Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Аскер кампасынан курал-жарак уурдалды


Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып, кармалганын ырастады.

Бирок тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери окуянын кандай болгону тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартышууда. Бул ишти Ички иштер министрлиги ачып, аны азыр Аскер прокуратурасына өткөрүп берүү жагы каралып жатканы кабарланды.

Аскердик кылмышты милиция ачты

Генштабдын астындагы Коргоо иштери боюнча комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевдин айдоочусу Чек ара аскерлигинин кампаларынын биринен Калашников үлгүсүндөгү автомат сатып жатканда кармалганы жарыяланды. Бул ишке шектүү катары Чек ара кызматынын прапорщиги кармалганы дагы айтылды. Бирок башка бир маалыматтар боюнча ички иштер органдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн АКС-74 үлгүсүндөгү үч автоматты сатуу учурунда кармашкан. Алардын берген көрсөтмөсүнүн негизинде жогоруда аталган эки аскер кызматкери колго түшкөн.

Кыргыз жоокерлери.
Кыргыз жоокерлери.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев бул иш боюнча материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлөрүн айтуу менен гана чектелди:

- Эми азыр бул иш боюнча комментарий бере албайбыз. Кармалган кылмышка шектүүлөр аскер адамдары болуп жатпайбы. Мына ошондуктан бул иш боюнча Аскер прокуратурасы гана комментарий бере алат. Иштин жагдайлары тууралуу ошолор гана кеңири айта алат. Анткени азыр тергөө материалдары аларга өткөрүлүп берилет.

Төраганын айдоочусу кармалганда

Ошол эле кезде Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы эки аскер кызматчысы аскер кампасынан уурдалган курал-жарак боюнча кармалганын ырастады. Генштабдын маалымат кызматынын башчысы Майрамбек Мусиев учурда тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, башка маалымат бере албай турганын белгиледи.

Коргоо иштери боюнча комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев айдоочусу кармалганын айтып, бирок толук маалымат берүүдөн баш тартты:

- Анын иштегенине эки жыл болгон экен. Мен бул жакка кызматка келгенге чейин эле ал адамга автоунааны айдоо укугу берилген экен. Бардык маалыматтарды мекеменин маалымат кызматынан сурасаңыздар. Мына ошол жак аркылуу маалымат алыңыздар.

Сөгүш менен чектелген жаза чарасы

Ошол эле учурда Чек ара кызматы жоголгон курал-жарактардын аскер кампасынан кандай жол менен уурдалганы туурасында расмий маалымат жарыялай элек. Өзгөчө кайтаруудагы курал-жарак сактоочу кампаны көзөмөлдөгөн Чек ара кызматынын башка аскер жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу дагы маселе көтөрүлө элек. Болгону Генералдык штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевге "кызматына жарым-жартылай шайкеш келбегенин" белгилеп, сөгүш жарыялоо менен гана чектелди.

Кыргыз жоокерлери Ала-Тоо аянтындагы аскердик парадда.
Кыргыз жоокерлери Ала-Тоо аянтындагы аскердик парадда.

Чек ара кызматынын мурдагы төрага орун басары Кубанычбек Сарыбаев бул окуяны куралдуу күчтөрдөгү көзөмөлдүн начар экендиги менен байланыштырды:

- Негизи курал-жарак менен ок-дарыны сактоо маселесине совет доорунан бери эле өзгөчө көңүл бурулуп келген. Жаңыдан борбордук кампага келген ок-дары жана курал-жарак атайын каттоого алынып, номуру боюнча сакталып, кез-кези менен текшерилип турчу. Анан ал курал-жарак жана ок-дары борбордук кампадан отряддарга жеткирилеби же башка бир башкармалыктарга жөнөтүлөбү, алардын ар бир кыймылы жазылып турчу. Анан эми азыр курал-жаракты кампадан чыгарып, уурдап сатылганы же болбосо дайынсыз жоголгону тууралуу маалыматтар чыгып жатпайбы. Бул көрүнүш аскер бөлүктөрүндөгү курал-жарак сактаган кампаларды текшерүү жана үзгүлтүксүз көзөмөлдөө иштери көптөн бери жүргүзүлбөй калганынан кабар берет.

Буга чейин белгилүү болгондой, кылмышка шектүү аскер кызматчылары 5-октябрда кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. Тинтүү учурунда кармалгандардын биринин үйүнөн куралдуу күчтөрдүн кампасынан уурдалган курал-жарак жана ок-дары табылган.

XS
SM
MD
LG