Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Узап бараткан жумада өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кумтөргө байланыштуу кызматынан бошоду. Өкмөт башчылыкка талапкерлер тандала баштады.

Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатактан кийин кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазды.

"Отставкалар" тооруган өкмөт

Узап бараткан жума Кыргызстанда орчун-орчун кызматтан кетүүлөр менен коштолду. Адегенде каржы министри Ольга Лаврова, андан кийин унаа жана байланыш министри Калыкбек Султанов кызматтан кетти. Аларга чейин Кумтөр маселесине байланыштуу “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов, Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Дүйшөнбек Ирсалиев кызматынан бошотулган эле.

23-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кызматтан кетерин жарыялады. Аны менен удаалаш президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Икрам Илмиянов кызматтан бошотуу тууралуу президентке арыз жазганы маалым болду.

Жоомарт Оторбаев

Жоомарт Оторбаев

Парламенттик шайлоого алты ай калганда, өлкө Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында турганда жана Кумтөр маселесин чечүүдө жаңы жагдай түзүлүп атканда мына ушундай кызматтан кетүүлөр орун алды.

Булардын ичинен өкмөт башчынын кызматтан кетүүсү Кумтөрдүн тагдыры кандай чечилишине жана күзгү шайлоонун кандай өтүшүнө таасир эте алышы менен маанилүү.

Жоомарт Оторбаев Кумтөр маселесин чечүүнүн жаңы жолун сунуштап, ал Кыргызстанды көп жылдан бери алдап келаткан “Центерра голд инктин” жетекчилигин алмаштырууга мүмкүнчүлүк ачып жаткан эле. Бул үчүн Лондондон “Оракл капитал групптун” жетекчилери Лорд Клэнвильям жана Мартин Грэхем 22-апрелде Бишкекке келип, Жоомарт Оторбаев менен сүйлөшүүнү башташкан. Алар Ян Аткинсон башында турган “Центерранын” жетекчилигине нааразы болгон миноритардык акционерлердин колдоосуна ээ экенин билдирип, Кыргызстан менен биргеликте аларды алмаштырууну сунушташты. Муну Лорд Клэнвильям 23-апрелде “Азаттыкка” курган маегинде тастыктады:

- Биздин бул жакка келүүбүзгө “Центерранын” миноритардык, көз карандысыз акционерлеринин кайрылуусу себеп болду. Алар Кыргызстан сыяктуу эле “Центерра голддун” учурдагы менеджментинин ишине нааразы. Ошондуктан биз дагы кошумча колдоо жана добуш алуу үчүн Кыргызстанга келдик. Кумтөрдүн алтыны акционерлердин да, кыргызстандыктардын да пайдасына иштесин деген тилегибиз бар. Анткени кыргыз тараптын да “Центерра голддун” жетекчилигинин ишине ичи чыкпаганын билебиз.

Бирок Лорд Клэнвильям жана Мартин Грэхем кыргыз бийлигине кайрылууда даректи туура эмес тандап алганы байкалат. Алар парламенттик республикада өкмөт башчы баарын чечет деп ишенип алгандай. Бирок Кыргызстанда Конституция премьер-министрге канча көп укук бербесин, маселени ал эмес, президент гана чечет...

Жоомарт Оторбаев өзү да Кумтөр маселесин өкмөт башчы чечет деп ишенип алып, өкмөт башчылыктан "кол жууду".

Президенттин жакын жөкөрлөрү Оторбаевдин Кумтөр боюнча кеткенин тастыктап, бирок ага “чече албаган үчүн кетти” деген боёк беришүүдө. Муну Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун сөзүнөн баамдоого болот:

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш

- Тилекке каршы, эң маанилүү маселе болгон Кумтөрдү аягына эки жылдан бери сиз да чыгара албай койдуңуз, сизден мурун Сатыбалдиев да чыгара алган жок. Ошон үчүн, ачык айтыш керек, сиздин кызматтан кетишиңиздин бирден-бир себеби ушул. Аны ачык айтышыбыз керек.

Туура, президент өкмөттү Кумтөргө байланыштуу кызматтан кетирди. Мамлекет башында турган адамдардын бул кадамын эки жагдай менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиси - Алмазбек Атамбаев “Центерра голддун” Ян Аткинсон баштаган башчылары менен тыгыз байланышта. Ал байланышты үзгүсү келбейт. Эгерде үзгөн болсо, анда канадалыктар бирге жасалган бардык кыңыр иштерди ачыкка чыгарабыз деп шантаж кылышы мүмкүн. Бул бийлик башындагылар үчүн жол берилгис нерсе.

Экинчи жагдай боюнча, Алмазбек Атамбаевди жөнөкөй эле кызганыч жеңип кетти. Ал Кумтөр боюнча жаңы келишимдин автору Жоомарт Оторбаев болушун каалабады. Мындай окуя 2007-жылы Курманбек Бакиевдин учурунда да болгон.

Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиев

Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиев

Ал кезде өкмөт башчы болгон Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, “Центеррадагы” Кыргызстандын акциясын көбөйтүүгө жетишкен. Бирок президент Бакиев аны кызматтан кетирип, жаңыдан сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстандын акциясы дагы 2-3% көбөйүп, жалпысынан 33% жеткен. Жаңы келишимдин автору Алмазбек Атамбаев эмес, Курманбек Бакиев болуп, анын дарегине парламентте абдан эле мактоо сөздөр айтылган.

Бул ирет да ошол окуя кайталанып, Жоомарт Оторбаев Кумтөр боюнча жаңы жагдайды пайда кылып, анда натыйжага жетүү алдында турганда президент аны кызматтан кетүүгө мажбур кылды.

Жоомарт Оторбаев Кумтөрдү аягына чыгарам, кызматтан кетпейм деп тырышса болот беле деген суроо туулат. Оторбаев андайга барганда президенттик КСДП коалицияны ыдыратууга баруу менен өкмөттү кетирмек. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбаевдин акыркы күндөрдөгү билдирүүлөрү аны тастыктап турат. Бирок анда бийлик Жоомарт Оторбаевди баштан-аяк жаманатты кылып, төө бастыга алуу менен кетирмек. Ошондуктан Оторбаев Кумтөрдү Аткинсон жана анын Кыргызстандагы табакташтарына калтырып кетүүгө аргасыз болду.

Илмияновдун "териси жука", Ф.Ниязовдуку "калың" чыкты...

23-апрелде президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов кызматтан бошотуу арызын жазды. Өкмөттүн кызматтан бошотуу арызын ылдам эле кабыл алган Алмазбек Атамбаев, мурунку шоопурунун тагдырына келгенде көбүрөөк ойлонуп калды. Мунун өзү Икрамжан Илмияновдун президент үчүн канчалык жакын жана баалуу экенинен кабар берет.

Атамбаев менен Илмиянов айт намазда.

Атамбаев менен Илмиянов айт намазда.

Икрам Илмияновдун арыз жазуусуна “Вечерний Бишкектин” айланасында түзүлгөн жагдай себеп болду. “Вечерний Бишкек” гезитин Александр Рябушкин аттуу жаран талашып жатат. Ал 2000-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге саткан үлүшүн сот аркылуу калыбына келтирип, кирешелүү жана таасирлүү гезитти көзөмөлүнө алуу алдында турат.

“Вечерний Бишкектин” жетекчилиги жана жамааты Рябушкиндин жана соттордун чечиминин артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана президенттин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев турат деп айыптап, мамлекетте Акаев, Бакиев мезгилиндегидей рейдерлик, сотторду башкаруу, бийликти ыксыз пайдалануу жүрүүдө деп чыкты.

“Вечерка” ошондой эле Эркин Мамбеталиев маркум Рыспек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун, полковник Чыныбек Алиевди, депутат Жыргалбек Сурабалдиевди атып өлтүргөн деп айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылганын, бирок ал апрель ыңкылабынан кийин, Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден соң эркиндикке чыгарылганын эске салды.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин азыркы кезде Эркин Мамбеталиев менен байланышы жок деп актады:

Фарид Ниязов

Фарид Ниязов

- Мамбеталиевге байланыштуу маселеге келсек, ал мамлекеттик кызматкер эмес. Ал мамлекеттин ишин чече турган ишке тартылган эмес. Жеке мен өзү аны менен тааныш да эмесмин. Ошондуктан аны президенттин айланасындагы адамдар менен байланыштырган туура эмес. Мен муну Алмазбек Шаршеновичтен да сурагам, ал мындан он жыл мурун Мамбеталиев менен сүйлөшкөн экен. Президенттин аны менен эч кандай байланышы жок.

Фарид Ниязов “Вечерний Бишкектин” кайрылуулары боюнча тартип коргоо органдары тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүп жатканын, кайрылууда айтылгандарды далилдөө милдети турганын белгиледи. Икрам Илмиянов “Вечерканын” айыптоосу менен кызматтан кеткенин, ал эми анын “териси бир топ калың” болгондуктан анча-мынча сындардан улам эле кызматтан кетпесин Фарид Ниязов кошумчалады.

“Вечерний Бишкектин” эки кайрылуусундагы фактылар боюнча президент текшерүү жүргүзүүнү УКМКа жана Башкы прокуратурага тапшырган. Иликтөөлөр болсо “Вечерний Бишкектин” жетекчилигин жана жамаатын айыптоо багытында баратканын гезиттен кабарлашууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Вечерний Бишкектин” айланасында түзүлгөн абалга мындай баасын берди:

- Президент укук коргоо органдарына “Вечерний Бишкектин” жамаатынын арызын териштиргиле деп тапшырма берди. Укук коргоо органдары барып, эмне үчүн сот андай туура чечим кабыл алганын, алар кимдер менен ошол убакта жолукту, кимдер менен телефондо сүйлөшкөнүн териштиргендин ордуна, “Вечерний Бишкектин” жамаатына барып, сен жаздыңбы, жазбадыңбы, кол койдуңбу, койбодуңбу деп, аларды куугунтуктап атат. Мына ушунун өзү коомдо ар кандай сөздөргө негиз болду. Мен айта алам, “Вечерний Бишкек” ишканасынын бир бөлүгүн рейдерлик жол менен басып алуу аракети болуп жатат. Мен муну так айта алам.

Коомчулукта аздап болсо да гезиттин позициясын колдогон коомдук уюмдар, саясий топтор чыгууда. Маселен, адегенде Улуттук оппозициялык кыймыл гезитти колдоп чыкты. Андан кийин “Адилет” юридикалык уюмунун лидери Чолпон Жакупова соттордун чечимин абсурддук деп атады. Бирок Жогорку Кеңеште бул жаңжал боюнча расмий түрдө маселе көтөрүлө элек. Бул парламент “чөнтөк парламентке” айланды деген сөздөрдү тастыктап турат. Мамлекеттик машина болсо “Вечерний Бишкекти” болгон күчү менен каптап баратат.

Өкмөт башчыга талапкерлер каралууда

Жогорку Кеңештин фракцияларында өкмөт башына жаңы талапкерлер карала баштады. 24-апрелде КСДП фракциясы өз жыйынында талапкерлерди талкуулаганын, бирок алардын ысымдары азырынча айтылбасын билдирди.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчылыкка талапкерди КСДП фракциясы көрсөтөрүн, анткени коалицияны түзүүнү президент башында ушул фракцияга тапшырганын билдирди. Демек өкмөт башчы мурункудай эле президент тарабынан тандалып, ал парламент тарабынан жактырылып коюлат.

Өкмөт башчыга талапкерлер боюнча башкаруучу коалицияда кеңешүүлөр дүйшөмбү башталарын коалиция мүчөсү болгон "Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Бул арада өкмөт башчы болуш үчүн кандай сапаттар керектиги ачык боло баштады. Маселен, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков талапкер өкмөттүн иши менен тааныш, анын иштерин, анын ичинде Кумтөр боюнча маселени улап кете ала турган адам болуш керек дейт. Демек өкмөт башчыга талапкер өкмөттүн курамындагы министр, вице-премьер-министрлердин арасынан тандалат. Алардын арасынан биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев бир катар артыкчылыктарга ээ экени байкалып турат.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башына саясий күчтөрдү канааттандырган адам келиш керектигин, бул шайлоо алдында “саясий чыңалуу” күчөй турган шартта маанилүү экенин белгиледи. Демек “Ата Мекен” фракциясын канааттандырган талапкер сунушталса, өкмөт шайланып, коалиция да сакталат. Тескерисинче болсо, коалиция ыдырап, жаңы коалиция түзүлүшү күтүлөт.

Ошентип, экономикасы деградацияга учурап, саясий оюндары өнүккөн Кыргызстан кезектеги саясий “улак тартышка” кызуу киришип калды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG