Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Кыргызстанда насыясын төлөй албай калган жарандарды банкрот деп таануу боюнча маселе быйыл да көтөрүлдү.

Карыз алуучулардын укугун коргоо кыймылы аларга кредиттик мунапыс берүүнү сунуштап жатат. Ушул маселенин оош-кыйышы тууралуу экономика жана каржы маселеси боюнча адис Талант Керимбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстанда банктардан, чакан кредиттик уюмдардан насыя алып, бирок аны төлөй албай карызга баткандар, биринин баш кийимин экинчисине кийгизип, үстөккө-босток кредит алган жарандардын көйгөйү көптөн бери көтөрүлүп чечилбей келет. Элдин насыя алып, карыз батканынын себеби эмнеде? Каржы сабаттын аздыгыбы же насыялардын үстөк пайызы көп болуп жатабы?

Талант Керимбаев: Баарынан мурда элдин каржы сабаты начар. Акчаны, алган насыяны туура сарптоо маданиятынын төмөндүгүнөн ушул маселе келип чыгууда. Бул айтылгандар кредит алган тарапка да, аны берген тарапка да тиешелүү. Насыя берген компаниялардын көбү өнүккөн мамлекеттердегидей деңгээлге жете элек.

Кыргызда жамандык-жакшылык көп болот эмеспи. Эл алган акчасын той-ашка сарптабай, карызга бербей, туура сарптаса, мындай абал жаралмак эмес.

“Азаттык”: Кыргызстанда банктардын жоопкерчилиги каралганбы? Анткени банктар жана башка каржы компаниялар сабатсыздыктан пайдаланып, калкка кымбат кредиттерди таратып, карызга батырып койду деген сындар арбын.

Талант Керимбаев: Бул маселеде банктардын жоопкерчилиги чоң болушу керек. Насыяны төлөй албай калгандардын көйгөйү боюнча аларда керектүү механизмдер жок. Маселен, кат-сабатты жоюу багытында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси колго алынбай жатат. Калкка акчаны кантип туура жумшоо керектиги, инвестиция эмне экени тууралуу маалымат берилиши зарыл. Ошол эле кезде, кыргызда жамандык-жакшылык көп болот эмеспи. Эл алган акчасын той-ашка сарптабай, карызга бербей, туура сарптаса, мындай абал жаралмак эмес.

“Азаттык”: Насыя алып, төлөй албай калган жарандарды "банкрот" деп таануу сунушу айтылууда. Муну менен аларды кредитти төлөөгө дарманы жок деп жарыялоо керек, деген демилге көтөрүлүп жатат. Бул сунуш көйгөйдү чече алабы?

Талант Керимбаев: Менимче, толук чече албайт. Анткени, насыясын төлөй албай калган жарандар банкрот деп таанылса, банктар менен каржы компаниялардын кредит бериши кыйын болуп калат.

“Азаттык”: Насыясын төлөй албай калгандардын карызын жеңилдетүү механизмдерин иштеп чыкса болобу? Адис катары муну чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

Талант Керимбаев: Кредитти реструктизациялоо фонддорун ачса болот. Өкмөт дагы жардам көрсөтүп, комиссия түзүлүп, бул маселени кылдат карап чыгышы керек. Насыя төлөй албай калгандардын ар бирин иликтеп көрүп, кутулууга кудурети жетпей калгандарды реструктизацияга жөнөтүү керек. Антпесе, элдин баары эле кайрыла бериши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG