Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:29

ИИМ Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигин аркар-кулжаларды ашыкча атууга жол берди деп күнөөлөдү.

Ички иштер министрлиги бул маселеге байланыштуу кылмыш ишин козгоп, агенттик мамлекетке 9 миллион сомго жакын зыян келтиргенин айтууда.

Кызыл китепке кирген аркар-кулжаларга аңчылыкка атайын чектөө бар. Аларды атууга уруксат Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги тарабынан берилет жана көзөмөлгө алынат.

Маалыматтар боюнча 2013-2014-жылдардагы аңчылык мезгилинде 70 баш Марко Поло эчкисин жана 350 баш Сибир тоо текесин атууга уруксат берилген. Агенттик бул санга кийинки жылы ар биринен ондон баш кошуп, аны илимий изилдөөлөр үчүн деп негиздеген.

Ички иштер министрлиги аркар-кулжаларды кошумча атуу Улуттук илимдер академиясынын Биологиялык-топурак институту менен макулдашылган эмес деп агенттикти айыптап жатат.

ИИМдин өкүлү Бакыт Сейитовдун айтымында, бул ишти тараптар коммерциялык максатта атайын уюшуп жасашкан:

- Текшерүү учурунда Токой чарба агенттиги жана Илимдер академиясынын кызматкерлери мыйзам бузуп, уруксат бергендигин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалык аныктады. Коммерциялык багытта чет мамлекеттен мергенчиликке келгендер акчасын төлөп алып кетишкен.

2013-жылдын 3-майындагы буйрукка ылайык, ар бир жандыкка мергенчи 400 миң сом төлөө керек болсо, алар 250 миң сомдон гана төлөп, жалпысынан 5 миллион сом бюджетке түшкөн.

Натыйжада Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин жана Улуттук илимдер академиясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан 3 млн. сом мамлекетке зыян келтирилген. Мындан тышкары камандан баштап, коён, түлкү, үкү, өрдөк, кекиликти атууга 62 уруксат кагазы берилген. Бакыт Сейитовдун белгилешинче, баарын кошо эсептегенде 8 млн. 883 миң сом эсебинде мамлекет зыян тарткан.

- Мында уруксат көрсөтүлгөн бланкалар үчүн эле 37 сомдон төлөнгөн. Башкача айтканда, мамлекет аныктаган баа боюнча акча төлөнгөн эмес. Уруксатты берген Токой чарба агенттигинин кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 304- беренеге ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө учурунда конкреттүү адамдарга айып тагылат.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин алдындагы аңчылык департаментинин башчысы Алмаз Мусаев Чет элдик мергенчилерге уруксат берүүнү бизнеске айлантты, мергенчиликке лимиттен ашык уруксат берди деген дооматтарды четке какты:

- Менимче тактоо иштерин жүргүзөбүз. Тергөө иштеринде кандайча болгону аныкталат болушу керек. 70 лимит болсо 70 уруксат кагазы берилет деп ойлошот. Бирок кээде 80-85 болушу жазылып калышы мүмкүн. Анткени бир берилген чарба иштетилбей калса кайра кайтырылып, жаздырылат. Мергенчилер келип ата албай кетишсе, ал уруксат кагазы алынып, кайра башка берилиши мүмкүн да.

“Аң улоо жана мергенчилик чарбасы жөнүндөгү” мыйзамда мартабалуу аңчылык саналган аркар-кулжаны атуунун бир гана санитардык жагы эске алынып, карыгандарын гана жок кылууга уруксат берилген. Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерде айып жок. Болгону кызыл китепке кирген жаныбарларды мыйзамсыз аткандардын жазадан кутулуп кетип жатканына маани берүү керек.

- Кайсы мыйзам болбосун аны бузган адамдар дайыма табылат. Бул жерден кылмышкер кармалган соң кайра эле коё берип жатышпайбы. Менимче, сотко жеткенче эле аягына чыкпай, убакыт чоюлуп же болбосо тааныш таап, акталып калып жатат. Ошондуктан мыйзам бузган адам кармалгандан кийин үч күн ичинде соттолгудай кылып Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү керек болуп калды окшойт.

“Аң улоо жана мергенчилик чарбасы жөнүндөгү” мыйзам алгачкы жолу былтыр кабыл алынган. Ага ылайык аркар-кулжаны атууга лицензия алуу үчүн чет өлкөлүк мергенчи өкмөткө 250 миң сом төлөшү керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG