Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Динге жамынган жаңы “каралар”


Диний терроризм-экстремизмге каршы күрөшүү үчүн муфтият менен Жаза аткаруу кызматы биргелешип иштегени жатат.

Ага ылайык, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы мындан ары абактардагы мечит, намазканаларга тыкыр көз салып турмакчы, ошондой эле имамдарды жөнөтөт, жума күндөрү дарс өткөрөт.

Эксперттер Кыргызстанда диний терроризм менен уюшма кылмыш топтор камыр-жумур болуп баратканын жана алардын байланышы эң ириде абактарда башталаарын белгилешет.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, жабык типтеги түрмөлөрдүн баарында мечит бар, ал эми тергөө абактарда намазканалар салынган.

Аталган кызматтын оперативдүү-издөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Ороз Энтериевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жакында эле муфтий өзү баш болуп, милициянын, атайын кызматтын өкүлдөрүнөн турган топ бардык түрмөлөрдө болду:

- Биз демилгечи болуп комиссия түзгөнбүз. Комиссия колониялардын баарын кыдырып келди. Жалпы жаза өтөө жайларында жалпысынан 400дөн 900гө чейин адам намаз окуйт. Ошолор салттуу исламдын жолуна түшүүгө аракет кылып жатышат.

Тажикстандагы абактан бир көрүнүш
Тажикстандагы абактан бир көрүнүш
Энтериев диний экстремизмге бөгөт коюу максатында мындай кылмыш менен соттолгондорду өзүнчө абакта кармоо демилгеси көтөрүлгөнүн, бирок Кыргызстан андан баш тартканын маалымдады:

- Былтыр Орусиядан, Казакстандан эксперттерди чакырганбыз. Алар менен чогуу семинарларды өткөрүп, кеңештерин угуп, диний экстремизм боюнча соттолгондорду өзүнчө кармоо идеясынан баш тарттык. Андан көрө абактардын ичинде чакан жайларды куруп, өзүнчө кармайлы деп жатабыз. Баарын чогултуп, бир колонияга камай албайбыз, анткени режимдери бөлөк. Казакстан менен Орусия алар башында баарын кошкон экен, кийин кайра баарын мурдагыдай эле калтырышыптыр.

Бир гана агымга уруксат

Буга чейин абактардагы мечит-намазкана имамдары ошол соттолгондор арасынан тандалат. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчиси Рахматула Эгембердиев мындан ары аларды муфтияттын макулдугу менен дайындоо, көз салып туруу үчүн ар бир абакта өкүл шайлоо жагы чечилип жатканын кеп салды:

- “Хизб-ут Тахрир” дейбизби, же болбосо салафия, акрамия сыяктуу жамааттардан кесилип, түрмөгө отуруп, ал жактан чакыруу-үгүт иштерин жүргүзүп аткандар жок эмес. Бүгүнкү күндө үч түрмөгө имам дайындап бердик. Ал имам түрмөгө кирип, салттуу дин негизинде сабак өткөнгө, жума намаздарды өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Башка түрмөлөрдүн башчылары да имам шайлап бергиле деп суранып жатышат. Мечиттерде бүгүн соттолуучулар өздөрү койгон имамдарды аттестациядан өткөрүп бергиле деп суранышты.

Рахматулла Эгембердиев муфтиятта ислам дининдеги башка агымдар менен иштөө бөлүмү түзүлүп жатканын билдирди. Өлкөнүн бардык аймактарында имамдар салттуу исламдан башка агымдарга үгүттөбөшү үчүн көрүлгөн чараларды айтып берди:

- Кылмыш чөйрөсү мечиттерге кирип кетти дегенди кабыл алам. Себеби ошондой көрүнүштөр бар. Бирок динге кирдим деп сакал коюп, ак топу кийип алып, көнгөн адатын кыла бере турган болсо мен аларды толук кандуу мусулман деп эсептебейм. Мусулмандар да өз жамаатына кошпойт деп ойлойм. Азыр жер-жерлерде ар бир диний кызматкер, “мен Баланчиев Баланча, баланчы жердин имамы өз жумушумду имам азам масхабында гана алып барам, эгер ушул масхабдан башка масхабды, башка агымды үгүттөй турган болсом, жумуштан бошонууга толук даярмын" деп кол койдуруп ала турган болуп жатабыз. Эгер мындай антка кол койбой турган болсо, биз аны иштен бошотууга милдеттүүбүз. Биз ушундай чарага колдонгонго аргасыз болуп жатабыз. Азыр менде 50-60 кызматкер ушундай документке кол коюп беришти. Бирок андан баш тарткандар да жок эмес.

Кылмышкер менен экстремист бириккенде...

Кандай болгон күндө да, абактабы, же анын сыртындабы диний терроризм уюшма кылмыш топтор менен коюн-колтук алышып алганы олуттуу маселе катары көтөрүлө баштады.

Мурда бир канча жолу соттолгон, оор кылмыш менен кесилген, кийин динди жамынып кылмыштуу иш-аракеттерин уланткан уюшма кылмыш топ мүчөлөрүн оперативдүү кызматкерлер жаңы “каралар” деп тергешет экен. Мурункудай күч колдонуп, зордук, опуза менен акча сурабай, мисалы көңүлүндөн чыкканын - “хадия” бер деп талап кылганын айтып беришти.

Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев мындай жол менен акча талап кылып жатканы тууралуу милицияга бир дагы арыз түшө электигин айтууда:

- Бешинчи күндөрү жума намазда балдар, кичинесинен-карысына чейин жүрөт. Алардын арасында уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрү да бар. Алар өз топторуна ушул багыт боюнча көп тартып жатат. Өзүңүздөр билгендей, башка мамлекеттерде экстремизм-терроризм күч алып жатат. Бул жерде ар кандай агымдар бар. Бизде бул боюнча атайын башкармалык бар, биз азыр алар менен чогуу иштеп жатабыз. Анан мечитке барымыш этип, сакал-мурут өстүрүп, молдоке чалыш болуп келип, тымызын иштерин жүргүзүшү мүмкүн. Бирок биз андайга жол бергенге аракет кылабыз, арыз түшсө чечкиндүү чара көрөбүз.

ИИМдин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы Эмил Жээнбеков кылмыш топтор менен диний экстремизмдин айкалышуусун мындайча чечмелеп берди:

- Бул жерде кримчөйрө экстремизмди колдонобу, же экстремизм кримчөйрөнү колдонобу деген маселе бар. Бул жерде экстремизм кримчөйрөнү колдонот. Себеби экстремизм өздөрүнө пайдалуу бардык бузуку күчтөрдү колдоноору маалым. Экстремисттик идеология менен кримчөйрөдөгү идеологияда ошол эле терминдер колдонулат. Мисалы “брат, братья” деген терминдер бар. Кээ бир убактарда структураларды да ошол жактан алганга аракет кылышкан. Экинчи жактан өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин дин, диндин урааны менен жаап жатышпайбы. Башка жактан өзүнүн кылмыштуу аракеттерин дагы натыйжалуу ишке ашырганга мүмкүнчүлүк бар. Анткени динге жамынып жоопкерчиликтен көпкө чейин качып жүрө алат. Анын үстүнө бул жаңы көрүнүш болгондуктан айрым укук коргоо өкүлдөрү муну түшүнө бербейт. Мисалы кримчөйрөнүн бир өкүлү мечиттерде жүрсө мурунку жолунан баш тартты деп түшүнүшөт.

Эми Жээнбеков кримчөйрөгө салафизм идеологиясы көбүрөөк жакын экенин айтты:

- Радикалдуу салафизм, коомдо вахабизм деп таанылат. Убагында вахабизмдин түптөөчүсү радикалдуу салафизм идеологиясын колдонгон. Тарыхты карап көрсөк, ошол Мухамед Абдулвохаб өзүнүн жактоочуларына атайын диний корутунду чыгарып, бизди, бизди колдобогон адамдардын баары душман, же болбосо капырлар, булардын мал-мүлкүн тартып алганга болот, өлтүргөнгө болот, кыскасы бардык каршы аракеттерде жасаганга болот деген корутунду чыгарган. Азыркы кримчөйрө, кылмыштуулуктагы ыкма диний идеология менен коштолот. Мындан улам деструктивдүү күчтөргө ыңгайлуу жагдай пайда болот.

Сөздөн ишке өтчү мезгил

4-6-сентябрь күндөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму диний экстремизм-терроризмге каршы күрөштүн алкагында Кыргызстандын жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү. Анда бул маселеге тиешеси бар бардык күч түзүмдөрүнүн, муфтияттын өкүлдөрү пикир алышты, биргелешип кызматташууну макулдашты. Антсе да дин маселелери боюнча эксперт Кадыр Маликовдун баамында, мамлекет бул маселеде сөздөн ишке өтө албай жатат:

Барскоон, 30-май, 2013-жыл
Барскоон, 30-май, 2013-жыл
- Биз чынында чараны кечирээк көрө баштадык. Криминал менен дин факторунун айкалышы боюнча маселе бир канча жыл мурда эле пайда болгон. Дагы деле сөздөн ишке өтпөй, талкуу деңгээлинен чыга элек. Мамлекет дагы деле жетиштүү көңүл бурбай жатат. Бул бүтүндөй өлкө коопсуздугуна тийиштүү маселе да. Кумтөргө байланыштуу соңку окуяны эле карап көрөлү. Кенге байланыштуу маселенин так алдында “Хизб-ут Тахрирдин” атынан кадимки светтик мүнөздөгү видеоролик пайда болгон. Экинчиси, Кумтөрдөн опузалап 3 миллион доллар сурады деп шектелгендердин бирөөсүнүн да диний фактор менен байланышы бар болууда. Бул өтө кооптуу жагдай. Өтө опурталдуу агым. Ошондуктан чукул чараларды көрүү керек, күч колдонуу эмес, агартуучулук багытта түшүндүрүү иштери зарыл. Бул албетте каражатты талап кылат. Бизде мамлекет соңку 4-5 жылда буга жетиштүү көңүл бурган эмес.

Кыргызстанда 13 диний уюм расмий түрдө экстремисттик-террористтик деп таанылган. Милицияда 1,5 миңдей адам каттоодо турат, ал эми бейрасмий маалыматтарга ылайык бул сан алда канча көп жана басымдуу бөлүгүн “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү түзөт.

Жайында эле Бишкекте райондук сот “Жайшүл Махди” террорчул уюмун түзүп, бир катар кол салууларды уюштурган деп шектелген он үч адамга өкүм чыгарды. Алардын башында турган деп табылган үч адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттолгон айыптарын мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG