Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Өкмөттөгү ыйкы-тыйкы ачыкка чыкты


Өкмөт башчысы Ирсалиевдин аракетинен улам “Центерранын” директорлор кеңешин алмаштыруу демилгеси чечилбей калганын билдирди. (Сүрөттө Кумтөр кени. 2014)
Өкмөт башчысы Ирсалиевдин аракетинен улам “Центерранын” директорлор кеңешин алмаштыруу демилгеси чечилбей калганын билдирди. (Сүрөттө Кумтөр кени. 2014)

Мүлк фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевге баш ийбегени үчүн кызматынан алынды.

Дүйшөн Ирсалиев премьер-министр сунуштаган жети чет элдик жаранды “Центерранын” директорлор кеңешине көрсөтүүдөн баш тарткан. Бул тизме толук иликтене электе эле ага тез арада кол коюп жөнөтүү талабы көп күмөн саноолорду жаратты деп билдирди кызматынан алынган Дүйшөн Ирсалиев. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Мүлк фондунун төрагасы Ирсалиевдин аракетин туура эмес деп таап, анын айынан “Центерранын” директорлор кеңешин алмаштыруу демилгеси чечилбей калганын билдирди.

Өкмөт башчысына каш кайрыган жетекчи

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев 8-апрель күнү кечке жуук чукулунан маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнүн кызматтан четтетилгенин жарыялады. Буга анын “Центерранын” директорлор кеңешине талапкерлерди көрсөтүү маселесинде өкмөт башчысы менен болгон пикир келишпестиги себеп болду. Анткени 2-апрелде өкмөт башчысы өзүнүн каты менен Ирсалиевдин дарегине тизмедеги жети чет элдик жаранды “Центерранын” директорлор кеңешине киргизүүнү сунуштаган. Бирок Дүйшөн Ирсалиев өкмөт башчысынын мындай сунушунан баш тартып, тизмени артка чакыртып алганын айтты:

- Премьер жөнөткөн катында бизге белгисиз адамдардын тизмесин берип, бирок аны изилдеп чыкканга убакыт берген жок. Ошондон соң мен ага кол коюп жөнөтүүдөн баш тарттым. Мында өкмөт башчысынын кызыкчылыгы барбы же жокпу аны бир Кудай, анан бир өзү билет. Анан эми бизде мына ошол тизмедеги чет элдик жарандардын артында Максим Бакиев сыяктуу көмүскө олигархтар турган жокпу деген күмөн болду. Мен ошону такташ үчүн мөөнөт берүүнү сурадым. Бирок ага карабай өкмөт башчысы мени кызматтан четтетип койду.

Үзгүлтүккө учураган жаңы демилге

Быйыл 8-майда “Центерранын” директорлор кеңешинин жыйыны өтмөк. Анда директорлор кеңешинин курамын жаңылоо күтүлүп жаткан. Негизги өндүрүшү Кумтөрдө болгон бул компаниянын 33 пайыз үлүшү “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына таандык. Анын акцияларын кармоочу Мамлекеттик мүлк фонду болгондуктан төрага Дүйшөн Ирсалиев “Центерранын” директорлор кеңешине талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ болчу. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт “Центерранын” директорлор кеңешин алмаштыруу боюнча эл аралык менеджерлердин сунушун кабыл алганын айтты. Мына ошондуктан алардын талапкерлигин директорлор кеңешине киргизүүнү сунуштаганын түшүндүрүп берди. Бирок Оторбаев ага Ирсалиев баш ийбей койгондуктан бул демилге учурда үзгүлтүккө учураганын билдирди. Жоомарт Оторбаев анын бул демилгесин башкаруучу коалициянын жетекчилиги колдогонун кошумчалады:

- Менин кызматым көпчүлүк коалициянын колунда. Ошондуктан мен бул тууралуу фракция лидерлерине маалымат бергем. Коалиция башчысы Феликс Кулов директорлор кеңешин алмаштыруу демилгесин колдоп, билдирүү жөнөткөн. Бул тууралуу Кумтөр боюнча кеңешме топко кирген өкмөт мүчөлөрү дагы кабардар. Анан эми Ирсалиев мына ушинтип тоскоолдук кылган соң, аны кызматынан алууга туура келди.

Башкаруучу коалицияда кризис барбы?

Бирок ошол эле кезде өкмөттүн алдындагы Кумтөр маселеси боюнча кеңештин айрым мүчөлөрү Оторбаевдин “Центерранын” директорлор кеңешине чет элдик жарандарды киргизүү сунушунан кабары жок экенин айтып чыгышты. Парламенттин отун энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев бул тууралуу мындай деди:

- Азыр уктап жаткан депутаттарды ойготкондо дагы Кумтөр боюнча айтылып келген жоопторду билебиз. Бирок мында ток этер жерин айтуу керек. Ары-бери эзе бериштин кереги жок. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ирсалиевди жанагы тизмеге кол койбогону үчүн алганы эмнени түшүндүрөт? Анан Токон Болотбекович, кечээ кечинде Ирсалиев баш тартып койгон соң, анын орун басарын алып алып барды деген маалыматты тастыктайсызбы? Бул эмне деген көрүнүш?

Ошол эле кезде өкмөт башчысы Оторбаев Мүлк фондунун төрагасы Ирсалиевдин баш ийбей, өзүмбилемдик кылган аракетин кызматтык иликтөөгө алууну аппарат жетекчисине тапшырды. Парламенттеги “Өнүгүү” депутаттык тобунун башчысы Бакыт Төрөбаев Кумтөр маселесин чечүү туңгуюкка кептелгенин айтып, башкаруучу коалицияны тарап кетүүгө чакырды:

- Башкаруучу коалицияда кризис болуп калды. Анткени кагаз жүзүндө башкаруучу коалиция бар, иш жүзүндө андай эмес. Кумтөр маселесин үч жылдан бери чече албай келе жатат. Мына ошондуктан башкаруучу коалиция өкмөттү кетирүү керек же өзү коалициянын курамын өзгөртүшү кажет.

Мамлекеттик мүлк фондунун кызматынан бошотулган төрагасы Дүйшөн Ирисалиев өкмөт башчысы сунуштаган тизмедеги чет элдик талапкерлердин артында Максим Бакиев сыяктуу олигархтар турушу мүмкүн деп күмөн санайт. Мына ошондуктан ал аталган тизмени шашпастан терең изилдөөнү сунуштаган экен. Бирок өкмөт башчысы Оторбаев директорлор кеңешин алмаштыруу аркылуу Кумтөрдүн маселесин чечүү жолун тандагандыктан эл аралык менеджерлердин сунушун тез арада кабыл алуу зарылдыгы болгонун жүйө келтирди.

XS
SM
MD
LG