, ал эми үч комитеттин башчылары ордунда калды. Министрлер кабинетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков да ээлеген кызматында калууда.

Парламенттеги КСДП фракциясынын жана башкаруучу коалициянын жетекчиси Иса Өмүркулов өкмөттүн курамынын үчтөн бири жаңырганын айтууда:

- Жаңылануу болуш керек. Жаңы агым, креативдүү күчтөрдү, жаштарды бирден-экиден кошуп аралаштырбасак болбойт логика боюнча да, иш шарты боюнча да...

Талапкерлер боюнча талкуу жалпысынан бир калыпта өтүп, жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү баарына тең макул деген добушун беришти.

Бирок маселе дал ошол жаңы күч деп сыпатталып жаткандарга байланыштуу чыкты. Маселен, мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын ордуна келаткан Уран Ахметов тууралуу президенттик жана өкмөттүк аппараттардын укук бөлүмдөрүндө иштегени, Жапонияга барып окуп келгенинен башка маалымат жок.

“Бир бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова жаш адистерди алып келебиз деп жакшы иштеп жаткан кадрларды артка жылдырып салуу туура эмес деген пикирин айтты.

- Министрликке чейин өсүш керек. Тиешелүү тепкичтерди басып өтүү зарыл. Жакында көчөдөн келгендерди деле министр кылып отургуза баштайт окшойбуз.

Жансакчыларга оомат келдиби?

Жансакчыларга оомат келдиби?

Президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын жооптуу кызматка дайындалып жатышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

Ички иштер министрлигин жетектөөгө сунушталган Улан Исраилов президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы. Быйыл жазында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы кылып дайындаганда президент аны таза иштеген кадр деп мүнөздөп, ага ишенерин айткан.

УКМКнын Антитеррордук борборунун мурдагы башчысы Марат Иманкулов Улан Исраиловдун ички иштер структурасындагы ишмердүүлүгү тууралуу эч укпаганын айтууда:

- Атайын билими, тажрыйбасы жок адамдарга тапшырганда, алар проблеманы ичинен түшүнбөгөндөн кийин кантип реформа жасамак эле? Президенттик мөөнөт аякташына бир жыл калганда жакын адамдарын алып келип, күч структураларын, башка мекемелерди өз адамдары менен көзөмөлдөө аракети жүрүүдө.

Транспорт жана жол министрлигине Жамшитбек Калиловдун талапкерлиги сунушталууда. Учурда ал «Кыргызжолтрансдолбоор» институтунун башкы директору.

Ал эми айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине сунушталып жаткан Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында “Республика” фракциясынан депутат болгону, азыркы чакырылыштагы парламентке “Бир бол” фракциясынан талапкер экени белгилүү.

Коомчулукка гендердик теңчилик маселелери боюнча адис катары таанымал Таалайкүл Исакунова парламенттин азыркы чакырылышына “Кыргызстан” партиясы аркылуу шайланып келген. Аны Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлик кызматына сунушташты.

Билим берүү жана илим министрлигине буга чейин өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматты аркалаган Гүлмира Кудайбердиева сунушталып жатат. Эмгек жолун ал Бишкектин №20 орто мектебинде катардагы мугалим болуп баштаган. Ал эми анын ордуна вице-премьер болуп “Кыргызстан” фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова келатат.

Жакында көчөдөн келгендерди деле министр кылып отургуза баштайт окшойбуз.
Чолпон Жакупова

Ошентип, бул жолу өкмөттөгү жети позиция боюнча жетекчи алмашууда. Алардын экөө “Кыргызстан” фракциясына, бирөө “Бир болго” тийсе, калгандары бийлик партиясы КСДПдан же президенттик аппараттын тегерегиндегилерден. Башкача айтканда, жаңы куралган коалициядагылар. Ал эми буга чейинки коалициядагы мүчөлүктөн ажыраган “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” ушуну менен министрлик кызматтарынан да кол жууду.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бул жолу фракциялар ортосунда кызмат талаш болбогонун айтууда:

- 2010-жылы кандай болгонун билесиңер. Фракциялар аким, айыл өкмөтүнө чейин бөлүп алган. Азыркы чакырылыш келгени ал нерсе токтоду. “Кыргызстан” деле, “Бир бол” деле тигини же муну коесуң деп маселе коюшкан жок.

Бирок серепчилер кыргыз саясатында бийликти ич ара бөлүштүрүү, эсептешүү сыяктуу көрүнүш токтоп баратат дегенге анча ынанбайт. Саясат талдоочу Эмил Каниметов:

- Кызматка коюу мурдагыдай эле тааныштык, кландык же жеке топтордун кызыкчылыгы аркылуу жүргүзүлүп келатат. Бирок мурда партиялар түздөн-түз соодалашып, саясат менен бизнес терең аралашып келген болсо, бул жолу бийликте турган партия мурдагыдай кескин соодалашпаса да, өз ара макулдашуу аркылуу чечилген болушу ыктымал.

Парламенттин азыркы чакырылышы былтыр күзүндө шайланган. Ага кирген алты фракциянын төртөө (КСДП, "Кыргызстан", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс") көпчүлүк коалицияга бириккен. Эки апта мурда КСДП фракциясы коалициядан чыкканын жарыялап, башкаруучу көпчүлүк тарап кеткен. Жаңы коалицияны КСДП “Бир бол” жана “Кыргызстан” менен түзүп, эми эреже боюнча анын негизинде жаңы өкмөт куралууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG