Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ЖККУ тынчтык орнотуу операцияларына аралашат


ЖККУ машыгуусундагы кыргыз аскерлери. Токмоктогу Ала-Тоо машыгуу жайы, 29-июль, 2014.
ЖККУ машыгуусундагы кыргыз аскерлери. Токмоктогу Ала-Тоо машыгуу жайы, 29-июль, 2014.

Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун "Майтарылгыс боордоштук" аттуу машыгуусу башталды.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму аталган уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы чек ара жаңжалдарында мунаса табууга көмөктөшөт. Бул тууралуу ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа 29-июлда Токмоктогу Ала-Тоо аскер полигонунда башталган “Майтарылгыс боордоштук” машыгуусунда билдирди. Анда уюмдун алкагында аскерий кызматташтыкты чыңдоо, тынчтыкты орнотуу операцияларын бирге өткөрүүгө даяр тууруу маанилүүлүгү да белгиленди.

Машыгуунун мааниси эмнеде?

ЖККУнун алкагында мындай машыгуу үчүнчү ирээт өтүп жатат. Бул жолу алты мамлекеттен 700дөй өкүл чогулду.

ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа мындан ары уюм тынчтык орнотуу операцияларына аралаша баштаарын айтты:

- ЖККУнун алкагында тынчтык орнотуу ишмердигин өнүктүрүү өтө зарыл болуп турат. Бул багытта биз Бириккен улуттар уюму менен чогуу кызматташып жатабыз. Алар бардык жолугушууларда ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрү өз аймактарында эле эмес, уюмга мүчө эмес мамлекеттерге да барууга даяр болушуна өтө кызыкдар экенин билдирип келишет. Бул машыгууда тынчтык орнотуу операциясындагы негизги багыттар боюнча, тактап айтканда гуманитардык жүктөрдү кайтаруу жана коштоп баруу, өзгөчө маанилүү объекттерди коргоо, тосмо бекеттерди кайтаруу, туткундарды куткаруу өңдү элементтерди көрсөтүшөт.

29-июлда башталган машыгуу 1-августта аяктамакчы. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев учурда улуттук, аймактык жана эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайларга токтолду:

- Ооганстандан коалициялык күчтөр чыккандан кийин ар кандай максатты көздөгөн эл аралык террористтер жандана баштаары белгилүү. Биз ошого даяр болушубуз керек. Өзүбүз эле эмес, ЖККУ менен бирге даярдык көрүшүбүз керек. Ушундай коркунучтардан чогуу коргонуп, чогуу мизин кайтаруу үчүн мындай машыгуулар маанилүү.

Чек ара чатагында ЖККУ ортомчу боло алабы?

Буга чейин ЖККУ ага мүчө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара боюнча жаңжалда ортомчу болуп бере алабы, же жокпу деген суроо жаралып келген. Бордюжа журналисттер менен жолугушууда бул боюнча комментарий берип өттү. Анын пикиринде, эки өлкөнүн чек ара маселесине эл аралык уюм, же болбосо үчүнчү тарап кийлигише албайт, бирок мунаса табууга көмөктөшүүгө болот:

- Мындай татаал маселеде бири-бирине ыңгайлуу шартта эки өлкө гана мунасага келе алат. Эң башкысы - Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку жетекчилигинин эрки менен мунаса табуу процесси жүрүп жатат. Анан калса жогорку деңгээлде тирешүү жок. Бул маселени тынч жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү жана ага аракет бар. Бул жараянга ЖККУ, же дагы башка эл аралык уюмдар, же үчүнчү тарап кийлигишпеши керек. Бирок мунасалуу чечимге келүүгө шарт түзүп, көмөктөшө алат. ЖККУ Кыргызстан да, Тажикстан да бул татаал маселеде бири-бирин ынандырган чечимге келишине аракет көргөн жана көрө бермекчи.

Ушул жылдын башында Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жолду курууга байланыштуу кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда куралдуу кагылыш чыккан эле. Бул окуядан кийин Николай Бордюжа оболу Дүйшөмбүдө, андан кийин Бишкекке келип кеткен. Анда чек ара жаңжалын жөнгө салуу жолдору талкууланганы айтылган. Бирок андан бир майнап чыкканы байкалган эмес. Себеби кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар андан кийин деле токтогон жок.

ЖККУ аскердик-саясий уюм катары 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. Өзбекстан болсо уюмдан 2012-жылы чыгып кеткен.

Машыгуудан сүрөт баян, Токмок, 29-июль

XS
SM
MD
LG