Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Кыргызстанда өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик коруктарга чет элдик мергенчилерди киргизип, кайберенге кыргын салган фактылар ачыкка чыгууда.

Бул тууралуу интернетте мыйзамсыз мергенчиликтин жагдайларын чагылдырган видео тасма тарады. Канадалык Шванки аттуу мергенчинин Ысык-Көлдөгү Сары-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругундагы аркар- кулжага жана тоо текеге жасаган аңчылыгы интернеттеги You Tube каналында пайда болду.

Экологдор чет элдик мергендердин коруктардагы мыйзамсыз аңчылыгын уюштуруу ортомчулук кылган шылуун компаниялардын ири киреше табуу булагына айланганын белгилешти. Мамлекеттик коруктун башчылыгы бул дооматты четке кагууда.

Мергенчиликке уруксат берген мамлекеттик аңчылык департаменти коруктагы кайберендерге жашыруун аңчылык кылуу фактыларын жергиликтүү тургундарга оодарды.

Мыйзамсыз аңчылыктын сырын ачкан канадалык тасма

Outdoor quest TV продакшн студиясында T.J Schwanky аттуу канадалык мергенчи Кыргызстандагы кызыктуу аңчылыгы тууралуу тасма даярдаган. Үч адамдан турган канадалык мергенчилик топтун бул аңчылыгын Asian Mountain Outfitters деген аталыштагы эл аралык мергенчилик компаниясы уюштурган. Анын расмий сайтында компаниянын башкы өкүлү катары көрсөтүлгөн Bryan Martin менен байланыша алган жокпуз. Анын Кыргызстандагы менеджери катары жазылган Асыл Алымбаева деген адам менен дагы баарлашууга мүмкүн болбоду.

Жыйырма мүнөттүк видео тасмада мергенчи Канаданын Калгари шаарынан чыккан Schwanky Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорундагы аңчылыгын баштан аяк чагылдырган. Өзүн эл аралык мергенчилер клубунун мүчөсү деп тааныштырган Schwanky аңчылыкка тыюу салынган Кыргызстандагы мамлекеттик коруктун аймагынан аң уулаганын аңдабаган шекилдүү. Тыюу салынган мамлекеттик коруктан аңчылык кылууга бараткан бул топ заманбап аңчылык курал-жарактар, тиешелүү шаймандар жана алдыңкы байланыш каражаттары менен камсыздалганы тасмадан көрүнүп турат.

Мергенчи Schwanky видеодо Сары-Чат Ээр-Таш коругуна өтчү Көөлүү ашуусунан кандайча ашып өткөнүн мындайча баяндаган:

- Биз азыр деңиз деңгээлинен 4155 метр бийиктикте турабыз. Бул ашууга чыкканда биз кадимкидей демигип, түтөгүп, оор жүк көтөрүп бараткандай абалда баратабыз. Бирок биз буга туруштук бердик. Бул татаал сапарда бизди коштоп келген “Саку” менен бирге баратабыз. Калгандары биздин артыбыздан келе жатат. Убакытты жакшы өткөрүп, сегиз сааттан бери жолдобуз. Ашууда бурганактап кар уруп, суук болуп жаткандыктан биздин ылдамдыгыбыз жай болууда. Мына бул кырдан ары ашкандан кийинки мейкиндик биз көптөн бери эңсеген аркар-кулжанын мекени деп айтышты.

Аркар-кулжаны коруктан издеген шылуундар

Андан ары видео тасмада айтылгандай, чет элдик аңчылар жана аларды коштоп жүргөн жергиликтүү коштоочулар Сары-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругундагы “Борду” деген жайык тилкеге ат менен сегиз саат дегенде араң жетишкен. Корукчулар турук кылган жерге бул аңчылар чатыр тигип жайгашкан. Бул боюнча видео тасманын 7-8-мүнөттөрүндө таамай көрүнүп турат. Ошондой эле анда курал асынган жети адамдан турган атчан топ мамлекеттик коруктун аймагына тоскоолдуксуз кирип баратканы тартылган. Алардын арасынан үчөө чет элдик мергенчилер экени аталган тасмада баяндалган. Сары-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругунун аймагына үч жол менен гана кирүүгө болот. Корукчулардын шарты болбогондуктан алар дайыма эле күзөтүп турууга мүмкүнчүлүгү жок. Ысымын атагысы келбеген корукчулардын бири чет элдик мергенчилерди коруктун аймагына алып кирип, аңчылык уюштурган фактылар бар экенин ырастады:

Сары-Чат Ээр-Таш коругу

Сары-Чат Ээр-Таш коругу

- Булардын биринчи эле одоно мыйзам бузганы коруктун аймагына курал менен кирип барганы. Анткени илимий изилдөө жүргүзүү үчүн дагы атайын уруксат талап кылынат. Булар менимче, жашыруун киришкен. Анан эми жанагы аңчылык чарбаларынын бири мамлекеттик департамент менен сүйлөшүп, башка жактан аркар-кулжа же тоо текесин атууга уруксат алышса керек. Бирок чет элдик мергенчилер каалаган чоң аркар-кулжа алардын аймагында болбогондуктан мамлекеттик коруктун ичине байкатпастан алып киришкени көрүнүп турат. Аркар-кулжа атканга уруксаттын баасы 6 миң доллар. Анан ал аңчылык чарбалары чет элдик мергенчилерге каалаган баасын сунуштайт. Азыр бир аркар-кулжаны аттыруунун көмүскө баасы 50 миң долларга чейин. Ошондуктан булар чет элдик мергендерди коруктун ичине чейин алып кирип, чоң акча жасап жатышат.

Тоголонуп түшкөн тоо текелери

Канадалык мергенчинин видео тасмасында алгач аркар-кулжага жана тоо текесине жасалган аңчылыктын фрагменттери кеңири чагылдырылган. Schwanky тасмада бир канча убакыт бою күтүүдөн жана бир топ аракеттерден соң мергенчилер тоо кырында оттоп жүрүшкөн аркар-кулжаны туш тарабынан курчоого алышканын өзгөчө ынтаа менен баяндайт. Бирок кулжанын бирин мергендердин бири мелжеп жатканда шыбырт алган кайберендер качып жөнөгөн. Ошол учурда атылган ок кайберенди жыгып түшкөн. Ок тийген кулжа кырдан тоголонуп, сайга түшкөн.

Андан соң мергенчилер коруктун аймагында дагы 7 чакырымдай жол жүрүп, эчки-текелердин үйүрүнө туш болгон. Мергенчи Schwankyнин шериги Жеф аттуу аңчы тоо текелердин дагы бирин атып түшүргөн. Тасмада бир нече курдай ок атуулар болгону менен андагы кайберендердин канчасы жайран болгону айтылган эмес. Андан кийин тоо боорунда корголоп турган жалгыз текени атып салган канадалык мергенчи Schwanky өзүнүн бул “эрдигин” төмөндөгүчө маашырланып айтып берген:

- Мына бул Кыргызстандын Марко-Полосу. Аны мен 600 метрден ашуун аралыкта турган жерден атып түшүрдүм. Мына, айтылгандай эле, кыялдар орундалат. Мынакей, Марко Поло... Мен ушул үчүн дүйнөнүн жарымын басып өтүп жер кезип келдим. Менин мылтыгымдын оптикалык мээлегичи болгондуктан бул жолу аябай өзүмө ишенимдүү түрдө аттым. Биз Кыргызстан тууралуу буга чейин жакшы эмес маалыматтарды уктук элек. Бирок бул жакка келгенде бизди аябай жакшы тосуп алышты. Бизди коштоп жүргөндөр аэропорттон эле тосуп алышып, эң мыкты деңгээлде кызмат көрсөтүштү. Бийик тоодо өзүңдү кандай алып жүрүү керек экенине чейин кам көрүшүптүр. Мен Кыргызстанда мына ушундай аябай кызыктуу аңчылык уюштуруп бергениңиздер үчүн абдан ыраазымын. Анан дагы бул жактагы кызыктуу аңчылыкка келип, көңүл ачууну эми башкаларга дагы сунуштайм. “Саку” менен кызыктуу аңчылыкка чыгам десеңер, анда бул жакка келгиле.

Чет элдик жарандын Кыргызстанда аңчылык кылганы тууралуу You Tube каналына чыккан видео.

Аңчылыкты уюштургуч “Саку" ким?

Мына ошентип Сары Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругунун аймагында аңчылык кылган америкалык үч мергенчи жалпысынан бир кулжа, эки текени атып, артынып алып ылдыйга түшүп, алардын мүйүзүн чыгарып алган учурлары видео тасмада көрсөтүлгөн. Бул аңчылык 2012-жылы күзүндө Кыргызстанда уюштурулганы тасмада белгиленген. Аңчылыкты уюштуруп, чет элдик аңчыларды коштоп жүргөн “Саку” деген лакап аттуу кыргыз жараны Asian Mountain Outfitters компаниясынын өкүлү катары тасмада көрсөтүлгөн. “Саку” деген лакап ат менен аталган кыргыз жараны мындагы аңчылыктын өзгөчөлүгү тууралуу тасмада минтип сүйлөгөн:

- Көп адамдар Марко Полого аңчылык татаал деп ойлошот. Бирок мен тоо текесин атуу техникалык жактан бир топ татаалыраак деп ойлойм. Себеби өйдө көтөрүлүш керек, бул жапайы жаныбар күтүүсүз жерлерде жүрөт. Алар дайым бир жерден экинчи жерге которулуп турат. Адам жытын сезип калса, качат. Анан дагы эки-үч күн алардын артында жүрүү керек же болбосо эч качан таппай калышың мүмкүн. Ошон үчүн буларды атыш кыйын. Мен айтаар элем, Кыргызстанда тоо текесин аткан эң татаал жана эң кызыктуу. Бирок көнүп алгандан кийин кийинки жолу келген мергенчилер кайра-кайра бул жакка аңчылыкка чыгууга куштар болуп калышат. Анан дагы бизде болжоп болбогон жапайы жаныбарлар аябай көп. Алар бир жерге токтобой, дайыма жер которуп турушат. Алар жүргөн аска-тоолорго жетүү дагы оңой эмес. Мына ошондуктан Кыргызстандагы аңчылык ары татаал, ары оор болгону менен аябай кызыктуу.

2030-жылга чейин мергенчиликтин карышкырга менен чөөдөн башка бардык түрүнө тыюу салууну сунуштап жатабыз. Антпесек азыр мамлекеттик коруктар каралбай, уруксаты бар деген шылтоо менен ал жакта дагы кайберендерге кыргын салып жатышат.

“Саку” деген лакап ат менен тасмада белгилүү болгон Кыргызстандын жараны чынында ким экенин аныктоого мүмкүн болбоду. Asian Mountain Outfitters деген эл аралык компаниянын расмий сайтында дагы ал адам тууралуу маалымат жок. Ошондой эле бул компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн дагы дайын-дареги ачык көрсөтүлгөн эмес. “Сакунун” кайсы бир аңчылык чарбасына тиешеси бары жана англис тилинде эркин сүйлөгөн “менеджер” экени туурасында гана үстүрт маалыматтар бар экен.

Корук жетекчилигинин актануусу

Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругунун директору Мухтар Мусаев коруктун аймагында мындай терс көрүнүштөр болушу мүмкүн эмес деп, тасмадагы фактыларды төмөндөгүчө четке какты:

- Ал жактын бардыгы бекем тосулган. Ошол үчүн эч ким мыйзамсыз кире албайт. Мен бул корукта 1998-жылдан бери жетекчи болуп иштейм. Мунун бардыгы болбогон эле ушак сөздөр. Чет элдик мергенчилердин аңчылыгы күзүндө башталат. Алар кокус коруктун аймагына кирип кетпесин деп биз дайыма карап турабыз. Ашууга кар түшүп, коруктун аймагына ашып өтүүгө деги эле мүмкүн болбой калат. Анан калса 50-60 чакырым жол басып, мына ошондой бийик тоодогу катаал шартта ким аңчылыкка чыксын? Ал жерге адам киргизмек турсун, мал жайганга болбойт. Өзгөчө коргоодогу аймак болгондуктан ок чыгармак турсун, керек болсо ал жакта иштеген корукчуларга кыйкырып сүйлөгөнгө тыюу салынган.

Буга чейин мамлекеттик коруктун жака белинде жайгашкан аңчылык чарбалары менен мамлекеттик аңчылык департаменти биригип алып, чет элдик мергенчиликти уюштурууну көмүскө ишкердикке айландырганы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал турсун мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган прокуратура менен экотехинспекциянын кызматкерлери кайберенге аңчылыкка чыгып, сүрөттөрүн интернетке жайгаштырган фактылар ашкере болгон. Бул окуяга тиешеси бар адамдар кийин кызматтарынан төмөндөтүлгөн. Аталган мамлекеттик аткаминерлерге карата башка жаза чарасы колдонулган эмес.

Мыйзам буйлалай албаган “бууралар”

Ошондон кийин парламент депутаты Эмил Токтошев аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бирок анысы парламентте ушул күнгө чейин каралбай турат:

Сары-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругу. Ысык-Көл облусу. Жашыл сызык коруктун аймагы

Сары-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругу. Ысык-Көл облусу. Жашыл сызык коруктун аймагы

- Уруксат алганда бир баш кулжага же бир тоо текеге деп алынат. Бирок ал жакка баргандан кийин аталган аңчылыкты уюштургандар чет элдик мергенчилерге канча аркар-кулжа же тоо теке аттырганын эч ким көзөмөлдөй албайт. Бул боюнча тиешелүү укуктук ченемдер дагы болгон эмес. Биз жаңы кабыл алына турган мыйзамда мына ошого окшогон жактарын эске алуу менен 2030-жылга чейин мергенчиликтин карышкырга менен чөөдөн башка бардык түрүнө тыюу салууну сунуштап жатабыз. Антпесек азыр мамлекеттик коруктар каралбай, уруксаты бар деген шылтоо менен ал жакта дагы кайберендерге кыргын салып жатышат. Ошол эле аңчылык чарбаларын өздөрү түзүп алышып, чет элдиктер менен келишимдин аркасы менен көмүскө коррупциялык жолдорду иштеп чыгып алып, ошондон түшкөн акчага туйтунуп жатышат.

Аңчылык департаментине кайрылып, америкалык мергенчи Schwanky баштаган топ кандай уруксаттын негизинде мамлекеттик коруктун аймагында аңчылык кылганына жооп ала алган жокпуз. Аталган аңчылыкты расмий түрдө уюштурду деп тасмада айтылган Asian Mountain Outfitters компаниясынын аты дагы аңчылык департаментине тааныш эмес болуп чыкты. Мамлекеттик аңчылык департаменттинин башкы директору Алмаз Мусаев аталган коруктун директору менен жакын тууган экени буга чейин белгилүү болгон.

Мусаев: “эрендерде” эмес, элде күнөө

Мамлекеттик аңчылык департаменттинин башкы директору Алмаз Мусаев коруктагы жапайы жаныбарларга бүлгүн салуу фактылары бар экенин моюнга алганы менен, бирок алардын артында жергиликтүү тургундар турат деп айыпты карапайым элге оодарды:

- Мисалы, мына ошол коруктун аймагындагы жапайы жаныбарларга бүлүк салгандарды мен чакырып алып, киргизген жокмун. Бирөөлөр департаменттин директору мына ошол чет элдик компаниялар менен келишип алып, корукка жетекчи болгон ага-инилер мергендерге кайберен аттырат деп ойлоп жатышат окшойт. Андай болушу мүмкүн эмес. Биз аңчылыкты уюштурбайбыз. Биз мына ошондой мыйзамсыз аңчылыкты ооздуктай турган мекемебиз. Чет элден келген мергенчилерди биздин корукка же аңчылык чарбаларына башка бирөөлөр алып келбейт. Аларды биздин эле жарандары чакырып, ушул жакка киргизип жатышпайбы. Муну мына ошол жердеги эле жергиликтүү калктын арасынан бирөөлөр уюштурушат. Аларды башка жактан бирөөлөр алып келбейт да. Мына ошондой учурлардын бетин ачып, укук коргоо органдарына өткөрүп берип жатабыз. Алыскы жайлоолордогу малчылар тээ эзелтен бери эле мыйзамсыз аңчылык менен алектенип келишет. Анан буга мамлекеттик департаментти же коруктун кызматкерлерин айыптаганга болбойт.

Анткен менен мыйзам боюнча мергенчиликке уруксатты аңчылык чарбалары гана алууга укугу бар экен. Мына ошого байланыштуу расмий сайты аркылуу Кыргызстандын тоолорундагы аркар-кулжа жана тоо-текеге аңчылыкты жарнамалаган Asian Mountain Outfitters деген эл аралык мергенчилик компаниясы өлкөдөгү кайсы аңчылык чарбасы менен келишим түзүп, ортомчулук иш алып барганын иликтеп чыгууга азырынча мүмкүн болбоду. Ошондой эле мамлекеттик коруктун аймагына чет элдик мергенчилерди киргизип, кайберендерге кыргын салууга жана мына ошонун бардыгын тасмага тарткандан чочулабаган бул уюшкан топтун артында бийликтеги кандай кудуреттүү күчтөр турганы боюнча кийинки иликтөөлөрдө маалымдайбыз. Сары-Чат Ээр-Таш Кыргызстандагы өзгөчө коргоодогу эң чоң коруктардын бири. Анда өлкөнүн аймагында азайып бараткан аркар-кулжанын эң көп саны 2011-жылы байкалган.

Аңчылыктагы кыңыр иштер "Азаттыктын" иликтөөсүндө. 14-апрель, 2016-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG