Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

ЖККУ наркобарондор тизмесин түзүүнү сунуштады


Ооганстанда былтыр маңзат өндүрүү 61 пайызга өскөн.
Ооганстанда былтыр маңзат өндүрүү 61 пайызга өскөн.

ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа бул уюмга кирген мамлекеттердеги таасирлүү наркобарондордун кара тизмесин түзүүнү сунуштады.

Николай Бордюжа Казакстандын Астана шаарында 12-апрелде өткөн жыйында Жамааттык коопсуздук келишим жана Шанхай кызматташтык уюмдарынын алкагында маңзатка каршы күрөштү күчтөндүрүүгө чакырды. Аны менен кошо бул уюмдарга мүчө мамлекеттерге коркунуч туудурган таасирлүү наркоборондордун кара тизмесин түзүп, оперативдүү иштерде колдонууну сунуштады.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, күч органдарында маңзат сатып шугулданган адамдардын тизмеси бар. Бирок ал жашыруун маалымат болуп саналат жана аты-жөнү ачык айтылбайт:

- Бул аймактарда объективдүү, бардык жагынан туура келген адамдардын жалпы тизмесин түзүп, ошону менен иштесек албетте жакшы болот. Оперативдүү маалымат боюнча бизде да катталып тургандар бар. Алардын арасында өтө чоң, орточо жана майдараак бизнес менен алектенгендер бар.

Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу 23 эсе көп маңзат колго түшкөн. Аталган кызматтын жетекчиси Виталий Орозалиев маңзат бизнеси менен жүргөндөр соңку учурда көбөйүп баратканын белгилеген:

- Кыргызстанда маңзат менен шугулданган 80дей топ бар. Топтордун этникалык жагы дале маанилүү бойдон калууда. Кавказ, кыргыз, өзбек улутундагы адамдардын топтору бар. Ошондой эле аралаш топтор кездешет. Мындай топтор чоочундарды такыр кошпойт, тегерегин катуу чектейт. Бул бизнесте этникалык боордоштук дале маанилүү. Маңзат ташылчу чоң канал деп эсептелген Кызыл-Арт – Сары-Таш жолун аздыр-көптүр бөгөй алдык. Тажик тарап да жакшы колдоо көрсөтүп, өздөрү жакка тосмолорду койду, биз да тостук. Азыр эми Баткен проблемалуу болуп жатат. Ал жакта дээрлик көзөмөлдөнбөй жаткан маңзат ташылып өтчү беш аймак бар. Биз кармаган маңзаттын көбү ушул жол аркылуу келген.

Былтыр АКШнын президенти Барак Обама Кыргызстанда уюшма кылмыш тобунун ана башы атыккан Камчы Көлбаевди таасирлүү наркобарондордун тизмесине киргизген болчу.

Мурунку ички иштер министри, маңзатты көзөмөлдөө органынын мурунку башчысы Болотбек Ногойбаевдин билдиришинче, өзү иштеп турган чакта 40тай таасирлүү наркобаронду каттоого алышкан, бирок алардын арасында Камчы Көлбаев болгон эмес:

- Былтыркы, мурдагы жылкы тизме боюнча Көлбаев наркобарондордун арасында болгон эмес. Аны мойнубузга алышыбыз керек. Уюшма кылмыш топтордун үстүндө турган жигит болгон. Маңзат бизнесине аралашып атат деген маалымат ошол кезде бизге келген эмес. Анан кандай болуп кирип калганы белгисиз.

Ооганстандан Кыргызстан аркылуу маңзат ташылат. Бийлик маңзатты ташууну тыя албай жатат.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда маңзатка каршы күрөшкөн агенттиги жоюлуп кеткен. Ошол маалда Кыргызстан аркылуу тонналаган маңзат өткөнү айтылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Ооганстанда былтыр маңзат өндүрүү 61 пайызга өскөн. Талдоочулар мунун Кыргызстанга кесепети оор болушу ыктымал экени айтып чыгышты.

Серепчи Кадыр Маликовдун баамында, Кыргызстанда бизнестин бул түрү саясат менен чырмалышып кеткен, ошондуктан күрөшүү кыйын болот:

- Наркобизнес Кыргызстандын көмүскө экономикасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул жактан түшкөн акчаны дайыма айрым саясатчылар колдонуп келген жана колдонуп жатат. Муну өлкө жетекчилери деле бир канча жолу айтып, белгилеп жүрүшөт. Азыркы күндө Кыргызстанга маңзат менен күрөш оңой болбойт. Азыр экономика кризиске малынбаса да, жакшы эмес абалда турат. Биздин өлкө маңзат ташылчу жол гана болбостон, маңзатты колдонгон өлкөгө айланып баратат. Маңзат ташуудан бир топ акча Кыргызстанда калат. Кандай үйлөр салынып, кандай машиналарды тээп жүргөндөрдү карап талдасаңар, айрым адамдарда көмүскө кирешелери бар экенин көрүүгө болот. Көмүскө экономикада наркобизнестин негизги үлүшү бар.

Кыргызстанда маңзат сатып алектенгендердин арасында таасирлүү, ал тургай органда иштегендер да бар экени айтыла жүрөт.

Былтыр ИИМ маңзат боюнча мурун органда иштеп кеткен чиндүү кызматкер тутулганын жарыялаган. Жыл аяктап жатканда “Кыргыз руху” гезитинин кожоюну Арстанбек Дүйшөмбиев, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун бир тууганы маңзат менен колго түшкөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG