Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы соңку чуулуу окуяларга байланыштуу Эркин Мамбеталиевдин ысымы көп аталып жатат.

Мамбеталиев президенттин "эркесиби"?

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы, уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү, оор кылмыштар боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бирок бир эмес, эки жолу абактан бошоп чыккан, артынан көп сөз ээрчиткен Эркин Мамбеталиев деген ким? Анын соңку бошотулушу мыйзамдуу болгонбу?

Эркин Мамбеталиев биринчи жолу 2004-жылы жазында милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен камакка алынган. Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев милициянын оперативдүү кызматкерлери Алиевди атып качкан дегендерди унаасы аркылуу тапканын "Азаттыкка" айтып берди. Унаа азыркы президент, ошол кезде “Кыргызавтомаш” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон Алмазбек Атамбаевге таандык жайда катылып турган:

- БМВ үлгүсүндөгү унааны Атамбаевге таандык “Форум” деген жайдан табышкан. Аны Эркин Мамбеталиев каткан деп айтылган. Чыныбек Алиевди автоматтан 30дай жолу атышкан да. Негизи ок атылганда унаада октун күйгөн жыты калат жана гильза ысык болгондуктан алардын изи калат. Унааны тинткенде ушундай белгилер чыккан. Ушул факт боюнча Эркин Мамбеталиев соттолгон. Мамбеталиев Рысбек Акматбаевдин тобунун активдүү мүчөсү болгон. Бул издөөдө жүргөн. Акматбаев кармалбай, бул кармалган.

Мамбеталиев соттон 2005-жылы март ыңкылабынан кийин акталып чыккан. Анын камактан чыгышы "Алмазбек Атамбаевдин кийлигишүүсү менен болду" деген сөз тараган.

Жогорку Соттун "жоругу"

Мамбеталиев экинчи жолу 2006-жылдын этегинде камакка алынган. Ага 2005-жылы 10-июнда атып өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге байланыштуу кылмыш иши боюнча айып тагылган.

Мамбеталиевге негизинен сегиз адамдын, тактап айтканда, Чыныбек Алиев менен Жыргалбек Сурабалдиевден сырткары Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаважи Заурбеков, Ысык-Көлдөгү “Рахат” пансионатынын жетекчиси Бахрул Бурханов, Таластагы уюшма кылмыш топтун мүчөсү Нурлан Бердикеев, Таалай Абасов, жеке ишкер Шамил Адеевди өлтүрүүгө катышкан деген айыптар тагылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө сегиз адамдын ичинен үчөөнүн - Алиев, Сурабалдиев жана Абасовдун өлүмүнө катыштыгы бардыгы аныкталды деп айтылган. Иш Жогорку Сотко чейин жеткен жана Мамбеталиев 2008-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Туугандары, жактоочулары анын күнөөсү жок деп айтып келишкен.

Байтемир Ибраев

Байтемир Ибраев

Эркин Мамбеталиев 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин түрмөдөн чыккан. Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраевдин билдиришинче, Мамбеталиевдин кылмыш иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген жүйө менен кайра каралган:

- Иш Жогорку Сот аркылуу каралган. Кылмыш иштер Жогорку Сотко жетип чечим чыкса, жаңы ачылган жагдайлар болсо, Жогорку Сот гана карайт, чечим чыгарат. Кайра тергөө керек болсо тергөөгө чыгарат, чечим чыгарылышы керек болсо чечим чыгарат. Аны сот чечет. Эгер жарандык, же административдик иштер болсо, жаңы ачылган жагдайлар чыкса, аны райондук соттор эле карай берет. Ал эми акыркы инстанцияда өкүм чыккан кылмыш иштерди Жогорку Сот гана карайт.

Жогорку Сотко жаңы ачылган жагдайлар деп ишти кайра караганда Эркин Мамбеталиевдин депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө тиешеси бар экени далиденген жок деген чечим чыгарган. Ал эми калган айыптар боюнча 15 жыл мөөнөт берилген, бирок мунапыс менен жаза мөөнөтү кыскарып, абактан чыккан.

Жогорку Сот Мамбеталиевдин ишинин кайра каралышы, андагы жаңы жагдайлар жана мунапыс тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева мындай маалымат ошол процесске катышкан тараптарга гана берилерин айтты.

Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров

Саясатчы Азимбек Бекназаров 2005 жана 2010-жылкы ыңкылаптардан кийин күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн вице-премьер, баш прокурор болуп иштеп турган. Ал Эркин Мамбеталиевдин акталбаганын айтууда:

- Мен билгенден ал өзү айтып жүргөндөй акталган эмес. Ага тагылган эки айып тең оор болчу. Бир эпизод боюнча күнөөсү далилденген жок деп кыскартылган, бир эпизод боюнча 15 жыл берилип, бирок СИЗОдо отурган күндөрүн эсептеп, "мөөнөтүн өтөп бүттү" деп ошону менен чыккан. Ошондуктан ал акталып чыкты деген туура эмес. Эркин Мамбеталиев эмне үчүн өзү да бул тууралуу унчукпай жүргөнүн түшүнбөйм. Ал эми ага мунапыс кандай колдонулганын билбейм. Мунапыс менен жаза мөөнөтү кыскартылса керек. Ал мунапыс Бакиевдердин тушунда кабыл алынган мунапыс болчу. Биз, Убактылуу өкмөт мунапыс боюнча бир да мыйзам кабыл алган жокпуз. Эгер мунапыс тууралуу мыйзам кабыл алынса, ал кааласаң да, каалабасаң да колдонулат.

Азимбек Бекназаров Эркин Мамбеталиев биринчи жолу түрмөдөн бошоп жатканда милициянын полковниги маркум Чыныбек Алиевдин туугандары арызданганын, бирок экинчи жолу бошотулганда даттанышпаганына токтолду:

- Чыныбек Алиевдин бир туугандары Бакиевдин бийлигинин тушунда, андан кийин Атамбаевдин учурунда аким болуп жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеп, илешип эле жүрүшпөйбү. Ошолор маселе көтөрүшү керек эле. Демек алар унчукпаса, алар соттун чечимине макул болгон да. Мисалы, 2010-жылы мага алардан арыз келген эмес. Бирок 2005-жылы ыңкылаптан кийин ошол Алиевдин туугандары мага келген. Ошолор арызданып келгенден кийин Эркин Мамбеталиевди биз кайра киргизгенбиз. 2005-жылдан 2010-жылга чейинки иштерге мен аралашкан жокмун. Бакиев мени баш прокурорлуктан 5 айдан кийин эле кууп жиберген. 2010-жылы келсе ушул маселе дагы деле бар экен. Коомчулукта сөз болуп атканынан баш прокурорду чакырып сурагам. Ал болсо "акталган жок, жаза мөөнөтүн өтөп бүттү" деп айткан. Анын мага түшүндүргөнүнө караганда, ошол кезде Мамбеталиевге мыйзамдар туура эле колдонулган. Жабырлануучулар арызданган эмес. Алиевдин туугандары азыр деле кызматта сүткөл-майкөл болуп жүрүшөт.

Биз Чыныбек Алиевдин бир тууганы Нурбек Алиев менен байланыштык. Ал Мамбеталиев бошоп чыкканда эмнеге арызданышпаганынын себебин “майнапсыз аракет болмок" деп түшүндүрдү:

- Күбөлөр баштапкы берген көрсөтмөсүн өзгөртүп, соттон акталып чыгып кетти го. Чынында мен эмне болгонун билбейт экем. Эми арыздангандын кажети деле жок калды. Кудайга койдук. Кудай күнөөлүүнү өзү жазаласын. Бул маселе такыр башка өңүткө бурулуп кетти. Ал өзү менин күнөөм жок деп атат, сот болсо актап жатат. Анан кимге ишениш керек? Бул заманда кимге ишениш керек? Кандай кылыш керек? Биздин эле эпизод эмес, дагы көп эпизоддор бар деп укканбыз. Бирок алардын аки-чүкүсүн билбейт экем.

Президенттин Мамбеталиев менен мамилеси

Рысбек Акматбаевдин уюшма кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Эркин Мамбеталиевдин абактан чыгышы коомчулукта талкууланып эле келген. Буга байланыштуу азыркы бийликтин "караларга" каршы күрөшү сынга алынып жүрчү.

Мамбеталиевдин ысымы эми “Вечерний Бишкек” гезитинин чуусуна байланыштуу аталууда. Аталган басылма рейдерлик басып алуу болуп жатканын жана анын артында тургандардын арасында Мамбеталиев да бар экенин ачык эле жарыялаган.

Икрамжан Илмиянов

Икрамжан Илмиянов

“Вечерка” президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду да айыптаган. Ниязов дооматтардын баарын төгүндөгөн жана Алмазбек Атамбаевдин Мамбеталиев менен байланышы жок деп ишендирген:

- Ал мамлекеттик кызматкер эмес, мамлекеттик маселелерди чечкен адам эмес. Мен ал адамды тааныбайм, көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Аны президент жана анын айланасындагылар менен байланыштыргандарды түшүнбөйм. Алмазбек Атамбаев аны акыркы жолу он жыл мурда көрүптүр. Мамбеталиев менен байланышы жок. Атамбаевдин күзөт кызматында соңку жылдары жүздөн ашык бала иштеп кеткен. Жансакчы деген бул жумушчу гана. Ошондуктан жумушчу менен анын жетекчисин байланыштыруу туура эмес. Президентке кайрылгандар Мамбеталиев экөөнү байланыштырып гана тим болбостон айып дагы коюшкан. Эми алар укук коргоо органдарына Мамбеталиевдин мамлекеттик иштерге кантип аралашып жүргөнүн, кимди кантип тоногонун айтып бериши керек.

Рысбек Акматбаевди колдогондордун митинги, 31-март, 2006-жыл

Рысбек Акматбаевди колдогондордун митинги, 31-март, 2006-жыл

Бирок Алмазбек Атамбаевдин мурдагы үзөңгүлөш-санаалаштары президент менен Мамбеталиевдин байланышы жок дегенди төгүнгө чыгарып жатат. Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев 2005-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Феликс Куловдун үйүндө өзү күбө болгон Мамбеталиевге байланыштуу окуяны эстеп айтып берди:

- Фарид Ниязов “Атамбаев Мамбеталиевди таанычу эмес, ал катардагы эле жансакчы болчу” деп айтып жатпайбы. Ниязов калп айтып жатат. 2005-жылы Куловдун туулган күнүндө анын үйүндө чогулганбыз. Анда Кулов өкмөт башчы, Текебаев спикер болчу. Чогулгандар арасында Алмазбек Атамбаев, Бабанов, раматылык Мелис Эшимканов, кыскасы "мен оппозициямын" дегендердин баары бар болчу. Ошол учурда Рысбек Акматбаев борбордук аянтка эл топтоп алып чыккан. Ал эми экинчи аянтка Эдил Байсалов баштаган шаар тургундары башка митинг өткөрүп жаткан. Биз ошондо уюшма кылмыш топтордун мизин кантип кайрыйбыз деп талкуулап жатканда Алмазбек Атамбаев ошол элдин көзүнчө “силер эмне эле митинг-питинг кылып атасыңар, мен Мамбеталиев менен сүйлөшүп коем, ал Рысбекке айтса эле ал тынчып калат” деген. Азыр эми Фарид кеңешчи болуп кошоматтанып "тааныбайт" деп айтып жатат. Атамбаев Мамбеталиев менен мамилеси жакшы экенин ошондо эле айткан.

Рысбек Акматбаев

Рысбек Акматбаев

Суваналиев жаңы эле кызматтан бошогон президенттик аппараттын жетекчи орун басары, Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы делген Икрамжан Илмиянов менен Эркин Мамбеталиевдин жеке мамилесине токтолду. Экөө тең көмүскөдөгү таасирдүү фигуралар деген сөздөрдүн негизи бар болгонун айтты:

- Эркин Мамбеталиев менен Икрамжан Илмиянов тааныш болчу. Анткени ошол маалда Илмиянов Атамбаевдин шоопуру, Мамбеталиев жансакчысы болчу. Ал экөөнүн мамилеси сонун экенин элдин баары эле билет. Кыргызстанда кошоматчылык өнүккөн да. Эми ошол шоопурга кошоматтангандар Мамбеталиевге деле кошоматтанат да. Ошон үчүн экөөнү тең таасирдүү фигура десек болот. Шоопурдун жанында министрлер, губернаторлор, генералдар баш болуп кошоматтанып, үймөлөктөшүп чуркап жүргөндөн кийин Мамбеталиевдин жанында деле ошондой кишилер болот да. Экөө тең таасирдүү фигура.

“Прогресс” коомдук фондунун төрагасы, бир кездери Алмазбек Атамбаев менен иштешип калган Адил Турдукулов да президент менен Мамбеталиевдин мамилеси жакшы болгонун тастыктап жатат. Анын пикиринде 2010-жылы ыңкылаптан кийин Мамбеталиевдин бошошуна Атамбаев кийлигишкен:

- Икрам Илмиянов, Болот Сүйүнбаев Атамбаевге кандай жакын болсо, Мамбеталиев деле ошондой жакын болчу. Көрүшүп, сүйлөшүп турушчу. Он жылдан бери көрүшпөйт, сүйлөшпөйт деген сөздөр жалган. 2010-жылдан кийин ага оор кылмыш тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылса да одоно мыйзам бузуу менен эки жолу мунапыс колдонуп бошотулган. Бул жерде Атамбаевдин түздөн-түз буйругу болгон. Мен муну жөн жерден айткан жокмун. Анткени муну мен мыйзамды көзөмөлдөгөн адамдардын өзүнөн уккам. Ошол кезде Роза Отунбаева президент болгон. Ал да уруксат берген. Буйрукту Жогорку Кеңештин төрайымы Феруза Жамашева аткарган жана мыйзамдын бузулушуна жол ачкан.

Эркин Мамбеталиев 1968-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Чуулгандуу иштерден улам эле аты аталбаса, өзү дээрлик көмүскөдө жүрөт.

Журналист Адилет Айтикеев Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда камалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында Эркин Мамбеталиев менен бир айга чукул чогуу отурган. Ал тергөө абакта бирге отурган күндөрүн эстеп жатып, Мамбеталиевдин айланасындагы чуулгандуу иштер, саясий өңүтү тууралуу айтып берүүдөн баш тартты. Анын адамдык сапаттарына гана токтолду:

- Мен Атамбаевди катуу сындай баштагандан бери экөөбүздүн байланышыбыз деле жок. Жеке өзү, сапаты тууралуу гана айтып бере алам. Эркин Мамбеталиев экөөбүз 2007-жылы УКМКнын тергөө абагында 20 күндөн ашык чогуу бир камерада отуруп калганбыз. Ал киши менен адамдык мамилем бар. Ак көңүл, жакшы адам. Коомчулукта ал тууралуу ар кандай кептер айтылып жүрөт. Кылмыш иштери, дагы башка жагдайлар тууралуу жакшы деле маалыматым жок. Камерада отурганда турмуш-жашоо жөнүндө сүйлөшчүбүз, өткөн-кеткенди кеп кылчубуз. Саясат жөнүндө деле сөз болчу эмес.

Эркин Мамбеталиев түрмөдөн чыккандан кийин артынан ар кандай айың кеп чыгып жүрөт. "Беш жүзгө жакын чымыр денелүү балдарды таптап жатат" деген сөз чыккан. Былтыр жазында Бишкекте мурунку спикер Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Башкы прокуратуранын алдында митинг өткөрүп жатканда жоон топ адам менен барганын көргөндөр, атүгүл видеого тартып алгандар болгон.

Мамбеталиевди азыр намазды үзбөй окуйт деп айтышат. Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков өзү туулуп-өскөн айылга заманбап мечит салып бергенин айтып берди:

- Өзү тууралуу көп деле маалыматым жок. Ал киши өзүнүн Ысык-Көл районунун Өрнөк айылына мечитке жакшы шарт түзүп койгон. Ысык суу, муздак суу чыгат, ичи евро. Заманбап мечит. Өз алдынча диний кайрымдуулуктарды өткөрүп турса керек. Биз менен биргеликте чогуу уюштурулган иш-чара деле болгон эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев “Вечерний Бишкек” гезитинин кайрылуусунда айтылгандарды териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырган болчу. Башкы прокуратура 29-апрелде текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда негизинен Мамбеталиев Кыргызстанга сырттан импорттолуп келген эт бизнесин көзөмөлдөйт, мыйзамсыз ишкерлик менен алектенет, сотторго басым жасайт, коркутуп-үркүтүү, тоноо менен алектенет деген айыптар тастыкталган жок деп билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG